О?ой эле же?илбесин
Чынгыз хан да т?ш?нд?.
Же?илбес Супатай баатырды
Кыргызга каршы аттанты.
Эки к?н болду чо? кармаш,
Чо? дайранын жээгинде.
Акыры кыргыз же?илди,
Алы кетип бул кезде.
Калаймынды баштаган,
Карышкырдай Чынгыз хан.
Эчен эрди жайлаган,
Эркин кыргыз азайган.
Эне Сайда согушта,
Колго т?шк?н Ырыскан.
Жана дагы к?п жоокерлер,
Турткун болуп кармалган.
Эл башчысы Ырысканды,
Чынгыз ханга алып келишти,
Берсин деп ошол жазаны,
Калбасын деп арманы.
Чынгыз хан анда каарланды:
«Айтканын аткарбады
Монголдорго к?ч бер??г?,
Такыр эле жарабады.
Буйрам сага мындай жазаны».
Желмогуз кан ичеер,
Ошол кезде Чынгыз хан
Ырыскандын тир??л?й
Кармап белин сындырып,
Киши жегич иттерине,
Салмак болчу ыргытып.
Бардан жок болуп,
Жоктон бар болуп,
Арбак да?кы козголуп,
Ошол турган топ ичинде,
Адамдын к?з?н тез буучу
Жайчы менен сыйкырчы,
К?з? ачыктар бар экен,
Кордолбогон чагы экен.
Ата баба арбагы,
Аларды коргоп кеткен экен.
Бардан жок болду,
Арбак да?кы козголду,
Эл бийлеген адамдар,
Ырыскан жана башкалар,
Баардык ошол туткундар,
Чынгыз ханга карматпай,
Жаратканым ?з? сактай,
Кайып болуп жоголду.
Дал ушундай иш болду.