Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 2 3 4 5 6 ... 64 >>
На страницу:
2 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Жараткан кудайым, ыйык канаттуум, элдин тагдырын сага, сени кудайга тапшырдым, эл ?ч?н байлык бийликке алданбаган журттун камын ойлогон тайманбас эр азаматка коно к?р. Оомийин!– деп бата жолдоп безилдеп жиберди. Элдин баары ага кошулуп алаканын жайып кудайдан ырайым к?тт?.

Мээрим т?кк?н жай айы эле. Ыйык к?н тийип айлана жаркып, кемелине келип турган болчу. К?к?кт?р ?н безеп сайрап, булбул куш чарчаганча к?? чалып жаткан эле. Кыраан обого к?т?р?л?п, алдыга сызып канат кагып баратты. Журттун баары элейе кайкыган куш караанды карашат. Шумкар тээ обого бийик учуп жогорулап, ?ст? тегерек бийик жерге барып конду. Ошол жерден тээ алда кайдагы ч?лк?м алаканга салгандай даана к?р?н?п турчу эле.

Калк айтты:

– Ажо бул аскага чыгып душманга д?рб? салчу.

– Кароол чоку.

– Бул жерден келаткан душман даана к?р?н?т.

– Жарыктык канаттуум ээсин эстеп жатат. Тили жок куш болсо да баатырча келаткан жоону карап турат. Касиетт? кароол чоку. Те?ирим жараткан. Тоодой алтынга бергис чоку. Бизге кыраандык жолун айтып жатат.

– Бул жерден келаткан душман даана к?р?н?т.

– Арбакты сыйлап баш урууда.

Куш ал жерден айлана учуп м?н?шк?рд?н колуна келип конду.

Эл м?н?шк?рг?:

– Шумкарды дагы учур кимге барып коноор экен- деп, жаалашты.

Жанагы аксакал куштун башын, канат куйругун дагы бир жолу эркелете сылап кушту учурду. Бул жолу кыраан эч кимге конбой бийик карагайдын башына барып жай алды. Кайран кыраан билген экен. Ошол карагайдын т?б?н? ажо мезгил-мезгили менен элди чогултуп, курултай ?тк?р?п турчу. Эл эмне сунуш айтса, ажо ошол ойуду аткарган. Журт муну эстеп:

– Касиетт?? канаттуу элди сыйлап жатат.

М?н?шк?р ?ч?нч? жолу кушту учурду. Канаттуу асманда ?ч ирет кайкып ?н сала чыгышка карай сызды.

Журт:

– Ал келбейт.

– Кайра-кайра учура берип, бизге таарынды окшойт.

– Ал биз менен коштошуп алыс сапарга кетти.

Эл жакшылыкты ?мт?т?пкуш кеткен тарапты колун серепчилеп карап турушту. Журт бул к?р?н?шт? жаманчылыкка жоруп жатты.

К?к асман. Куштан дарек жок. Муштумдай боз караан учуп отуруп, асманга си?ип кеткен экен. Эл кушту жоктоп, асманды карап, баарынан айрылгансып, жалдырап туруп калышты. Бир чай кайнамдай убак ?тт? шекилденет. Алыстаасмандан бир караан элге карай сызып келаткандай болду.

–Тетиги эмне?

– Бир караан сабалай учуп келатат.

– К?з? курч балдар карагылачы?

– Карарган ал эмне?

– К?к кажыр го.

– Тарп жору окшойт.

– Таз карабы.

– Алар чо? болот жай учат. Мунун учушу ылдам экен. Бир кыраан куш го.

– Бул чабыты алыска кеткен алгыр кыраан куш тура.

– Жарыктык зыпылдай учуп келатат.

– Ой, ажонун кырааны.

– Ал кайра келатат.

– Кудай берди.

– Айланайын жаратканым колдой к?р!

– Эмне кылаар экен карап туралы.

– Бизден кетпесе экен. Те?ирим бизге кубат берсин!

– Деги эли-журтубуз аман болсо экен.

Куштун учушу ?т? олуттуу тыянак чечимге келгендей сыяктанат. Жаныбар болсо да, б?тк?л элдин ой-санаасын билип тургандай сезилет. Эл кушту к?р?п шыктана т?шт?. Канча кылса да мекен, эл жерин коргогон адамдан калган асыл таберик эмеспи. Асманда к??лд?г?н дабыш эшилип, жаныбар шукшурула келип ылдыйлап, анан жай каалгый абада айланып далайга туруп алды.

Журт:

– Кыраан бизди таштаган эмес экен.

– Ал таштабайт, эст?? жаныбар эмеспи.

– Акылдуу жаныбарды жаратканым колдой к?р!

– Ал бизди ташташы м?мк?н эмес. Ал баарыбыздын колдоочубуз. Канаттуу жай акырын каалгып келип, Рыс деген кишинин о? ийнине жай жайгаша конуп кайраттуу ша?шып жиберди. Баары с?й?н? кубанып, кыйкырып жатышты. Эл токтоно албай термелет. Каны кызуу жаштар д?рг?п дуулдап турушту. Эми Рыс деген ким эле? Майданга жибербей эл аны катып калган. ?з? жарды ?й-б?л?д?н. Андай баатырлар эл ичинде ?т? аз т?р?л?п, ?т? аз чыгат. Ал калыс журттун тагдырын ойлогон, акылман, чечен, баатыр адам болчу. Колунда болгон байлыгын жардыларга таратып бере берген. Эл башкарууга ылайыктуу адам болуп, жаштайынан эле калайыктын камын к?зд?п ж?рг?н. Ал каза болгон ажонун биринчи ке?ешчиси болуп, ажо баардык ишин анын айтканындай аткарып ж?рг?н.

Карыялар:

– Кагылайын журт эл тербип турганда багыбыз бар экен.

– Рыска конду туура конду.

– Ал элдин камын ойлогон баатыр жигит.

– Мындай баатырларыбыз турганда элибиз кор болбойт.

– ?з кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору коёт.
<< 1 2 3 4 5 6 ... 64 >>
На страницу:
2 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров