Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 51 52 53 54 55 56 57 58 59 ... 64 >>
На страницу:
55 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Орус менен ойнобогула, орус менен ойногон ай балтасын ала ж?р?ш керек.

– Орус менен ойногондор от менен ойногон болот.

Дагы Чыныбай с?з?н улады:

– Орустар ?з жерин ке?ейтип келатат. Булар к?п эл экен. Биздей эмес отурукташкан эл экен.

Ошондо бир??:

–Кайран Арстанбек бекер айткан эмес тура. К?з? ачыктык менен айткан экен. Ал жамактатып улуу акындын казалын айтып жиберди.

Карылардан кеп уктум,

Уламадан с?з уктум.

Ошондо ??? сары, к?з? к?к,

Орус чыгат деди эле,

Алда кудай капыр ай,

Алматыдан аттанып,

Орус келе жатыр ай.

Отургандардын баардыгы Арстанбектин к?з? ачык алдыны к?р? билген кыраакылыгына тан берип ойлонуп отуруп калышты. С?зд? кайра Чыныбай улады:

– Туугандар Ак Суу элин к?ч?р??н? оёзной маселе карады.

– Кокуй алат кайда к?ч?б?з.

– Баарыбыз бугу тукумунан элек го.

– Бул жерде эл к?п болуп жатпайбы, алыста биздин Ат Башы, Ак Талаа деген жерлерибиз турат. Алсейит, Тынымсейит аталардын тукумдары ошол жерлерге барып жайлана берсе болот. Кийин ал жерди башка уруулар ээлеп алышса жер калбай калат.

Ошондо бир карыя кеп салды:

– Айланайын Чыныбай антпе, сен касиетт?? адамдын уулусу?, туугандан-тууган, уруктан урук б?л?н?п эми кайда самсыйбыз. Бул жерди м?й?зд?? энебиздин буту баскан. К?лд? ушул жагы биздин ?й?б?з. ?з?? деле ушул жакта т?р?л?п, ушул жерде ?ск?н эле?. Сен биздин уулубуз эле? го.

– Т?ш?н?п жатам урматтуу карыя, муну мен айткан жерим жок,тетиги мас болуп жаткан оёзнойго кайрылып к?рг?л?. Бул чечимди ал да чыгарган жок, бул чечим тигил эле Россиянан т?пк?р?н?н келген чечим экен. Ак падышанын чечими тура. Аны булар дагы ?зг?рт? албайт. Ушунча чо? жерди орус каратып келатат. Казактарды улуу ж?з, орто ж?з, кич?? ж?з деген хандыктар бар эмеспи, алар дагы орустарга баш ийди, чукулда буларга Кокон хандыгы да баш ийиет. Орустар к?п к?пт?г?н салса дагы же?ип алат. Алар улуу эл.

Бир?? айтып калды.

– Улуу эл болгону ?ч?н арак ичип алып боз ?йд? чалкасынан т?ш?п уктап жатпайбы.

Баары к?л?п калышты.

Аялдар:

– Ж?р?г?б?з т?шт? оёзной биздин боз ?йд? атмай болду. Боз ?йд?г? бизди атып салабы,-деп корктук, атып салса ?лм?кп?з.

– Жок ал боз ?йд? эмес, боз ?йд?н чыккан т?т?нд? атам,– деди. Баардыгы к?л?п калышты.

– Т?т?нд? дагы атмак беле келесоо го.

– Оёзной ачендик такайды атып таштады. Эми анын этин жейт окшойт. Булар чочконун этин жешет дейт.

Баары к?л?п жатышты.

– Мунун аты эшек аткан ачендик болду.

Баары кайра к?л?п калышты.

– Абайлап с?йл?г?л? такайдай кылып бизди атып салбасын. Ортону к?лк? аралады.

– Оёзной ичсе ичкендей ичет, атса такай аткандай атат, ырдаса ырдагандай ырдайт. Эт жесе казы, картаны жегендей жейт.

Кайрадан к?лк?.

Ми?жашар карыя сурап калды:

– Чынабай балам, тагыраак айтча биз к?ч?п кетсек бул жерге кимдер келет.

– Орустар кристиандар келип бул жерге жай алат.

– Алар деле биздей адамбы?

– ???, т?з? ушулардай эле эл.

Орустар дегенде баарынын денеси ичиркене т?шт?. Алар келсе эле буларга кордук к?рс?т?т деген сезим пайда болду. Аларга кор болбой кетели дегендер чыкты.

Бир карыя айтып калды:

– Айланайын Чыныбай балам, жердеги тамакка асмандагы куш конот экен. Оёзнойго бирдеме берсек бизди ушул жерге калтырабы?

– Аны мен с?йл?ш?п к?р?й?н, бул маселени ал ?з? чечет,– деп жоопкерчиликти ал ?з?н?н алыстатты.

Эртеси оёзной тилмеч аркылуу эл менен а?гемелешти. Ошол эле к?н? алар Караколго кайтышты. Чыныбай оёзнойго элдин оюун айтыптыр ал макул болгон экен. Муну кайра Тилекматтын уулу карыяга айтып берди.

Эки-?ч карыя эл менен ке?ешти. Эл да макул болуп колунда бар байлыгын чогултуп, карыялар Караколго келишти. Алар Чыныбайга жолукту. Чыныбай карыялардын к?з?нч? чогулткан байлыкты оёзнойго берет.

Бирок туура бир жыл ?тк?нд?н кийин пристав жасоолдору менен элге келип, Тынымсейит, Алсейиттин балдарын жана башкаларды бул жерден к?чк?л? деп кыйнай башташат. Баягы берген параны эл алдатып жиберген экен. Кыдыктар То?го, Арыкмырза тукумдары К?тмалдыга, Тынымсейит уруусу Нарынга карай самсып ж?н?шт?. Эл башка жерге барыш ?ч?н жер чалып киришти.

Ошол жылы жаз эрте келип, жердин то?у кар аралаш ала-шалбырт менен эрип, саздарда калы? туман к?т?р?л?, алгачкы к?к ч?п кылтая баштады. К?к ч?п кууган кой, токтоло жайылып, малдын денеси к?н нуруна жылынып, маг?р?м жер ?ст?н? жылуулук толук келди. Ошентип бул жылкы жаз да башталып, жаз менен адамдар ?з жашоосун улантып жатты.

Чыныбай иштен с?р?л?п кетпейин деп, бийликтеги орус адамдарына кошомат кылып жатты. Ал орустардын жерден к?ч?р?? саясатын жактап кала берди. Чыныбай к?лд?г? Белек менен Те?избайдын тукумдарына келип, «Бул жерден Нарын, Ат Башы жакка к?чк?л?» деп айтты. Бул уруулар алдуу, к?чт?? адамдар эле.

– Эй, сен ушул жердин адамы болсо?, биз дагы ушул жердин адамыбыз, тийишсе? энчи?и алып каласы?,-деп мойнобой коюушту.
<< 1 ... 51 52 53 54 55 56 57 58 59 ... 64 >>
На страницу:
55 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров