
Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны

Алакандагы жүрөк
Залкар инсандын өмүр баяны
Сапарбаев Нурмамат
Редактор Замирбек Осоров
© Сапарбаев Нурмамат, 2025
ISBN 978-5-0068-8487-8
Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Алакандагы жүрөк
(ЖҮРӨККӨ КАРАЙ КЕТКЕН ЖОЛ)
Акман, Ак-Баш айылдары. Балалыктын эстен кеткис жылдары
Күн батып бара жатса да ысыгы кайтпай үп болуп, адамдын демин буулуктурат. Пешененсинен аккан терлерин жеңи менен аарчый Алишер Акмандагы «Саякбайдын дөңүнө» чыгып, кетменине таяна, кызарып батып бара жаткан күнгө карап ойго батты. «Эх, ошондо апама жакшы түшүндүргөндө, ал мени түшүнүп, учкучтардын окуусуна кете бергенимде, азыркыга окшоп бул жерде пахта сугарбастан, булуттарды аралай учуп жүрмөк элем да».
Тартынбай кирет эмгекке,
Түрүнүп иштеп, билекти.
Абдан бир сулуу деп жүрөм.
Айдарканова Жибекти – деген созолонгон обон анын ойун бузуп жиберди.
Караса дөңдүн алдында кетменин желкесине салган жигит бул аалам менен иши жок өзүнчө бакытка чүмүп келатыптыр.
Анын ырын уккан Алишердин ичи тарып кеткенсиди. Анын көзүнө бөлөсү экиге бөлүнүп өрүлгөн узун чачтарын артына таштап, баскан сайын гүлдүү көйнөгү желбирей талаадагы гүлдөрдү керимсел жел ыргалткандай, ийининдеги баканга суу көтөрүп келе жаткан ботокөз Жибек элестей түштү. Бул сезим ага биринчи жолу сезилди, мурда мындай сезим анда болгон эмес эле.
Кийинки күндөрү кандай өткөнү билинбеди. Колдору кетмендин сабында болгону менен, ойлору асмандап учуп, бирде Жибек менен болсо, бирде бул сезимин бөлөсүнө кантип билдирсем деп жолдорун издейт. Көңүлү чөгүп ишке көңүлү келбейт. Күн ысып, суу коюп жаткан талаанын четиндеги талды көздөй басты. Бир нече күндөн бери түнкүсүн уктай албай, эзилип калган денеси көлөкөгө киргенде уйкуга тартып кетти. Канча уктаганын билбейт, бир маалда «эй, Алишер! Сууң жеп кетиптир го, кечке уктай бересиңби?» – деген үндөн чочуп ойгонду. Ордунан турса, келбети келишкен атты минип, орус шапкени маңдайына түшүрө кийген, Базар-Коргон менен Көк-Арт аймактарына Гажир ууру деген ат менен белгилүү болгон киши атынын жалына өбөктөп аны карап туруптур. Анын аты менен ыйлап жаткан балдарын «Гажир ууру келетат. Азыр сени алып кетет!» – деп сооротушчу экен деп элдин айткандарын эстеди. Жаш балдар эмнеге алып кетерин түшүнүшчү эмес, бирок анын атын укканда ыйлагандары тып басылып калчу.
– Эмне түнү менен пахтага суу коюп чыктыңбы? Кериле уктаганыңа караганда? – деди Гажир.
Алишер көздөрүн укалай, анын суроосуна жооп бербей, анын жанына барып саламдашканы колун сунду.
– Алдыңа төшөнчү салбай эле жатып алыпсың го?
– Күн ысыганынан бир аз жата турайынчы деп кыңкайдым эле, – деди ал анын суроолоруна жооп берип.
– Алдыңа төшөнчү салбай эле жатып алыпсың го? Жердин нымы адамга билинбей өтөт, нары жылаңайлак суу кечип жүрөсүң. Азыр жашсың, күчүң бар. Өзүңдү сыйласаң, эчкинин эски талпагын кошо ала жүр да чарчаганыңда алдыңа салып ал, тери ным өткөрбөйт, – деди Гажир ууру.
– Качанга чейин бойдок жүрөсүң? Үйлөнөйүн деген ойуң барбы? Айылдагы кыздардан карап жатасыңбы? Кимди жактырсаң мага айт. Өзүм куда башчы болуп барам. Мага бирөөсү жок деп көрсүнчү, анан алар менен сүйлөшөм.
– Иштен кол бошобой… – деди Алишер.
– Иштен кол бошобойт деп жүрүп карт бойдок болуп калба. Кийин кыздар чал экен дешип тийбей коюп жүрүшпөсүн, ха-ха! – деп атын моюнга чаап, темине тал-теректерге жамынган айылды көздөй жол тартты.
Гажир уурунун сөздөрү анын ойлоруна дагы бүлүк салды. «Бүгүн кечинде Жибек менен ачык сүйлөшпөсөм болбойт окшойт» – деп ичинен ойго берилип, кетменин ала сугарып жаткан пахта талаасына жөнөдү. Ар күнү талаадан иштен кайтканда «бүгүн айтам» деген ой менен жаткан үйүнө келет. Бир күнү караса гозолордо пахтанын булалары ачылып, жылдын башка мезгили келип калганынан ага кабар бергенсиди. Саратандын ысыгы кетип, кечке маал салкын болуп кандайдыр бир белгисиз кусалык анын жүрөгүн мыжыгылайт. Алишер бөлөсүнө сезимин билдире албай жүргөн күндөрүн ичинен эсептеп көрсө үч айдан ашып кетиптир.
Кечинде иштен келгенде коңшусунун баласы чыбык атын адыраңдата чаап келди.
– Алишер аке, сизди Гажир абам Жумагүл энемдердин үйүнө келсин деп чакырып жатышат. Тез келсин дешти, – деди да чыбык атын камчылай кайра артына чуркап кетти.
«Эмнеге чакырышты экен?» – деп деп ойлоно таза көйнөгүн кийип бөлөсүнүн үйүнө жөнөдү. Эшиктин астындагы супада бейтааныш эки-үч эркек менен аялдар, эжеси, Гажир абасы отуруптур. Ал салам айтып келгенде бардыгы аны карап калышты.
Гажир эч кимге сөз бербей сүйлөп жаткан экен. Сөзүн токтотуп, «аа, келдиңби? Менин жаныма кел,» – деп ордунан копшоло жанынан орун бошотту. «Тойду күздө өткөрөбүз дедиңерби?» – деп тиги адамдарга суроо салды. «Ооба, сиздерден уруксат болсо, уулубуздун башын эки кылып койсокпу дедик эле,» – деди кара сакалчан адам.
– Силер бул кыздын башы бошпу деп бирөө-жарымдан сурадыңарбы? – деди Гажир.
– Элден угуп, башы бош экен дегенинен келгенбиз, – деди тиги киши кайрадан.
– Кимден уктуңар? Атын айткылачы ошол кишинин атын, мен азыр барып сурап келейин, – деп өктөм сүйлөдү Гажир.
Кара сакалчан анын үнүнөн айбыга, үнүн пас чыгарып «элден уктук да» деди.
– Элден уксаңар ошол элдин башы бош кыздарынан алгыла. Биздин кызыбыздын жигити мына бул жигит. Экөө көптөн бери сүйлөшүп жүрүшөт, – деп ал Алишерди көрсөттү. Алишердин эки бети кызарып, жүрөгү дүкүлдөп ордунан тура албай калды.
– Болду, сөз тамам. Келген кадамдарыңарга ыраазы болуп кеткиле, – деп отурган жерине жамбаштап жатып алды. Келген меймандар ордуларынан шаша-буша турушуп, кеткиче шашышты.
– Эй бала, конокторго уят болдук го, кызды сураган жерге бер деген сөз бар го элде? – деди Жумагүл Гажирге карай, коноктор кеткенден кийин анын жанына отуруп.
– Ээ, жеңе, жаштардын көөнүн да караш керек. Мен булардын келерин мурда угуп жүргөм. Алардын баласынын баш терисин байкап көрдүм. Ата-энеси баш болуп терилери тар кишилер экен. Кызың ал жерге барса жыргап кетпейт. Андан көрө мына бу Алишерди эле күйөө бала кылып алалы. Акылы десең акылы, күчү десең күчү, билими десең билими бар. Куулук-шумдугу жок. Нары бизге жат эмес. Туурабы, Алишер? – деп Гажир ага карап койду. Караңгыда эки бети алоолоп күйгөн Алишер анын суроосуна жооп бермек тургай, аба жетпей өзүнчө думугуп бара жатты.
– Пахта терим бүткөндө той кылабыз жеңе, андан көрө бере турган чайыңды бер бизге, Алишер да иштен чарчап келди, чай ичкенден кийин эс алып алсын, – деп Гажир сөздү бүттү дегендей чечим чыгарып койду. Алишер чайды кандай ичкенин деле билбеди. Тезирээк эле кеткиси келип туруп алды.
Дасторконго бата кылып турушкандан кийин Гажир анын чыканагынан кармап, «сен тойдон кам санаба, союшун мен мойнума алам. Андан көрө Жибек экөөң сөздү жакшы бүтүргүлө» -деп, үйүн көздөй кетти.
Алишер Гажир тагасына ичинен ыраазы болду. Эгерде ал болбосо балким Жибектин тагдыры башкача болмокпу, келген жуучуларга тажеңеси макул деп койсо, эмне кылмак эле. «Тез арада Жибек менен сүйлөшүп, тойдун камын эртерээк көрө бериш керек,» -деген таттуу ой менен тагасынын үйүнө келе жатты.
Эртеси дагы көнүмүш адатынча пахта талаасына барды. Катта-Арык тараптан Эрмек бригадир атчан келе жатыптыр.
– Эй, Алишер, бүгүндөн баштап пахтага сууну токтотосуң. Косектер ачыла баштаптыр. Азыр суу койсоң, бул косектер кар жааганга чейин ачылбайт, планды толтура албай калабыз. Андан көрө эртеңден баштап кырманга бар да, эл менен кырманды тегиздеп, шыбайсыңар,» -деди.
Эртеси, күн аркан бою көтөрүлүп калганда эки бөлмөлүү, үстү ылай менен шыбалган шыйпаңга барды. Кетмен менен таза кырылган кырмандын четинде коон-дарыбыздар үйүлүп, Көпай эже чоң самоорго арыктагы суудан алып келип куюп жаткан экен.
– Кел, Алишер. Эрте келипсиң го? – деп койду.
– Биргат кырманды шыбайсыңар дегенинен эрте келдим эже, -деди.
– Кел, чай кайнагыча анча бар, коондун ширининен тандагын. Жеп туралы, – деди Көпай эже.
Алишер үйүлгөн коондорго барганда, коондордун буркураган жыты мурдун өрдөп кетти. Сапсары болгон коонду тандап, мурдуна алып келип жыттап, анын жытын ичине тартты.
– Ушул коон аябай ширин болсо керек, аябай эле жыттуу экен, – деп чайчы эжеге карап, улам-улам жыттап жатты.
– Ме, бычакты ал. Сойчу, көрөлү. Кандай коонду тандаганыңды, – деп Көпай эже аш бычакты ага узатты. – Сойгон коонуң ширин чыкса, үйлөнгөн жарың жакшы чыгып, турмушуңар ушул коондой ширин болот, – деп койду Алишерди сынай карап. Алишердин эки бети алоолоп чыкты. Ичинен ширин чыкса экен деп тиленип жатты. -Коондон алыңыз, эже, – деп узун тилинген коонду ага сунду.
– Биссимилла, – деп Көпай эже коонду бир тиштеп, ой-бой, бул коондун даамы тилиңди ары тартып кетет ко. Шириндигин кара! Абдан ширинин тандаган экенсиң. Колуктуң да сулуу жана турмушуңар да ушул коондой ширин болот экен, – деп коонду ырахаттана жеп кирди.
Көпай эже коондон ооз тийгенден кийин өзүнө тилип, оозуна алып барды. Кыргыздын салтында улуулар тамактан ооз тийгенден кийин гана жаштар ооз тийишиет. Бул атам замандан келе жаткан салт. Чынында мындай ширин коонду көптөн бери биринчи жолу жеп жаткандыктан жана анын «Колуктуң да сулуу жана турмушуңар да ушул коондой ширин болот экен,» дегени коондун даамын дагы ширин кылып жибергенсиди. Ырахаттана жеп кирди. «Азыр Жибек келип ушул коондон жесе, кандай сонун болот эле» деп ойлонуп кетти.
Коонду ортолоп жеп калышканда «Саякбайдын дөңү» жактан бир топ кыздардын шыңкылдаган күлкүлөрү угулду. Баштарына аппак жоолуктарды салынышкан, гүлдүү аппак көйнөктөрдү кийишкен беш-алты кыздын караандары дөңдөн түшүп келе жатышкан экен. Арасында Жибек бар бекен деп аларды карады. Кыздардын ортосунда Жибек келе жатыптыр. Жүрөгү элеп-желеп болуп кетти.
– Эже, дагы тилейинби, коондон? – деп сурады.
– Мен тойдум, үкам, калганын оногу келе жаткан кыздарга калтырып койолу. Алар да коондон жеп бир ырахаттанып алышсын. Оомийин, бактылуу бол айланайын, көптөн бери мындай ширин коон жей элек элем. Жакшы колуктуну насип кылсын, турмушуңар ушул коондой ширин болсун, – деп бата кылды. Алишер да жүзүнө алакандарын тарта бата кылды.
– Айтканыңыз келсин, эже. Бүгүн таңды ширинчилик менен баштадык.
Кыздар шаракташа күлүшүп, тез эле шыйпаңга жетип келишти.
– Охо, коон-дарыбыздар келиптир да, -дедикыздардын бири.
– Коондон жегиле, кыздар, – деди Алишер аларга бир тилимден кесип берип.
– Вах, укмуш ширин го. Нары муздактыгын айтсаңар, – деди экинчиси.
– Коон жесең саар же, саар жебесең заар же дейт беле? – деп коонду жеп жаткан кыздардын бири.– Шириндиги укмуш ко! Коондон дагы сойбойсузбу? Алымсынбай калдык, – деди бою пасыраак кыз тамшана.
Ал коондон узун тилим кылып союп, ар бир кызга узатып жатты. Коондун тилимин Жибекке сунуп жатканда, колдорунун бир аз титирей түшкөнүн өзү байкап калды. Бирөө жарым байкап калбадыбы бекен деп акырын көз кыры менен кыздарды карады. Бардыгы коонду ырахаттана жешип ага көңүл бурбаганын көргөндөн кийин жаны жай алгандай болду. Коонду жеп бүтүшүп, кыздар ага ырахматын айтышып ордуларынан турушту. Алишер ордунан козголуп, «Саякбайдын дөңүн» карады. Дөңдүн үстүндө бешигин башына көтөргөн аял, бешигинин үстүнө кетменин арта салып, бир баласын колунан жетелеп келе жатканын көрдү.
Согуштун бүткөнүнө аз жылдар эле болгон. Жаш баланын кадамы апасынын кадамына жетпей тарткынчактагансыйт. Өзүнүн балалык чагын эстеп кетти. Согуш мезгили, эркектер согушка кетип, айылдарда чал-кемпирлер, аялдар жана балдары менен калышып, талаадагы иштердин баары алардын күчү менен аткарылчу. Апасы менен кошо буудайга суу койгону, пахта чапканы, пахта терген күндөрү көз алдынан элестеп өттү. Буудайды кол орок менен орушуп, боолап, талаанын четиндеги кырманга атка, эшекке кошулган чийнеге жүктөп, боолорун эсепчиге санап өткөрүп берген күндөрү… Чак түштө, күн куйкалап турган учурда моло ташты аттарга, өгүздөргө, эшектерге тарттырып кырманда жайылган буудайларды бастырганы… Чаңкаганда арыктагы сууга баштарын салып жылуу суудан жутуп алышчу. Апасынын шуудураган алакандарын кичинекей алаканы менен кармап алып талааны көздөй жөнөгөнү…
Ассалому алейкум, азаматтар! Силердей азаматтар менен тоону томкорсо болот да, -деген Эрмек биргат согушта ок тийген буту менен чолоңдой басып алардын жанына келди.
– Алишер, ишенген жигитибиз сенсиң. Ылайды чылап, самандан көбүрөөк кошуп, суюгураак кылып бересиң. Кыздар, силер замбар менен ташыйсыңар. Артык менен Кочкор кырманды шыбайсыңар. Ага чейин бардыгыбыз кырманды кетмен менен бир сыйра кырып, тегиздеп чыгабыз. Иштин башы деп ишти шириндик менен баштайлы. Коон-дарыбыздардан алып келгиле. Биринчи дарыбыздан баштайлы, коондон жесек ширин болуп, дарыбызга көңүл чаппай калат. Жашыбыз сен экенсиң, коонду сой, – деп Эрмек биргат Алишерге буйруду.
Кырмандын четине дасторкон салынды. Ошол жерде бирге иштеген кишилердин жашы кичине болгондуктан коонду Алишер союп, дасторкондун четине тилимдерин тизе баштады.
– «Биссимила,» – дешип аксакалдар коондон ала башташты. «Ох, шириндигин. Атаңа баракелде. Кимдин коону?» -дешип, коонду макташа тамшанышып жеп киришти.
– Үтүрдүн коону.
– Коон эгиш боюнча сарттарды артта калтырыптыр го. Биз деле эксек болот экен да коон-дарыбызды. Базарга барып, аларга тапкан пулдарыбызды бергенден көрө,» – деди бою кыдыйган Эргеш.
– —Туугандар, коонду жеп бүттүңөрбү, эми дарыбыздан жейлиби? – деди Эрмек биргат.
– Коонго эле тоюп калдык. Ишти бир жаңсыл кылып бүтүргөндөн кийин, суусаганда жейли, – деди Эргеш. Үтүрдүн дыйканчылыгына «береке берсин» дешип бата кылышты.
Алишер ордунан туруп, багелегин түрүп, кетменди алды да эки күн мурда чыланган ылайды оодара баштады. Самандан кошуп, ылайды бир сыйра тебелеп чыгып, кетмен менен аралаштыра баштады.
– Ылай даяр болду. Замбарларды алып келгиле кыздар, – деп ал кыздарга кайрылды. Кыздар замбарларды эки жагынан кармашып, анын жанына алып келишти. Алишер замбарларды алганда жеңил болсун деп, төрт ташты ар бир замбарга ылайыктап койду да ылайдан замбарларга сала баштады. Иш башталып, кыздардын шаңкылдаган күлкүлөрү, шыйпаңдын айланасын жаңыртып, иш кызуу башталып кетти.
Артык менен Кочкор колдоруна жыгач андабаларди алып, кыздар замбар менен төккөн ылайларды жайып шыбай баштады. Алардын кызуу иштеген иштерин Көпай-чайчынын «чайга келгиле!» -деген үнү токтотту.
Бардыгы ылай болгон колдору менен буттарын жуушуп, өздөрү менен ала келген нандарын жайышып, темир кружкалары менен чоң самоорго барышып, чоргосунан чайды куюп алышып, эркектер өзүнчө, аялдар жана кыздар өзүнчө бөлүнүп отурушуп, бири-бирине азил-тамаша ыргытышып, чай ичип жатышты. Күздүн биринчи күндөрү келсе да жайдын чилдеси өз өкүмүн коё бере элек.
– Чай ичип бүтсөңөр, кырмандын шыбагын бүгүндөн калбай бүтүрө коёлу, үкалар-карындаштар. Күндүн ысыгында кургап калсын. Бир айдан кийин күздүн экинчи айы келет, кандай келерин бир кудай билбесе, эч ким билбейт— деди Эрмек биргат.
Түштөн кийин иш кызуу уланып, кырманды күн кызарып батып баратканда бүтөйүн деп калышты.
– Жигиттер, иштин калганын эркектер бүтүрөбүз, аялдар менен кыздарды үйлөрүнө жөнөтө берели. Нандарын жаап, кир-кокторун жууп алышсын. Аялдар жана кыздар бүгүн жакшы иштедиңер. Ар бириңер бирден коон, бирден дарыбыздан үйлөрүңөргө ала кеткиле, – деди биргат.
Иңир киргенде кырманды шыбап бүтүштү.
– Алишер, дарыбыздардын калгандарын апкел. Үйгө тоюп алып баралы.
Алишер дарыбыздын чоңунан бирди көтөрүп келди. Бычактын учу тийгенде «чарс» этип экиге бөлүнүп калды. «Охо!» дешти баары бир ооздон. Тилимге бөлгөн сайын дарыбыз чартылдап, жыты буркурап чыгып жатты. Дарыбыздан тиштеп, ооздоруна толтурушуп, «бул коондон да ширин экен го» дешип тамшанып жеп жатышты.
– Ар бириң үйлөрүңөргө кетерде бирден коон, бирден дарыбыз алып алгыла. Үйдөгүлөр да ширинчиликтен ооз тийишсин, – деди Эрмек биргат.
– Ырахмат Эрмек ака, -дешти бардыгы. Алишер дагы эл алган коон-дарыбыздан алып, эки колтугуна кысып тагасынын үйүнө жөнөдү. Күн кечтеп караңгы кирди. Ал үйгө кирерде алыстан тамагын кырып үн чыгара, «киши келе жатат» дегендей белги кылды. Тамдын айванына коон менен дарыбызды коюп жатканда апасынын тааныш үнү угулду.
– Айнанайыным, алтыным. Иштен келдиңби? Бери карачы, бетиңден бир жыттап алайынчы, – деп апасы узун бойлуу баласынын башынан тарта, анын эки бетинен, чекесинен жыттап алды. – Кыйла боюң узарып, чоң жигит болуп калыпсың. Түү-түү жамандын көзүнөн, тилдүүнүн сөзүнөн сакта, айнанайын кудай. Балам аман-эсен болсун. Келинчегиң көрүп, неберелеримди этегиме толтуруп, мотураңдатып ээрчитип жүргөнгө кудайым өзүң жеткир. Оомийин, омийин, омийин, – деп алакандарын жая бата кылды.
Алишер апасынын сөздөрүнө жибий, ал да шадылуу колдорун бетине тарта бата кылды.
– Апа, жөө келдиңизби, Ак-Баштан?
– Жок балам, тагаң эшегин токуп берди. «Жол алыс, жөө чарчап каласың» деп болбой жатып эшегин мингизип жөнөттү. Кыдыңдатып бастырып отуруп жетип келдим, түшкө калбай. Тез басат экен.
– Кайсы тарап менен келдиңиз?
– Тескейдин адырын ашып, Караңгы-Колоттон өтө койдум. Биерде минеге турабыз, үйгө кир, – деп апасы ичкериге кирди.
– Тагам менен тажеңем бир жакка кетиштиби? – деди Алишер.
– Коңшулар чайга чакырышты эле. Мени да жүр дешкенинен сени келип калабы деп калып калдым. Дасторконду салып коюп сени күтүп жаттым эле. Курсагың да ачкандыр? – Апасы дасторкондун үстү кайрылган жагын ачып, нан, боорсокторун анын алдына койду.
– Мен чай алып келе койойун, демдеп, чокко койдум эле.
– Апа, мен эле алып келем. Сиз алыс жолдон келдиңиз. Дем алыңыз, – деп Алишер ордунан ыргып туруп, эшикке очокко карай кетти. Очоктун ичинде турган чайнекти сабынан көтөргөндө чайнектин сабынын ысыгы колун күйгузүп жиберди. Жерге коё коюп кармай турган бир нерсени издегенде көзүнө туткуч көрүндү. Туткуч менен көтөрүп, чайнекти үйгө алып кирди.
– Апа, коон, дарыбыз алып келдим эле. Бүгүн кырманды шыбадык. Коонду сойойунбу же дарыбыздыбы?
– Балам, тагаңдар келсин, анан чогуу жейбиз. Алар да сүйүнүп калышсын, сени апкелген коон-дарыбызыңды көрүп.
– Алишер дасторкондун үстүндөгү нанды кармап көрүп, мурдуна алып барды да ырахаттана жыттады. —Апа, сиздин наныңызды сагындым. Аябай ширин бышырасыз. Жыты да укмуш. Канча нан жесем да сиздин жапкан наныңызга окшото албайм.
– Бой жетип калыпсың, уулум, – деп апасы сөздү башка жакка бурду. Үйдү жетинчи чырак үлбүл кылып жарык кылып турат. Алишер улам апасын карап, нандан алып, оозуна салды.
– Каймак да ала келгем. Каймакка малып жесең. Бой жетип калыпсың уулум. Жеңем сен жөнүндө айтты, Жибекти жактырып калыптыр деп. Жуучулар келген экен, Гажир тагаң гапка уста киши эмеспи, куп гана катырыптыр да, аларды жолго салыптыр. Эртең жеңем экөөбүз жуучулукка барып келели.

Атанын кыялдары, ишке аша баштаган ата-баланын кыялдары
Пайгамбарыбыз айтат: Байкагыла, байкагыла адам денесинде бир үзүм эт бар, ошол эт түзөлсө, бүт дене түзөлөт. Ал эт бузулса, бүт дене бузулат. Байкагыла, ал эт адамдын жүрөгү.
Жаздын ортолоп калган учуру. Айылдагы арыктардын боюнда катарынан жыш өскөн жийделердин гүлдөрү ачылып, айлананы буркураган жыты менен «мас» кылып, көңүлдү көтөрөт. Айланада чөптөр жашыл болуп, күндүн жагымдуу табы желкеден өтөт.
– Эне, чай ичели, – деди Жибек бир колуна жаңы жапкан нандарын көтөрүп, билегине дасторконду илип, суу себилип шыпырылган супага дасторконун жайып, үстүнө нандарын коюп кайненесин чайга чакырды. Дасторконду айланта төшөктөрдү кабаттай салып, үйдөн айран куюлган кардим1 менен пиалага куюлган каймакты койду. Демделген чайды алып келип, үч жолу кайтарып, «эне чайды үч жолу кайтарыш керек, биринчисинде деми чыгат, экинчи кайтарганда чайы чыгат, үчүнчү кайтарганда майы чыгат,» – дешип талаадагы келиндер айтып калышат.
– Нанга караңыз, быйыл кунаажыныбыз тууп берип, акка аралашып калдык. Балдар да сүт, айран ичишип өңдөрү да кызарып калышты. Өткөндө биргат ака, «айылда бала бакча ачылып жатат, ошого тарбиячы болуп иште. Мен күйөөң менен сүйлөштүм» деди. Балаңыз келгенде ишти айтсам иштей бер. Талаа-жумуштарынан бир аз да болсо эс алып каласың деди
– Экөөңө жакса иштей бер. Балдар менен болосүң. Мен болсо Калдарбегимди өзүм эле карайм. Экөөбүз айылчылап, тууган-уруктарды кыдырабыз. Менин жанымдан чыкпайт. Апоо, деп чулдураган тили менен көп нерсени айтып берет адамды зериктирбей, – деди кайэнеси.
– Анда, мен биргат акага, энем макул болду деп айтып койойун, – деди Жибек.
– Сенин иштей ала турганыңа көзү жеткенинен айтты да биргат. Согушту көрүп келди. Адамдардын кандай экенин билет. Иштей бер балам. Үй тирилигин өзүм деле жасап коём. Акыл-эс, ал-күч барында иштегенге эмне жетсин. Согуш болбосун. Тынчтык болуп, элдин курсагы ток болсо, заман оңолсо болду. Жаман күндөр да кетет. Ачка калган күндөр да кудай кааласа кетти. Эл кыйла тоюнуп калды. Ушул күндөрүбүздү кудай кут кылсын. Оомийин! – деп бата кылды. —Бүгүн тайенесиникине барып Калдарбегим экөөбүз конок болуп келели. Көптөн бери барып ал-ахыбалдарыбызды сураша элекпиз. Кудагый да небересин сагынып, жол карап жаткандыр.
– Качан кайтасыздар?
– Сагынычтарыбыз таркаганда кайтабыз. Эки кудагый расса2 сүйлөшүп черлерибизди жазып келели. Сен да иштериңди бизге алаксыбай жасап аласың. Жүр, Калдарбегим! Тайэнеңдикине барып конок болуп келели. Сагынычтарыбызды бир таркатып келели.
– Апа, тайэнемдикине барабызбы? Мен да барамынбы? – Кичинекей Калдарбек сүйүнгөндөн так секирип, – Кайсы көйнөгүмдү кийейин? – деп ичкериге чуркады. Кызыл чыттан тигилген көйнөгүн башына сала үйдөн чуркап чыкты. —Апа, көйнөгүм кийилбей жатат, кийгизип койчу? – деди чоң энесине. Шашкалактап алган. – Шипагим3 жок ко? Жыңайлак деле бара берем. Тайэнемдин үйүн билем. Жакын эле. Тез эле барабыз да, аа, апа? – Чоң энеси менен дайыма бирге жүрүп аны «апа» дейт.
– Ой, айнанайын шашкалагым. Кел көйнөгүңдү кийгизейин. Шипагиң каерде экен?
– Таппай койдум, издедим-м, издедим. Эч жерде жок.
Чоң энеси ичкери кирип кетти.
– Чын эле шипагиң көрүнбөйт ко, – деп бир топтон кийин үйдөн чыкты. Колуна көтөргөн түйүнчөгү бар.
– Апа мында эмне бар? – деп сөөмөйү менен түйүнчөктү сайгылап койду.
– Тайэнең үчөөбүз отуруп нават кошулган чайдан ичип, өткөн-кеткенден сүйлөшүп, черлерибизди бир жазып келели уулум, – деп түйүнчөгүн башына коюп, Калдарбекти колунан жетелеп чоң жолго чыкты.
Малдар, ат арабалар каттаган чаң жолдун бышкан топурагы кызыл ашыкты көмөт. Күндүн ысыгынан топурак майдаланып, адамдардын, малдардын издери даана көрүнүп турат.
– Апа, бутум ысып кетти. Жол ысык экен. Ысык болсо да баса берем. Ысык топуракка түшкөн артындагы издерин карап, менин буттарым кичине, сеники чоң экен ээ, апа, – деп божурап сүйлөп келе жатты.
– Айнанайын тилиңден. Тим эле чоң кишилердей сүйлөйсүң. Чоң кишилердин алдында антип көп сүйлөбө. Адамдар ар түрдүү болот. Кээ биринин көзү бар, кээ биринин тилинде мөөрү болот. «Алишердин кичинекей баласы укмуш сүйлөйт» экен деп көздөрү же сөздөрү тийип кетпесин.
– Адамдардын бардыгынын көздөрү бар го? – дейт таң кала Калдарбек.
– Кээ бир адамдар «паланчанын малы жакшы экен» деп карап койсо, малдары өлүп калат же ооруп калат. Андай адамдарды көздүү деп коюшат. Адамдарды да ошентсе алар да ооруп калышат. Сен да адамдардын арасында көп сүйлөбөй жүр, уулум.
– Болуптур апа. Сүйлөбөйм, – Калдарбек топурактын ысыгына чыдабай улам секирип коёт.
– Кел, менин артыма. Көтөрүп алайын, – деп чоң энеси жолдун четин чыгып отура калды.
– Апа, түйүнчөктү мен көтөрүп алайын. Сен мени көтөрүп ал, – деди кыткылыктап.
– Айнанайын, акылыңдан. Мага жардам берейин депсиң да. Бардыгын өзүм эле көтөрөм.
– Түйүнчөктү мен көтөрөм. Мени сен көтөрөсүң.
– Сен кыйналасың да.
– Кыйналбайм. Сенин артыңда кете берем да, апа-оов.
– Кел аркама, канчалык салмагың бар эле сенин, – Калдарбек чоң энесинин аркасына минди.
– Чо-о, деп кичинекей буттары менен чоң энесин теминип койду.
– Туйлабай, жөн отур. Мени кыйнасаң түшүрүп коём.
– Жөн кетем. Сен мени көтөрө аласың да, апа-оов.
Көлмө айылынан чыккан экөө Убакым деген айылга бет алышты. Анча бийик дөндөн чыккандан кийин чоң энеси:
– Кел эми бир аз дем алалы. Күн да ысып кетти. Өх, жаным ай! – деп жерге отуруп,
жонунан Калдарбекти түшүрдү.
– Апа-оов, чарчадыңбы? Мен оор бекемин? Мынабу түйүнчөк оор экен. Мен зорго көтөрүп келдим, – деп түйүнчөктү жанына койду.
– Аз калды, балам. Оногу көрүнгөн бак, таятаңдын үйү.
– Аз калыптыр. Мен өзүм эле басып барам. Кызыл ашыкка жеткен топуракты буту менен жирей Калдарбек чоң энесин ээрчип бара жатты.