Оценить:
 Рейтинг: 0

Адамдын Асыл ойлору

Год написания книги
2020
<< 1 ... 111 112 113 114 115 116 117 118 119 ... 135 >>
На страницу:
115 из 135
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Бир??н?н тынч жашоосуна жана эркиндигине кол сала к?рб?г?л?! Аларды бактысыз жанга айлантып салбагыла!.

* * *

Д?йн?н?н ?т? кенендигин жана адамдын ички д?йн?с?н тере? тааныбай туруп, даанышман жанга айлана албайсы?ар!

* * *

А? сезими?ди к?н сайын ?н?кт?р?п турса?, ал сага келген ийгиликтин бир т?р?.

* * *

Ар бир балада жакшы тарбия болсун ошентип ал к?нд? жакшылыкты ?йр?н?п отуруп, чыныгы адам болуп чыга келсин.

* * *

Чыгармачыл адам эркин куш болуш керек. Эркин куш болуп, учуп ж?р?п чыныгы чыгармаларды жарата алат.

* * *

Улгайган кезде адамга акыл топтолот. Ошол чогултуп алган нерсе менен адам бай болот.

* * *

Майда адамдарда деле ачыла элек улуу идеялар болот.

Алар ошол жа?ылыгын турмушка ашыра албай калган.

* * *

Биз поэзия дейбиз. Ошол поэзия биздин ж?р?г?б?зг? бир сонун ?лб?с нерсени чачып жатпайбы. Ошону менен жан д?йн?б?з байып жатпайбы.

* * *

Токтоолук, талант, эмгек сапар бараткан ?ч жолочу. Ошол ?ч?? баарыбызга мага, сага, башкага да керек.

* * *

?м?т оорулуу адамга с?зс?з керек. Эч нерсеге багынбаган оорчулукту ошол жакшы ?м?т же?ип ишеничти жаратат.

* * *

Адам ар бир к?нд? жакшылыкты жаратып турса, ал ?з? ?ч?н ?лб?ст?кт? т?з?п жаткан болот.

* * *

Сен эл ж?н?нд? ойлонсо?, эл сен ж?н?нд? ойлонот.

Ошондо ортодо те? салмактуулук сакталат.

* * *

Таза тунук с?й??г?, эмгекке, талантка б?л?нг?нд?р, к?нд? кайра жа?ыдан т?р?л?ш? м?мк?н.

* * *

Наадандыкты наадан пенделер жаратат. Антпесе, наадан пенде болбой калган жатпайбы.

* * *

Ар бир адам ?з?нч? д?йн?. Эгер ал эмгекчил, сабаттуу, маданияттуу, сылык адам болсо, ал ?з?нч? кооз, кол жеткис, бизди та?данткан ?м?р -д?йн?.

* * *

Дайыма китеп окуп турса? жакшы. Жан д?йн??? жакшылыкты ачып турган болосу? же жакшылык менен жолугуп турган болосу?.

* * *

Башы?а кайгы келгенде же?илбе! Акыл эс токтоолугу?а таян ошондо бир жаркын иш жаралган турат.

* * *

?з ?й?? сенин кичинекей мекени?. Анда ошол жерде тынчтык, эмгек, бакубаттык уялап алган болсун.

* * *

Жаратылыш деле к?н сайын жа?ырып туруш керек. Демек адам баласынын жан д?йн?с? деле к?н сайын жакшылыкка карай жа?ырып турушу керек. Антпесе ?м?рд? жа?ылык аралабай эски бойдон калган турат..

* * *

?лг?н адамдар эрдикке умтулбайт, бирок алардын тир??с?нд? жасап кеткен эрдигие тир?? адамдар таянат.

* * *

Э? мыкты романды жазган адам журтуна жазуучу эле эмес, эли ?ч?н ?лб?с баатырдыкты жаратып кеткен адам.

* * *

?м?т- келечек. Биз ошол келечекке карай аттанган жолочубуз. ?м?т адамды алыстан чакырып турган шам чырак. Адамдар ошол шам чыракка жетели деп, жанын сабап бараткан жолочуларбыз.

* * *

Ийгилик бул сенин иши?дин жыйынтыгы. Ошол ийгиликке эл кубанса, анда ал биз к?тк?н ?м?тт?н жыйынтыгы.

* * *

?т?п кеткен жакшы окуяны баары эстешет. Ошол жакшы окуянын кайра дагы жаралбай калганы арман.

Сен батаар к?нд? карап ойлон. Сен к?нд? карап эмнени ойлоносу?? К?н сыяктуу адамдарга жарык нур чачкан кези? болду беле? Же такыр болгон жок беле? Ошону ойлон.
<< 1 ... 111 112 113 114 115 116 117 118 119 ... 135 >>
На страницу:
115 из 135

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров