Оценить:
 Рейтинг: 0

Мекендин асыл инсаны. Залкардын жылдыздуу элеси

Год написания книги
2021
<< 1 2 3 >>
На страницу:
2 из 3
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Ошол 30-жылдары элет жериндеги жетекчилер эмес, борбордун тегерегиндеги райондогулар да чарбаларды ат минип кыдырыша турган. Ал эми комсомолдук кызматкер т?г?л, орто звенодогу атка минер ыктуусу, азаматтан мыктуусу деле айылдарды ж??-жаландап аралашчу…

Айрыкча жалгыз чыйыр жолду к?ртк? уруп, кар боройлогон боорондуу к?нд?рд?, аптап алсыратып, топурак тозондогон саратанда жол ж?р?? азапка эле турган. Бирок, жа?ы замандын жалын-деми менен жашап, лениндик идеяларды туу туткан жана ?лк?н?н ?н?п-?н?г?ш?н? ?з салымын кошсом деп жан-дили ?р?пк?г?н андагы атуулдар бул кыйынчылыктар убактылуу деп тере? ишенишкен.

Анткени, ошол жылдары ДнепроГЭС, Комсомольск-на-Амуре, Волга-Дон каналы, Магнитогорск, Турксиб темир жолу сыяктуу улуу курулуштардын да?-шоораты д?? болуп, элибизди эмгектеги эрдиктерге шыктандыруу менен жаркыраган келечектин кенен панорамасын тарткан. Учурдун ушундай гиганттарында советтик жаштар чыныгы патриоттукту к?рс?т?п рекорддорду жаратышкан. Ал кезде П. Ангелина, А. Стаханов сыяктуу каармандардын ысымдары граждандык согуштун баатырлары Чапаев, Котовский, Лазо, Буденный, Ворошилов ж. б-лар менен бир катарда айтылып, символго айланган эле. Алардын ?лг?с?нд? жаш муун тарбияланып, ошол идиалдарды тууроого аракеттенишкен. Ал эми П. Морозов, К. Жакыпов сыяктуу эр- ж?р?к жеткинчектердин мисалында кызыл жагоочандардын кыйла мууну тарбияланган. Арийне, ар-бир доор ?з де?гээлине жараша идеологиясын жаратып, ага коомдун м?ч?л?р?н?н табынуусун к?зд?йт.

Ал эми кечээ эле кош эз??н?н астында болуп, кара?гылык каптаган улуу империянын булу?-бурчтарындагы калктар ?ч?н ынкылап ша?кар тоону жарып, жарык чачкан жанар тоо сыяктангандыгы айныксыз чындык!

Андыктан кечээ эле кедей-кембагалды ?лс?-кунсуз, сатса-пулсуз санаган бай-манапты мындай кой, башын барандачылык санабаган басмачылардын зордук-зомбулугун башынан кечирген элге Октябрдин тартуулаган азаттыгы, камкордугу алмустактан э?сегенге барабар эле. Ушундан улам Совет бийлигин колдобогон, аны алкабаган жана ага так кызмат кылууну ?з насилине насыяттабаган ата-энелер да калбаган. Ал эми мындай ?г?т-насыяттын от тутантуучусу, шамдалын к?т?р?п ж?р??ч?с? дал Кулназарга окшогон баштамалдары болушкан. Жаш муундардын жан дилинде патриоттук сезимди ойготуп, оборун оболотуш ?ч?н аларды суктандырган жана шыктандырган идеалдарды табыш керек болгон. Бул ?ч?н бай материалды турмуштун ?з? берип жаткан. Башкасын айтпаганда да Н. Островскийдин «Болот кантип курчуду» аттуу белгил?? чыгармасы миллиондорду эрдикке с?р?г?н, эркин кайрактай б?л?г?н урунчу усулу сыяктуу болгон. Дээринен зирек улан учкун алдында ж?р?п, рухий д?йн?с?н байытууга, учурдун талабына жараша татыктуу тарбиячы болууга умтулган. Басса-турса анын колунан китеп деген т?шч? эмес. Ушундан улам ал Фрунзе менен Ташкент тарапка каттаган тааныштары болсо, китеп алып кел??н? ?т?н? турган. Адам умтулса, эмнелерге жетерин, алдыга кандай улуу максат коюп жашоо керектигин туюнтуу менен ?з? туу туткан принциптер тууралуу кабардар кылган. Мындай жолугушуулардан со? ?сп?р?мд?рд? а?-сезим ойгонуп, ?лк? ишине жараган жаран болуу ж?н?нд? ойлор обор кызытпай койбогон…

Дегинкиси, Кулназар ?з курбалдаштарынын жан-д?йн?с?н жакшы бил?? менен аларды айтканына ынандырып, артынан эрчит?? ?ч?н жекече ?лг? к?рс?т?? да керектигин т?ш?нг?н. Ошондон улам ал мектепте эле жала? окуунун отличниги болуу менен чектелбестен пионер вожатыйлык милдетти да аткарып, комсомол уюмуна жардам берген, анын тапшырмаларын так аткарган. Анын окуу отличниктеринин республикалык майрамына Куршап ЛЖС райкому жана райОНОсу тарабынан делегат катары жиберилиши да бул с?з?б?зд? ырастайт.

Комсомолдун райкомунда бир жыл иштегенден кийин Кулназар билимин ?рк?нд?т?п, бир адистик алууну чечет. Анын бул оюн бюро м?ч?л?р? кубатташып, э? жакшы м?н?зд?м? менен жолдомо беришет. /Бул жерде Кулназар аганын ашкере тыкандыгын ашкерелеген бир фактыны айта кет?? абзел. Ал 1934-ж. «КП» газетасына жарыяланган кабардан баштап, ?м?р?н?н акырына чейин ?з?н? тиешел?? болгон документтердин бардыгынын к?ч?рм?с?н тиркеп ж?рг?н. Андыктан бул инсандын таржымалына, басып ?тк?н байсалдуу жолуна кызыккан изилд??ч?л?р ар кыл архивдерди а?тарып убараланбастан андан калган ушул мураска эле кайрылса, каалаган маалыматын табар эле/.

Кыязы айыл жеринде туулуп-?с?п, дыйкан эмгегинин баркын билгендиктен жана анын акыбетин кайтаруу ?ч?н агротехниканын мааниси канчалык экендигине к?з? жеткендиктен ал Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарындагы Коммунисттик айыл чарба мектебин тандап алган. Кийин институтка жерпай болгон бул окуу жайында ошол кездеги кыргыздын алгачкы айыл чарба адистери сабак беришкен. Алардан кийин ири илимпоздор ?с?п чыккандыгы да белгил??. Мектеп аталганы менен мында ке?ири профилдеги жана жеткилен билими бар адистерди даярдашкан. Тубаса талантынанбы, же турмуштук тажрыйбасынанбы – ошондой мектеп, техникумдарды 30-жылдары аяктагандардын жогорку окуу жайларын б?тк?н адистерден кыйла артыкчылык кыларына биз к?п эле к?б? болгонбуз.

Акыйкатында ошолор эл чарбасынын бардык тармактарында командир болушуп, ?лк?н? «буурусундан атомдук куралы бар державага» чейин к?т?р?п чыгышпадыбы! Бул революциялык дух жараткан к?ж?рм?н к?р?шт?н жемиши жана же?иши болгон. Ар-бир атуул андан Мекени эмне к?т?п жаткандыгын айкын т?ш?нг?нд? жана жоопкерчилигин сезгенде ар-кандай бийиктик алына тургандыгын тарых ?з? к?рс?тт?. Кечээ эле кара?гылыктын касабасы каптап жаткан кыргыз жергесинде кооперациялар, коллективд?? чарбалар уюштурулуп анын артыкчылыгына баарынын к?з? жете баштады. Ошол учурда «Кадрлар бардыгын чечет» деген ураандын ташталышы да бекеринен эмес эле. Дал ушул жаатта каатчылык болгондуктан жаштарда жа?ы адистерди даярдоого ?зг?ч? маани берилген. Партия менен ?км?тт?н мындай камкордугуна жаштар да татыктуу жооп бер??г? астейдилден умтулушкан.

Буга да Кулназардын окуу жайындагы жетишкен ийгиликтери куб?. Ал элеттен келдим дегендей чочуркабай эле курсташтарынын ичинде бат эле лидерликти ээлеп, комсомол уюмунун жетекчилеринин бирине айланат. Анын демилгеси менен ?зд?к к?рк?м чыгармачылык ийрими уюштурулуп, ага ?н?рг? шыктуу кыз-уландар тартылат. Бул топтун катышуучулары даярдаган оюн-зоокторго курсанттар гана эмес, шаардык к?р??ч?л?р да агылып келип, эстетикалык зор канагат алышкан. Алардын аябагандай жактырган номерлери да боло турган. Анын бири Кулназардын аткарган «Андижан полькасы» эле. Музыканын ыргагына шай келип, дене-боюнун с??г? жоктой ийкемд?? кыймылдашы жана образды ачуу ?ч?н улам жа?ы пластикалык каражаттар тапкандыгы к?р??ч?л?рд? та? калтырган. Сахнада бат перектей чимирилген жигитке каректер кадалып, ал арбап алгандай таасир калтырган. Бий аяктагандан со? бир саамга дымый т?шк?н зал ичи анан шатырата кол чаап, аткаруучуну кайра-кайра чакырышкан. Мында Кулназардын искусствосу менен номердин оригиналдуулугу да роль ойнобой койбогон. Албетте, аны атайын сахнага даярдаган балетмейстер деле болгон эмес. Балким ошол 30-жылдары Орто Азия ч?лк?м?н? атагы аябай д?? болгон сахна жылдыздары Тамараханум менен Халима Насырованы, Сара Ишантураеваны Ош, же ?зг?н гастролдорунун учурунда к?р?п калды бекен деген ой келет. Анан да кыргыз-?збек калктары кылымдардан бери аймакта аралаш жашап келгендиктен алардын той-тамашасы, оюн-зоогу дамайым бирге ?тк?р?лг?н. Ушулардын баары Кулназардын сергек сезимине таасир бербей койбогон чыгар…

Кулназар ага ?з?н?н «коронный номерин» ?м?р?н?н акырына чейин улан кезиндегиндей эле шаасына келтире аткарып, далай ?лп?т, кечелердин к?рк?н чыгарып ж?рд?. Анын эл алдына чыгып, эбелектей каалгып ж?рг?н?н к?р?п, анын 70—80 жаш курагында экендигин унутуп койчубуз. Мындай шайдооттукту, ?з?н дамайым «формада» кармоону ал башынан ?н?к?тк? айлантып алган окшобойбу. Анын ?м?рл?к жубайы Бахарниса эже мындай деп эскерет:

– «Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт» дегендей байым бар нерсени чегинен чыкпай чен-?лч?м? менен жасай турган. Тамакты да чактап жеп, кийимди да аспиеттеп кие турган. Бир сапар мартабалуу бир инсандын маареке-тоюнда т?рд? олтурган бизге ?зг?ч? сый к?рс?т?л?п, аксакал катары анын алдындагы табакка д?рд?й?м тамак-аштан ?й? беришти. Ал адатынча насиптен ооз тийип, додолонгон ар-кыл ысылыктын чети оюлбаган бойдон турду. Муну к?рг?н доктор М. Мамакеев тээ четте олтурган баласын жетелеп келип, – аксакалдын кешигин калтырбай жегин! —деп калды. Мен айттым: – Бу бир??л?рд?н арткан-?ртк?н?н оозу?арга албагыла дейси?ер медиктер. Анан иничекти ?з???з баштап келип, жегин деп атканы?ыз кандай?

– Мындай кишинин кешигин талашып жегендин ?з? сооп болот. Ылайым, бул балага да Кулназар аганыкыдай жашты жана башты, ырыс менен бакты, атак менен да?кты буюрса экен деп ырым кылып жатпаймынбы! – дейт белгил?? хирург.

Турмуштук ушул кичинекей эпизоддон эле Кулназар аганы замандаштары кандайча кадырлап-сыйлаганды к?р?н?п турбайбы. Анан дагы эже мындайча эскерет: – Балдарыбыз атасын апталап, жумалап к?рб?й да калыша турган. Анткени, ал та? ?р?н-бара?да ?йд?н ишке кетет да тээ т?н бир оокумда чаалагып-чарчап келет. Ошол кезде «сталинский занятиялар» бар эле. Жумуштан кийин сабакка катышып, кеч келчу эле. Бул убактарда балдар уктап жаткан болот. Ал эми мен аял катары ?йр?л?п т?ш?п, ?ст?-башын тазаламакка далбас урам. Ошондо да бутундагы хром ?т?г? жалтырап тап-таза болот. Анткени, ал кончуна дамайым баркыт бут с?ртк?ч салып ж?р? турган. Анын бул тыкандыгы студенттик кезинен да, офицерлик кызматынан да адат болуп калса керек…

Ырас, к?п эле жарандардын аскердик милдетти ?т?п ж?рг?нд?г?с? менен карапайым турмуштагысын, же кечээ чо? болуп ж?рг?нд?г?с? менен андан «шыпырылгандан» кийинкисин к?р?п, к???л иренжий т?шк?н учурларыбыз болгон. Ал эми ?м?р бою сынын да, сырын да кетирбей Кулназар ага сыяктуу таптагы куш ??д?? ж?р?? ?ч?н бекем эрк эмнени талап кыла алмакчы?

Кыйла жылдары илгери ири илимий чордонубузга орошон окумуштууну жетекчи кылып дайындашты. Анын ачкан жа?ылыгына, эмгегине эч кимдин деле коер дооматы жок болгону менен ?ст?-башына кароону эзели капарына албаган жан экен. Кыязы жубайы да ?з?н? жараша шалдакы неме болсо керек, жака-жукасын агартып, шым-к?йн?г?н ?т?кт?п койгонго да жарабайт экен. Адатта илим чордону интеллигенциянын ?к?лд?р?н?н турат эмеспи. ?з жетекчисинин кебете-кешпирин ж?н?к?йл?кт?н белгиси катары санаган кызматкерлер да галстук тагынганды таштап, маданият дегенге маани беришпей калат. Ошону байкаган кыраакы секретарь айым ?т?к алып келип, жетекчинин к?йн?г?н, шымын тыкыйтат, анан галстук байлайт. Бул к?н сайын кайталангандыктан мындай ?зг?р?? коллективге бат эле байкалат. Акыры жетекчинин ?з? да кызматка кынтыксыз жасанып кел??г? к?н?п келет…

Бул мисалды биз бекеринен келтирген жокпуз. Кулназар аганын куштай сын-сыпатын жазбай ж?р?ш?, тактыгы жана убадага бектиги ар дайым башкаларга ?з таасирин тийгизбей койбогон. Ардуулук, намыск?йл?к жана мээнеткечтик андагы табигый касиеттер болгондуктан ?м?р бою ?з парасатына доо кетирбей беделин бийик сактоого жан ?р?г?нд?г? бар жашоосунан к?р?н?т. Мунун к?б?с? катары аталган айыл чарба мектебин кызыл диплом менен аяктагандыгын эле айтууга болот. Ошентип, кечээ эле туулуп-?ск?н айылы Алганын буртулдаган ча?ын кечип, келечек ж?н?нд? керемет кыялдарга баткан балакай боз уландыкка жетип, эми айыл чарба адистигин алып олтурат.

Айныксыз, анын бул ийгилиги тууган-туушкандарды гана эмес, бир кездеги кесиптештерин, ?зг?ч? райондук жетекчилерин ?т? кубандырат. Анткени, ошо кезде мындай кадрлар к?зг? с?рт?рг? жок болуп турган эле да. Бирок, аны башка майдан к?т?п турган. Анткени, жашы боюнча аскер курагына жетип, баралына келген жигитти аялдатпай эле армияга алышат. Бул 1939-жылдын ноябрь айы. Ошондо СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш ж?р?п, ал алдыда болчу чо? алааматтан аян бергенсиген. Граждандык согушта, басмачы бандалары менен айыгышкан салгылашууларда же?ишге жетип, бейпил турмушка ?тк?н жана ?лк?н?н баралынча ?с?п-?н?г??с?н?н баар таба баштаган элде патриоттук сезим к?чт?? эле. Бул жаатта тарбиялык иштер да кызуу ж?р?п, ар-бир атуул Ата-Мекенге берилгендик духунда от кечкен ?тк?р болоттой чыныктырылып жаткан эле.

Апасы Г?лкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал ?ч к?н ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы т?г?лг?н ке? ?р??н, д?гд?р?м бак-шактуу Куршаб жана к?з?нд? суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын к?зд?н кечирген жигит, албетте, аеолуу д?йн?с?н калтырып баратканга ичи ачышып, ж?р?г? зырпылдаганы менен ?з?н? тагылган жооптуу парзды ?т?г?н? бараткандыгы ?ч?н кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан ?т?й тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми ?р?пк?тк?н, жан дилин ?з курагына м?н?зд?? романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын ?ст?н? катарына ?т?? о?ойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал ?з?н эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо ?ч?н ал эми алдыдагы зор сыноолордон ?т?ш? керек эле. Бул баягы к?н?п калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде ?т?т, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт – табышмак эле…

Мына, ал белгиленген саатында кандай команда болсо, аткарууга шайма-шай болуп, аскер комиссариатынын алдындагы пунктка келди. Мында ?з?н?н курагындагы жалоондой жаштар чогулуп жатышкан экен. Алар эрте?кисинен бейкапар шатыра-шатман т?ш?п, к??улд?р? куунак. Алардын бул маанайын огобетер козутуп, ша?дуу музыка аба жарып жа?ырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эрте? согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чо? эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, ж?р?шт?рд? жер д??г?р?т? аткарыша турган. ?лк?н?н экономикалык к?ч-кубатын чы?доо, техникалык жактан ?н?кт?р?? менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых ?з? тастыктабадыбы!

Болочок жоокерлерди бир-бири менен таанышып, бака-шака т?ш?п жатканда аскерге чакырылгандарды каттоодон ?тк?рг?н? команда берилди. Жигиттердин биринин да бул тандоодон калгысы келбей фамилиясынын аталышын чыдамсыздык менен к?т?т. Ж?р?г? алеп-жалеп болуп турганда: «Ташиев Кулназар!» деген ?кт?м ?н угулду. Аскердик тартиптен да сабак алган Кулназар: «Мен» деп, турган жеринен бир кадам алга басты. Комиссар ага бир тигиле карады да «Жарайсы?» дегендей башын ийкеп, кийинки жолдоштун ысымын атады…

Каттоо аяктагандан кийин чакырылгандар катарга тизилип, комиссардын баштоосу менен шаардын четиндеги темир жол станциясын к?зд?й бет алышты. Котолоп турган узатуучулар кол булгашып, айрымдары к?з жашын чуурутуп, уулдарга ак-жол, амандык тил?? менен батасын берип кала берди. Бул 1939-жылдын к?рд??лд?? к?з? аяктап калган ноябрь айы эле. К?нд?н табы кайтып, жалбырактар к?б?л?п т?ш?п, эртели-кеч чыкыроон болуп калган. Ат?г?л кара жамгыр кээде карга айланып, тээ алыстагы аска-тоолор ак олпок жамынышкан. Тууган жердин ушул керемет кезин к?зд?н кечирип келаткан азаматтар: «Кош, Ала-Тоо уулу? кетти майданга!» дегендей уйгу-туйгу ойлор менен алек эле.

Акыйкатында да аларды ар кандай тагдыр к?т?п турбады беле. Башкасын айтпаганда да бул сапар Кулназар ?ч?н алты жылдан ашык м??н?тк? созуларын ал билген да эмес, уктаса т?ш?н? да кирбеген. Балким Совет-Фин согушу саал мурдарак башталганда ал батыш жакка кетет беле – азыр алар т?шк?н товарняк Чыгышты к?зд?й бет алып баратты. Баягы карта аркылуу гана аттарын билчу Новосибирск, Барнаул, Иркутск деген шаарларды, Байкал к?л?н, Сибирь тайгасын эми ?з к?з? менен к?р?п, карагайлары к?к тиреген калы? токойлорго ажайыптана карады. Ырасында эле бекеринен: «Широка страна моя родная» деп ырдалып ж?рб?г?н экен. Мына, кез-кезде гана ж?рг?нч? поездерге жол берип, кошумча аялдамаларга чыга калганы болбосо, аскерге чакырылгандарды тартып бараткан товарняк ?ч аптадан бери эле «жан ?р?п» жаткансыйт. Антсе да узун жолдун учуна качан чыгаары белгисиздей. Бирок, Ата-Мекендин ыйык ж?г?н аркалаган жаштардын ындыны ?чп?й кандай кыйынчылык болсо да к?т?р??г? кайыл сыяктанат. Ануст?нд? алардын духун ч?кт?рб?? ?ч?н ошо ташпишт?? жолдо тарбиялык иштерди ж?рг?зч? активисттер да дайындалган эле. Алардын бири Кулназар болчу. Ал ошол опуртал кезе?деги д?йн?л?к ал-абалды т?ш?нд?р?п, элибиздин, айрыкча ?лк?н? коргоо вазиапасы ж?кт?лг?н жалын ж?р?к жаштардын алдында кандай милдеттер тургандыгын жеткиликт?? баяндачу. Анын «лекцияларынан» со? ар-кандай суроолор жаап, аларга ынандырарлык жооп тапканга Кулназар аракеттенч?.

Ал эми 22 к?нд?н кийин эшалон Ыраака Чыгыштагы Комсомольск шаарына келип жетет. Ошол тушта мамлекетибиз ?з?н?н батыштагы гана чектерин бекемдебестен, чыгыш жагын да чы?доо боюнча ири чараларды к?р?п жаткан экен. Анткени, фашисттик Германиянын Италия, Япония сыяктуу ?з ?н?кт?шт?р? менен д?йн? картасын жа?ыча т?з?? боюнча арам ойлорун ишке ашыруу максатында тымызын макулдашууларды ж?рг?з?п жаткандыгы тууралу чалгындык маалыматтар Рихард Зорге сыяктуу чалгынчылардан белгил?? болгон. Мындай карасанатайлык басып алуулардын башкы багыты акыры Советтер Союзуна бурулары к?м?н санатпаган. Анткени, бул улуу державанын социалисттик системадагы бирден-бир ?лк? болуп, жер шарындагы адамзат ?ч?н ал э?сеген азаттык менен эркиндиктин символу катары саналышы капиталисттик д?йн?д?г? т?б?лд?рд?, баарыдан мурда шовинисттик д??г?рс??су ашынып, арий кандуулардын артыкчылыгын жардаган Гитлердин канын кайнаткан. ?з?н?н куралдуу к?чт?р?н СССРдин чек арасына такай жайгаштыруу максатында реваншизм менен агрессиянин уусу делбеленткен фашисттер 1939-ж. I-сентябринде Польшага кол салып, аны бат эле басып алган.

Мындан со? Бельгия, Дания, Норвегия, Нидерланд, Люксембург сыяктуу мамлекеттер гитлерчилердин ойрон салуусуна кабылып, таманы астында калып жатты. Мунун баары Экинчи д?йн?л?к согуштун башталышынан аян бербей койгон эмес. Ошол эле учурда япондук милитаристтер Азиянын чыгышындагы ?лк?л?рг? коркунуч туудуруп, куралдуу к?чт?р?н чек араларга жакын жайгаштырып жаткан. Мындай кырдаалда беймаралчылык ?к?м с?р?п, ?лк? тагдырына кайдигер кароо алдын-ала эле багынып бер??г? барабар болмок. Ушундан улам ке? мекендин бардык аймагында к?ж?рм?н к?р?ш к?ч алып, эмгек майданында к?нд?п-т?нд?п кажарлуу аракеттер ж?рг?з?л?п жаткан. ?зг?ч? согуштук техниканы ?рк?нд?т??, аскердик кадрларды учурдун талабына жараша даярдоо, чек араларды бекемд?? жана жа?ы ?нд?р?ш жайларын ишке киргиз?? зор мааниге ээ болчу.

Албетте, бул иштер жа?ыдан гана башталып олтурган эмес эле. Октябрь революциясын жасаган улуу эл пролетариат диктатурасын орнотуу ?ч?н кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечирбеди. ?лк?н? азырак аягына тургузуп алыш ?ч?н биз к?нкор кейпин кийген Брест келишимин т?з??г? аргасыз болгонбуз. Аяк-башты жыя электе Антанта ар-тараптан ач б?р?д?й катылып кирип, бейпил элге б?л?к салып жатты. Ал аз келгенсип, Колчак, Юденич, Врангелдин бандалары ?лк? ичинде кызыл кыргын салып, ачарчылык алсыраткан элди алааматка кабылтты. Ушундай м?шк?л да каарман элди м??к?р?тп?й же?ишти сактап калуу ?ч?н ар-кандай курмандыкка баруудан баш тарттырбаган. Эрдик, эрк менен ажаандыгы ашынган жексурлар жексенделип, жа?ы турмуштун жерпайы бекемделе берген.

Анын арымдуу ж?р?ш? эл жышырак жайгашкан борбордук райондордон гана байкалбастан алыскы т?нд?кт? да, Ыраакы чыгышта да ке?ири кулач жайган. Кулназар курбалдаштары менен бир айга жакын убакыттын ичинде ара? жеткен ушул эле Комсомольс-на-Амуре шаары 1932-жылы советтик жаштардын демилгеси менен курулуп, мурдагы бирин-серин кепелери бар кыштак таанылгыстай болуп ?зг?рг?н эле. Анда кара металлургия, кеме куруу, машина куруу жана азык-т?л?к ?нд?р?? боюнча ири ишканаларды т?пт?? жумуштары башталып жаткан. Мунун бардыгы келечекте куралдуу к?чт?р?б?зд?? керект?? жарак-жабдыктар менен камсыз кылууга тартылмак.

Ошондон улам аскерге чакырылгандардын жа?ы тобу кеме куруу жана авияциялык заводдун анда кызуу ж?р?п жаткан иштерине чегерилген. Бирок, бул тоолуктар к?нг?н кош айдоо, эгин оруп-жыйноо, мал багуу сыяктуу жумуштардан айырмаланып, атайын адистикти да талап кылган. Андыктан атайын ачылган курстарда бетонщик, арматурщик, жыгач усталык, электриктик кесиптерге даярдоо милдети алдыда турган. Кулназар Ыраакы Чыгыш аскер командованиесинин карамагындагы курулуш корпусунун 2-полкунун 4-ротасына б?л?н?т. Арийне, мында адистикти ?йр?т?? менен жоокердин саясий а?-сезимий к?т?р??г?, дене-тарбия жагынан бакыбат болушуна жана Мекенге берилгендик духунда тарбияланышына зор к???л б?л?нг?н.

Башка жааттардагыдай эле ал кезде аскердик кадрларга да каатчылык болуп, ?зг?ч? саясий жетекчилер жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койбогон. Мунун ж?й?л?? себеттери бар эле. Анткени, кечээ эле кара?гылык каптаган Россия империясынын калкы жапатырмак кат таанууга ?тк?н? менен али сабатсыздык толук жоюлуп б?т? элек кез. Анда азыркыдай аскердик адистерди даярдаган окуу жайларынан, академиялардан бири да жок. Кенже офицерлик составды, аскер техникасы боюнча адистерди атайын гана курстарда даярдоого туура келген. Ошондон улам билим де?гээли, саясий даярдыгы жана д?йн?г? к?з карашы жагынан ?з курбалдаштарынан алда канча ?йд? турган Кулназар даярдык иштериндеги ?кс?кт?рг? кайдигер карабай кээде маселени кырынан коюп, командирлердин карбаластаткан суроолорду берет. Анда к?ч баштачу к?р??г?н?н барлыгын байкаган жоокер жолдоштору да, полктун жетекчилери да ызаттоо менен мамиле жасап калышат. К?п ?тп?й эле аны ротанын партиялык уюмунун катчысы кылып шайлашат. Белгилей кетч? жагдай-аскердик б?л?кт?р эч качан бир улуттун ?к?лд?р?н?н гана турган эмес. Аларды чыныгы интернационализм духунда бир жакадан баш, бир же?ден кол чыгаргандай тарбиялоо ?т? жооптуу иш болгон. Мында курулай ?нд??, чакырык менен майнап чыкпасын жакшы т?ш?нг?н Кулназар ар бир жоокердин ж?р?г?н? ачкыч таап, анын адамдык беделин сыйлоо жана ар-намысын ойготуу аркылуу ийгиликке жет??г? аракеттенген. Бул максатта ал кимдин кайсы улуттун ?к?л? экендигине жана ал элдин сыймыктана туу туткан кандай асыл мурастары, д??л?тт?ру бар экендигине маани берген. Буга бир эле мисал, ал саясий жетекчи кезинде Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин баш катчысы болуп турган эл акыны А. Токомбаевге кат аркылуу кайрылып\орус тилинде\, калемгерлердин жоокерлерди мекенди с?й??г?, ага канын-жанын аябай кызмат кылууга ?нд?г?н жана эрдиктерге шыктандырган жа?ы чыгармаларды жаратуусун каалоо менен тыгыз байланышта болуу тилегин билдирген. Бул катты алгандыгын жана архивинде сакталуу да экендигин залкар акын к?з? тир?? кезинде айткандыгын да эске салмакчыбыз…

Жоокерлердин к?ж?рм?н даярдыгын арттыруу жаатындагы алгылыктуу аракеттери текке кетпей ал саясий жетекчи болгон рота полк боюнча бардык к?рс?тк?чт?р? жагынан озуп чыгат. Кулназардын уюштуруучулук ж?нд?м?н?, ?з милдетин ?т? жоопкерчилик менен аткаргандыгына жогору баа бер?? менен командачылык аны полктун саясий жетекчисинин жардамчылыгына дайындайт. Жаш коммунист мындай ишенимге жекече аракеттеринин аркасында жетишкендиги кадиксиз. Ошону менен ал ?з беделин к?т?рб?ст?н жердештерине карата башкалардын мамиле, к?з карашын ?зг?рт??г? да жетишкен. Аны менен ала-тоолук каруулаштары сыймыктанышкан. Алардын ичинен татыктууларын дайыма партиянын катарына ?тк?р??г? кам к?р?п, ?з? шефкке алган.

Ал 1939-жылдан 1941-жылдын июнь айына чейин Ыраакы Чыгыш фронтунун ?зг?ч? курулуш корпусунун 2-полкунда аткыч, андан со? аткыч-минометчик катары кызмат ?т?г?н со? 15-Армиянын кенже лейтенанттарды даярдоо курсуна жиберилип, аны ийгиликт?? аяктайт. Башынан тырышчактык, намыск?йл?к м?н?зд?? Куршабдын кулуну кай жерде болбосун ?з?н э? мыкты жагынан к?рс?т??г? жетишип, камчы салдырбаган.

Ошол учурда акын Жоомарт: «Ааламдын ж?з?н ?рт чалып, кара жалын каптады» деп жазгандай фашисттик баскынчылар тынчтык ж?н?нд?г? келишимди кыянатчылык менен бузушуп, т?н жамынган каракчыдай Мекенибизге капыстан кол салып кирип келди. Гитлердин т?зг?н “ Барбарос» планы боюнча «блицкриг» чабуулу менен ?лк?н? 1-2 айдын ичинде б?т?нд?й басып алып, советтик куралдуу к?чт?рд?? тып-тыйпыл кылмак жана жарандарыбызды кулга айлантмак. Бул ашынган жырткычтык кылмышты ишке ашырууда Венгрия, Италия, Румыния жана Финляндия фашисттик Германиянын союздаштары болушкан. Согуш башталар алдында душман СССРдин чек арасына такай 5,5 млн. аскерин, 3700 танкасын, 5000 самолетун жайгаштырган болчу. Ал эми Советтик Армиянын аларга каршылык к?рс?тч? 2,9 млн. аскери, 1800 оор жана орто танкасы, жа?ы конструкциядагы 1540 самолету гана даярдалган эле.

Ушул фактылардан к?р?нг?нд?й фашисттик куралдуу к?чт?р бардык жагынан дээрлик биздикинен эки эсеге артыкчылык кылган. Текеберлиги жана ажаандыгы ашынган Гитлер шаар, кыштактарыбызды ойрон кылып, анда жашаган жазыксыз жарандарыбызды ?й-жайы менен к?лг? айлантмакчы болгон. Бирок, ал кандуу кармашта тагдырды чеч??ч? башкы факторго —советтик элдин биримдигине, болоттон бек достугуна маани берген эмес экен. Капыстан кол салуу менен чак-чалекей т?ш?р?п, Уралга чейин кара кыяндай каптап ?тм?кч? болгон анын арам ою ишке ашпастыгын Брест чебин коргоочулардын айыгышкан каршылыгы эле айгинелеген. Бул чептин эр ж?р?к жоокерлери к?чт?н те? эместигине, курал-жарактын жетишсиздигине карабай кара таандай каптаган душманга багынып берген эмес. Фашисттер бир айдан ашык убакыт бою алалбаган чептин коргоочулары чыныгы баатырлыктын ?лг?с?н к?рс?т?шк?н жана э? акыры минутага чейин салгылашып, курман болушкан.

Дал ушундай алаамат башталып, кызыл кан кыяндай агып, адам жайрап, калаалар кыйрап жатканда кимдин каны кайнабай коймок?! Кулназар сыяктуу адистик алып калган, атайын даярдыгы бар катардагы жоокерлер эмес, орто мектепти жа?ыдан эле б?тк?н улан-кыздарыбыз Ата мекенди коргоп, азезилдей жутунуп келаткан к?ркоо душманга каршы аттанганы аскер комисариаттарына агылып келип жатышпадыбы! Арийне, алардын к?б?н?н жашы 18ге толуп да толо элек болчу. Ал эми баралына келип, бакандай к?ч берч? азаматтар биринчи кезекте аскерге чакырылышты. Мында учкун алды болуп, Кулназардын агалары Маматалы менен Мураталы канкорлор менен кандуу кармашка аттанат. Жетиден калган ?ч ч?рп?с?н?н аягына туруп, адам катарына кошулганына каниет кылып, Жаратканга ичинен ыраазычылыгын ми? кайталап ж?рг?н Г?лкан апанын башына кандай кайгыны ?йг?нд?г?н айтуу кажетсиз. Алардын бири алыскы Чыгышта, каралдысынын эк??с? эми Батыштагы кандуу казатка аттанып жатат. Эрезеге жетип, эл к?з?н? к?р?н?п, эми убайын берер уулдарынан айрылган эне тамында м??к?р?п жалгыз калбадыбы. Аларга Эгем кандай тагдырды жазгандыгы ба белгисиз. Казактын белгил?? акыны Кадыр Мырзалиев дал ушундай армандуу, аянычтуу аялзатынын абалын мындайча чагылдырган:

Кум астында, суу астында бир каала?,

Тарых биздин к?п табышмак, шыргала?.

Ш?г?р деди? жоодон кийин кой?у?да,

Аман калса, он бала?дан бир бала?!…

Ошо он баладан бири жок, ат?г?л эртели-кеч эркелетип, э?сесин кандырыр неберелерин к?р? электе согуш деген аты? ?чк?р т?л?кт?р?н ?з айлампасына тартып албадыбы. Кайриет, эненен уулдары коен ж?р?кт?к кылып, ко?улга башын катпай азаматтык парзын ?т?п, Ата мекендин азезилден коргогону кетишти. Мындай ?й-б?л?л?р б?тк?л ?лк? боюнча бирди-жарым эмес эле. Ал эми Батышта болсо, миллиондогон калкы бар калаалардын да к?л? сапырылып, андагы тургундар укум-тукуму менен жексенделип жатпады беле.

Ушул тушта Кулназар да айыгышкан салгылаштар ж?р?п жаткан Батыш фронтуна жибер?? ?т?нч? жазылган рапортун аскер башчыларына берген эле. Бирок ага япондук милитаристтер колтубугуздан коркунуч туудуруп, б?г?н-эрте? эле кол салганы турганын эске алуу менен чек араны огобетер чы?дап, к?ж?рм?н даярдыкты к?ч?т?? башкы милдет болуп тургандыгына байланыштуу сиз ?з посту?узда керексиз деген жоопту алган. Аскер тартиби ошондой- буйрукка каяша келтир??г? болбойт…

Кулназар аганын ?м?р?нд? эки арманы болгон. Анын бири-ошо эл башына оор м?шк?л т?шк?н кезенде да ?й-б?л?н?н аскерге жарактуу м?ч?л?р? мобилизацияланып жатканда кары-карта?дардын кашында караан болушу ?ч?н бирин калтыруу каралган. Мунун астарында кыязы тукум б?т?нд?й курут болуп кетпесин деген саясат да жаткан окшойт. Ошонтсе да мындай законго таянып, Кулназар аскер комиссариатына кайрылган эмес. Анда балким алаамат алоосунда дарек-дайыны билинбей кеткен агасы Мураталы энесине каралашып, аман калат беле…

Экинчи арманы, согуштан эки бутун жоготуп келген агасы Маматалыдан да айрылып, бир туугундан бир?? жок жалгыз калгандагысы. Элде: «Бир кем д?йн?» деп айтылыт. Пенде дегени? акыл-эси болсо, байлыкка да, бийликке да тунган кезинде, же башына иш т?ш?п, кыйын-кысталыш к?нд? жакын адамынын жанында болушун тилейт эмеспи. Кулназардын зоболосу ?с?п, да?кы элине угулуп, д?йн?с? т?г?л сыяктанган кезинде ага эки бир туугуны гана жетишпей турган. Арийне, бул к?р?нг?нг? айтыла бербеген сыр эле…

Баса, Маматалы агасынын башынан кечиргендерин баяндап олтурсак, андан А. Мересьев сыяктуу эле бир каармандын чыгары к?м?н санатпайт. Ал аскерге чакырылары менен эле айыгышкан салгалашуулар ж?р?п жаткан фронттун алды?кы чегине ж?н?т?лг?н. Ар-намысы ?ч?н Ала-Тоолук жигит касташкан жоодон тайманбай чабуул, кармаштарда чыныгы эрдиктин ?лг?с?н к?рс?т??г? аракеттенген. Ан?ст?н? бир тууган иниси Советтик Армиянын офицери болгондуктан анын атына акарат с?з тийгизб??г?, Ташиевдердин туусун бийик кармоого милдетт??м?н деп эсептеген. Ошондой кайрымсыз кагылыштардын биринде ага капыстан ок жа?ылып, жарадар болот. Госпиталда бир жарым ай дарыланган со? аны ден соолугун калыбына келтиргени айылына жиберишет. Бирок, ал сакайгандан кийин кайрадан медкомиссиянын текшер??с?н?н ?т??г? тийиш болгон.

Туулуп- ?ск?н айылынын абасы, аздектеген апасынын колунан жасалган аруу даам дабага айланып, Маматалынын жараты бат эле айыгат. Кубанычы койнуна батпаган эне эрте?кини да ойлонуп, ушул учурда уулун ?йл?п коюну чечет. Кайнакай Гулкан апа кандай болот, кандай жок – эгерде медер туткан туну кайрадан кан майданга аттанса, артында туяк калса деген аруу ниет, ?з?лб?г?н ?м?тт? болгон чыгар, Анда айылдагы кыздар да кылкылдап жетилип калган эмес беле. Эр азамат дегенден чо? калаалар эмес, элет жери да кол жууп калган кез. Бийкечтерди чекесинен чертип ал.

Энесинин жактырган кызы уулунун да к??ул?н? толуп, жакшы ниет-жарым ырыс деп айтылгандай кечиктирилбей эле келин ?йг? т?ш?т. Ушундай кубанычтуу к?нд? к?рс?м деп к?кс?г?н эненин тилеги кабыл болуп, колдон келген той-топурун ?тк?р?т. Эки жаш баш кошкондон ?ч к?н аттабай Маматалынын артынан медкомиссияга чакыруу кагазы келет. Эми аны менен коштошуу к?й?т?н э?е менен жа?ы гана б?л? катарына кирген жаш колуктусу да тартып калат. Жоокердин ?м?р?нд?г? э? маанил?? окуя ж?н?нд? аскеркомдогулар билбеди, же ал ?з? ооз ачкан эмеспи-айтор, айт-буйтка келтирбей эле фронтко ж?н?т?л?т…

Ташиев фронттогу достору менен.

Кайран жигит кандай каргашага кабыларын анда кайдан билсин. Кайрадан туулган жери менен коштошуп, ?рт-жалын алоолонуп, жер к?й?п жаткан кан майданга аттанат. Бул учурда душмандын мизи кайтарылып, к?ч биздикилер тарапка оой баштаган. Анткен менен жаралуу жырткычтай жаалданган фашисттер СССРди багынтуудан ?м?тт?р?н ?з?шк?н эмес. Ал эми алгачкы же?иштерге шыктанган биздин эр ж?р?к жоокерлер кашык каны калгыча салгылашып, Ата мекенге азаттык алып кел?? ?ч?н жандарын аяшпаган. Мына ошол кызыл кыргын аралаган кыраандардын ичинде Маматалы да катардан калбай ж?рг?н. Андагы алааматта аталардын, агалардын тарткан азап-тозоктордун с?з менен айтып бер??г? эч кимдин кудурети жетпейт…

Чыкыроон, к??д?й т?н жана да бурганак буюктурган фронттук жолдор. Жаалданган каршылык к?рс?т??с?н? карабай таш-талканы чыгып жаткан душмандын колу улам артка чегин??г? аргасыз. Баскынчылардан бошотулбаган элдер да, жерлер да алдыдагы уч-кыйырсыз мейкиндикте, же Батыш тарапта жатат. Ал ?ч?н али да канча миллион айыпсыз адамдардын каны т?г?л?ш? керек, азаптуу жолдор басылышы керек. Азыр мына кыйраган кыштак четинде адамдык жылуу мээрдин коломтосу. Бир караганда бул чоочун. Бирок чоочунбу? Деги эле чоочун б?л? менен ?з??д?к?н б?лг?н араны таап болмокпу. Жоокерлер жер кепеге дарбый кирип, а?-та? болгон энеге:– Амансызбы, апаке! – деп эле чалгыдан чабылгандай чырм эткени сулап калышат.

Ал эми ойгонушканда к?п учурда ?ст?-башына эски-уску бирдеме жабылып, чулгоолору жуулуп, кургатылганын, анан да эненин мээримд?? ?н?н угушкан. Ошондо жашоо ажайып к?р?н?п, к?ч-кубат кошулгандай болгон. Кайрадан катаал жол, кан майдан. Ар бир жоокер ?з энеси менен коштошкондой: – Ыракмат, энеке! Кайрадан к?р?шк?нч?! – деп астейдилден айткан. Фронттук арпалыштын алгачкы к?нд?р?н?н баштап, позициядан позицияга, б?л?кт?н б?л?кк? ?т?п ж?рг?нд? да жоокерлер энелик мээрим, камкордукту туюп турушкан. Буга тылдан белек катары барган мээлей, малакай, моюн орогуч, токулган байпак, тамеки баштык сыяктуу буюмдар да кайнакай кирч?.
<< 1 2 3 >>
На страницу:
2 из 3