
Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны
Чоң жолдо эшек минген чал келе жатты.
– Арыбаңыз байбиче! Күн ысыкта жолго чыгыпсыңар го? Алыскабы?
– Бар болунуз. Жо-ок, мына бул жерге эле. Кудагыйымдыкына балам экөөбүз айылдап келели деп чыкканбыз.
– Жумагүл байбиченикине баратасыңарбы? Кемпирлер бүгүн сүйлөшүп бир чер жазат экенсиңер да? Эшекчен чал Калдарбекке көз салды.
– Уулум, кимдин баласысың? Атаңдын аты ким?
– Алишердин.
– Кайсы Алишер? Жанагы палвандын баласысыңбы? Бул кемпир сенин кимиң болот?
– Апам.
– Сенин апаң Жибек болот.
– Жибек апам, кичинекей апам. Айтолкун апам, чоң апам.
– Азаматсың уулум. Силерди жолдон кармап койдум окшойт. Хы-хы, – деп эшегин теминди.
– Оо, кудагый! Үйдө барсыңарбы? – деп чоң энеси добуш салды.
– Оо, азиз меймандар келгиле. Чыгыш жактан жагымдуу жел жүрүп жатканынан кымбат адамдардан келип калабы деп жаттым эле. Кымбаттарым келген турбайбы. Келиң, кудагый. Кандай, аман-эсен жатасыңарбы? Эки кудагый билектерин айкалыштыра амандашты.
– Апей, Калдарбегим чоңойуп калган турбайбы?! Келчи бери, бетиңден бир жыттап алайын. Көптөн бери көрүнбөй жаман сагынттың го берекем, – деп тайэненси чоң энесинин көйнөгүнүн этегин кармап эки кудагыйдын учурашкандарын көңүл коюп карап турган Калдарбекти кучактап, эки бетинен жыттап, пешенесинен өптү.
– Аман-эсенсиңерби, кудагый? Тирилик деп жүрүп ушул турган жерде да бири-бирибиз менен учураша албай жатабыз. Күйөө балам менен кызым дени сак жүрүшөбү? Неберелерим чоңойуп жатышабы? Айланайындар, аман-эсен болушсун бардыгы. Эл аман болсун, эл ичинде бардыгыбыз аман бололу. Оомийин, – деп тайэненси бата кылды.
– Бардыгыбыз аман-эсенбиз. Сизди сагынып кетип, Калдарбегим экөөбүз биякка жөнөдүк. Жибек да бала-бакчада иштеп жатат. Тынч иштеп алсын деп сизден кабар алганча, сагынычтарыбызды таркатып алалы деп келдик, – деди чоң энеси.
– Келгениңер жакшы болду. Эч ким жок сүйлөшкөнгө, аябай бук болуп кеттим эле. Апей, ботом силерге сүйлөп жатып, чай койгону эсимден көтөрүлүп кетиптир. Мен чай коёйун, – Дализде турган кара чайнекке челектен суу куюп, эшикке чыгып кетти. Анын артынан Калдарбек кошо чыкты.
– Зериге баштадыңбы? Бактын ичине кирип, өрүктөр аябай эзилип бышкан, алмалардын дагы шириндери, ачкылдары бар. Каалагандарыңды терип жей бер, айнанайын Калдарым. Сени аябай сагындым, балдардан эле башкачасың. Кудайым өмүрүңдү, бактыңды берсин. Силердин жакшылыгыңарды көргөнгө кудагыйым экөөбүзгө насип кылсын. Кел, дагы бир жыттап алайынчы? – тайэнеси аны кучактап, бооруна кысып, эки бетинен жыттап-жыттап алды.
Ал бактын ичине киргенде алма менен өрүктүн жыты өзүнө тартып, жерде эзилип бышкан сары өрүктү оозуна салды. Андан ары кыпкызыл болуп бышкан алмалардын түстөрү өзгөчө көрүнүп, алма үзгөнү дарактын бутагына асылды. Бышкан алмалар бутакка анын колу тиер замат бадырап жерге жайнап калды. Ал жерди карап, алманын сөңгөгүн кармап, жерге жылмышып түштү да көйнөгүнүн этектерин бири-бирине байлап, алмаларды койнуна сала баштады. Андан ары өрүктүн жанына барып, жердеги жайнаган өрүктөрдү салып, чай ичип отурушкан чоң энеси менен тайэнесинин жанына келип, «мен чоңойгондо силерди ширин өрүктөр жана алмалар менен багам. Магазинден нават алып келем, чайга салып ичесиңер», деп койнундагы алма, өрүктөрдү көйнөгүнүн этегин чечип жибергенде дасторкондун үстүнө жайнап калды.
– Ой, айнанайым ай, боорукерим ай. Караңчы кудагый, өрүктөрү кандай ширин, бизди ушул балабыз багат, – дешип эки кемпир анын айткандарына элжирешип, ооздоруна өрүктөн салышып, тамшанып жеп, аны алкыштап жатышты. Алардын мактоолоруна ал компоюп, алардын жанына жамбаштап жатып, ширин өрүктөрдөн оозуна салды.
– Өрүктөн кийин суу ичпегин. Чай ичкин, уулум, – деди чоң энеси.
– Мен чаңкадым, суу ичким келип жатат, – деди чоң энесинин айткандарын угуп.
– Өрүктүн артынан суу ичсең, ичиң өтүп кетет, ооруп каласың. Ооруп калсаң эртең чоң тайатаңдыкына барбай калабыз. Эртең чоң автобуска түшүп, Жалал-Абадга, андан ары Ак-Башка чоң тайатаңдыкына барабыз. Ме, бул набат кошулган чайдан ичип ал. Чаңкооң канат. Эшикке чыкканда арыктан жата калып суу ичип албагын. Ичиң ооруп калса сени таштап, өзүм кете берем. Сен үйдө жалгыз каласың, ичим ооруп атат деп үйдөгүлөрдү кыйнайсың.
– Мен суу ичпейм. Анда мени ала кетесиң да? Апа-оов, – деп чоң энесине жагалдана тигилди.
– Менин балам эстүү, кудагый көрдүнүзбү небереңиздин кандай акылдуу бала экенин, – деп кудагыйына карап койду.
– Эстүү бала да. Апасынын айтканын кылат, – деп тайэнеси аны мактап койду.
– Жүр уулум, чоң корозду кармайлы. Силер келип, кан чыгарбасам болбойт ко, – деп тайэнеси ордунан козголду.
Тайэнеси колуна жыгач табакка салынган жемди алып чыкты да, «тиги чоң кызыл корозду кармайсың» деп койкоңдогон корозду көрсөттү. «Мен жем чачайын, бардыгы келгенде акырын барасың да үстүнөн басып каласың. Бекем карма, колуңдан чыгарбай. Шек алып калса, качып келбей коёт».
– Түү-түү – деп тоокторду жемге чакыра баштады. Кызыл короз бир нерседен шекшигендей четтеги макалардан бирден чокуп, нары-бери басып, улам-улам айланасын карап коёт. Калдарбек короздон көзүн албай, демин ичине алып кыймылдабастан турат. Тайэнеси анын бутунун алдына макаларди чачты. Короз улам бирден чокулап ага карай жакындап келе жатты. Бутунун жанына келгенде ал короздун үстүнө боюн таштап жиберди. Короз кыкылыктаган боюнча анын буттарынын арасынан өтүп, эгилген маканин ичине кирди. Артынан Калдарбек чуркады, кууп жетпейт. Чарчаган короз чырмооктун ичине жашынды. Калдарбек анын үстүнө басып жыгылды. Тыбырчылаган корозду мойнунан кармап,
– Тайэене, корозду кармадым – деп бакырды.
– Кармадыңбы?! Алып кел бери, мергенчим, – тайэнеси сүйүнүп алган. —Азаматым, болор бала ушундай болот. Бекем карма, мен азыр бычакты алып чыгайын, – деп тайэнеси ичкериге жөнөдү. – Эми короздун башын кыбылага каратып, эки бутунан жана эки канатын буттарың менен катуу басып тур. Мурда тоок сойгон белең?
– Жок.
– Анда мен айткандай басып тур. Бычакты сабынан карма. Тайэнеси короздун башын кыбылага карап оңдоп, – биссимилла деп айт. Сол колуң менен башынан карма, оң колуң менен муузда.
– Тайэне, колум титиреп жатат.
– Азыр, уулум. Корозду, койду, малды эркектер гана соёт. Тайэнеси анын бычак кармаган колун кармап, короздун мойнуна бычак салды. Короздун мойнунан кан агып, Калдарбек корозду коюп жиберди. Башы шылкылдаган короз ары-бери урунуп, качып жөнөдү.
– Аа, айнанайыным. Колуң жеңил турбайбы. Башы жок, эч жакка качып бара албайт. Сен акырын барып кармап кел. Мен ысык суу алып келип, жүндөрүнөн тазалайын деп, тайэнеси очокто суусу кайнап жаткан кара чөөгүнгө жөнөдү. Ал арыктын жээгиндеги ачакай даракка тыгылып турган короздун денесин карап турду.
– Кармадыңбы? Алып кел, уулум. Тайэнеси кийизден жасалган туткуч менен кара чөөгүндү, тагараны алып келди.
– Коркуп жатам, тайэне, – деди ал дагы эле корозду карап.
– Эмнеге коркосуң? Сен деген короз сойгонго жарап калган жигит болуп калдың. Сен жигитсиң. Мындай иштерде кыздар коркот. Жигит адам баатыр болот. Сен корком десең аны уккан кыздар сени «коркок, коркок» деп шылдыңдашат. Алып келе бер.
Аңгыча үйдөн чоң энеси чыгып калды.
– Ой азаматым! Корозду Калдарбегим сойдубу? Ишке жарайт деген ушул. Жигит болуп калган турбайбы уулум, – деп чоң энеси анын кылган ишине ыраазы боло.
Калдарбек мууздалган корозду чарага салып, ага кайнаган сууну куюп жаткан тайэнесинин ар бир кыймылын карап турду. Короздун жылтылдаган жүндөрү суу тийгенде бири-бирине жабышып, сууга түшкөндөй болуп калды. Тайэнеси корозду экинчи капталына оодарды да калган сууну анын үстүнө чоргосунан чуурта куйду. Бармактары менен короздун жүндөрүн жула баштаганда Калдарбекке анча кызык көрүнбөй бакты карай басып кетти. Күн кечтеп, Ачы тараптан соккон сыдырым желге дарактардын баштары акырын ыргалып турганын кароо ал үчүн кызык болду. Бакка түркүн куштар келишип, ар бири өз тилдеринде чурулдашып, бүгүнкү көргөндөрү тууралуу сүйлөшүп жаткандай сезилди ага. Жерде жаткан алмалардан, өрүктөрдөн тандап, этеги байланган көйнөгүнө сала башталды. «Мен апам менен тайэнемди багам,» – деп ичинен кыңылдап, эңкейген сайын койнунан улам бир алмасы түшсө, бирде эзиле бышкан өрүктөр түшө берип жүдөп кетти.
– Калдарбек, каяктасың? – деген тайэнесинин үнү угулду.
– Азыр барам. Апам менен сизди багам деп алма, өрүк терип жүрөм, – деп көйнөгүнө толгон алма-өрүктөрдү араң көтөрүп бактан чыкты.
– Ой, айнананайым десе! Сен аябай берекелүү болот турбайсыңбы. Ушунчаны кантип көтөрүп жүрөсүң? Белиң ооруп калбасын. Жүр үйгө, тамак бышып калды, – деп тайэнеси анын көйнөгү толо алма-өрүккө көзү түштү.
Көйнөгүнүн байланган жерин чечип жиберип, дасторкондун үстүнө койнундагы алма-өрүктөрдүн бардыгын төгүп жиберди.
– Апа, силерди ушундай ширин өрүктөр менен багам, тайэнем экөөңөрдү, – деп мурдун «шуу» тартып койду.
– Ой, садагаң кетейиним десе. Сен гана бизди багасың. Тилегиңдей айланып, тегеренейин десе. Чоң энеси анын айтканына жетине албай, кызыл боордуу өрүктөн оозуна салды.
– Кудагый, мен супага жай кылайын. Кечки салкында, Ачы жактан келген шапатага бир сергип, тамак жейли. Короздун эти бышып калды. Нары кемпирлердин тамагы деп шавла кылдым, – деп тайэнеси, шыбак шыпыргыны алып эшикке чыкты.
Тайэнесинин артынан Калдарбек чыкты. Тайэнеси челекти алып, арыктагы суудан сузуп алып, челектеги сууга шыбак шыпыргыны малганда, шыбактын ачуу жыты буркурай түштү.
– Тайэне, чөптүн жыты жыттанып кетти, – деди ал мурдун «шуу» тарта.
– Мурдуңдан айланайын. Мунун жыт билгичтигин. Шыбак жыттанып жатпайбы. Азыр, мен сууну супага себейин. Ансайын сонун болуп жыттанат. Ушул жерге төшөк салам. Каалашыңча шыбактын жытынан жыттайсың. Шыбактын жыты өпкөнү тазалайт. Ушуерге жатабыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду, Кожо Насирдиндин жоруктарынан айтып беребиз. Бүгүн зерикпей, сүйлөшүп, жыргап уктайбыз.
Тайэнеси челекти илгичинен кармап, суу себе баштады. Күнгө какталган супадан жердин жагымдуу жыты чыга баштады. Тайэнесинин ар бир кыймылын карап, челектеги суу түгөнгөндө Калдарбек:
– Тайэне, челекти мага бериңчи. Мен суу алып келейин, – деп челектин илгичинен кармады.
– Кой, сен али жашсың. Белиңди оорутуп аласың.
– Мен деген чоңойуп калдым. Апама жардам берип, дасторконун көтөрүшүп келдим.
Анда, жарым челек эле суу алып кел. Ошо жетет.
– Майли. Ал арыкка барып, челекти сууга матырды. Суу челекке толуп чыкты. Челекти сабынан тартты. Суу толгон челекке алы жетпей жатканда тайэнеси келип, илгичинен тартып чыкты.
– Ух, оор экен ээ, тайэне?
– Азыраактан сузуп ал дебедим беле. Белиңди оорутуп албадыңбы? Мындан кийин аз-аздан сузуп ал. Көтөргөнгө жеңил болот.
– Майли, тайэне.
Тайэнеси челектеги сууну супанын айланасына дагы бир ирет сээп чыкты да, кайрадан шыбак шыпыргы менен супаны шыпырып чыкты. Үйдөгү колго токулган гүлдүү шалчаны алып чыкты да супага салды.
– Тайэне, биздин үйдө дагы ушундай сонун шалча бар. Апам конок келгенде гана салат.
– Шалчаны апаңдын себине өзүм согуп бергем.
– Себи деген эмне?
– Апаң турмушка чыкканда менден эстелик болсун деп сокком. Апасынын кызына берген белеги.
– Аа, түшүнүктүү.
Тайэнеси шалчанын үстүнө койдун терисинен жасалган постектерди салды, алардын үстүнө жаздыктарды койду.
– Тайэне, ушуерге уктайбызбы?
– Тамак ичкенден кийин ушуерге уктайбыз. Апаң экөөбүз сага жомокторду айтып беребиз.
– Жомокпу?! «Чыпалак баланыбы?!»
– Манасты, сенин баатыр чоң аталарың тууралуу.
– Менин чоң аталарым баатыр болгонбу?
– Ооба. Сен баатырлардын тукумунансың.
– Атам дагы баатырбы?
– Ооба. Атаң дагы баатыр. Иш кылганын кара. Төрт-беш адамдын ишин кылат.
– Оо, менин атам баатыр! Мен баатырдын баласымын! Мен дагы баатыр болом.
– Тилегиңди кудай берсин. Сен да келечекте баатыр болосуң, чоң аталарыңды тартасың! Дасторконду шалчанын үстүнө жайып, үйдөн нандарды, пиалаларды, чайнекти көтөрүп келди.
– Кудагый, келиң тамакка, – жыгач табакка салынган бышкан короздун этинин жыты адамдын ичтейин ачып жиберди.
– Апа, менин көш жегим келип жатат, – деди Калдарбек.
– Азыр, балам. Биринчи апаң алсын. Тамакты жашы улуулар биринчи алышат, андан кийин кичинекейлер алат. Төштү алыңыз, сен дагы урматтуу меймандардансың уулум. Сен, санды ал. Сандарың жоон болуп, чоң аталарыңды тартып, баатыр бол.
– Саны кайсы болот?
– Короздун чуркагандагы буттарычы.
– Аа, мынабу буттары да? Ал кичинекей колдору менен санды кармады. – Ай-ий! Ыс-сык экен.
– Ээ, кудагый. Жаман күндөр да өтөт экен. Согуш болуп көрбөгөн күндөрүбүз калбады го, – деди Жумагүл байбиче. Нанга жетпей, талаада калган анча-мынча буудайдан, макадан калган машактарды терип, кышка деп сактап, жазда келемиштердин ийиндерин казып, алардын чогулткан буудайларын жеген күндөр да болду го. Бу келемиш деген дыйкандардай эле болот экен. Чогулткан буудайлары, макалари ийиндерде кургак сакталып, кыпкызыл тазалаганын айтпайсызбы. Ач курсак да тоюнат экен, барына шүгүр кылышыбыз керек тура.
– Туура айтасыз, кудагый. Эң негизгиси аманчылык болсун экен. Жаманчылыкты аманчылык жеңет деп элибиз бекер айтпайт экен.
Тайэнеси ордунан туруп, очокто чокто дем жеп жаткан чайнектин сабынан туткуч менен кармап, дасторконго алып келди. Чайнектеги кайнаган чайды пиалага куюп, кайра чайнекке кайтарып куйду. Чайнектин үстүнө чачыкты жаап койду. Калдарбек тайэнесинин ар бир кыймылына көңүл коюп карап отурду. Тайэнеси чайнектин үстүндө жабылган чачыкты акырын алып, пиалага наваттан салып үстүнө чай куюп, Айтолкун байбичеге сунду. Андан кийинки пиалага да наваттан салып чай куюп Калдарбекке сунду.
– Чай ысык, уулум. Этияттап ич, тилиң күйүп калбасын. Өзүнө да чайды куюп, пиланы акырын тегерете чайпай баштады. Чоң энеси да пиаланы акырын чайпап, экөө кеп-сөзгө киришишти. Алардын кыймылын көргөн Калдарбек да пиаланы алып тегерете баштады. – Ой! Ысык экен! Ал пиаланы дасторкондун үстүнө койгуча шашты. Эки кемпир чочуп кетишти.
– Колуң күйбөдүбү?!
– Жо-жок! Пиала ысык экен.
– Чай төгүлбөдүбү?
– Үф-үф! Калдарбек манжаларын үйлөп кирди. – Жок. Чай төгүлгөн жок. Пиала эле ысык экен.
– Өх, коркутуп ийбедиңби, садага кетейиним, – деди чоң энеси үшкүрө.
– Силер пиаланы тегереткениңерден, мен да тегеретейин дедим да. Чоң энеси менен тайэнеси күлүп жиберишти.

Акман айылдын аталышы. Аксакалдардын сөзү
– Кудагый, силердин айылыңардын аты эмнеге Акман аталып калган? Акман деген эмнени билдирет? – деп чайын чайпап Айтолкун байбиче сөздү баштады.
– Илгери биз ушу Калдарбектей болсок керек, Жолборс Казынын Катта-Арыгы деген арыкты бойлой отурукташкан биздин туугандар болот эле. Илгери Жолборс Казы деген абабыз акун тагаларына ушул катта арыкты каздырып анын боюна жалаң туугандарын отургузуп, «там салгыла, бак-дарак эккиле» деп айыл кылган экен. Убакым деген жерибиз башка жактарга караганда дөң болгондуктан туш тарап көрүнүп турат. Кыш кетип, күн жылып, айланага жан кирип, мал-жан көккө тоюп, эл да акка тоюп турган учуру.
Убакымдын үстүн көк чөп, түрдүү майда гүлдөр бажырайып каптап бүт адырлар жашылга оронуп жаратылыш адамдардын көңүлдөрүн көтөрүп, күндүн аптабынын алдында жондорун какташып, аңгемелешип отуруу адат болуп калган. Айылдын аксакалдары, сөзгө чечендери дөңгө жөнөшкөндө жигиттер, жаш келин-кыздар килемдерди, жумшак ийленген постектерди, төшөктөрдү алып чыгышып орун даярдашчу. Аксакалдар жаштарына, кадыр-барктарына жараша мандаш токуна отурушуп, узун кепке түшүшчү. Дасторкондор салынып, келин-кыздар жаңы боорсокторду сары майга бышырышып, дасторкондорго боорсокторду жайышып, жаш жигиттер койлордун семизинен кармап, бата тилешип, казандарда жаш токтулардын эттери кайнап, өзүнчө эле майрамга айланып кетчү. Аксакалдардын көбүнүн аттары эсимден чыгып кетти. Ошолор сөз кылышчу, – деп сөзүн баштады Жумагүл байбиче. – Балдарга деп аксакалдардан төмөнүрөөк жерге дасторкон салышчу. Аксакалдар сүйлөшүп жатышат, силер чурулдабай, аксакалдардын сөздөрүн тыңшап отургула дешип ата-энелерибиз, бизден улуулар, акаларибиз, эжелерибиз акырын айтышчу. Силер чурулдап жатсаңар, аксакалдардын сөздөрүн угузбай койсоңор ата-энелеринин тартиби начар экен деп биринчи сөз ата-энеңерге тийет, андан элинин тартиби жок экен деп элге сөз тийет. Улуу кишилердин алдында бизди уят кылбагыла деп эскертишет эле.
Ошондогу аксакалдардын узун сабак сөздөрүнө кулак салчубуз. Илгери Куу Уулдун үчүнчү уулу Мундуз болгон экен. Мундуз атабыздын үч байбичеси болуптур. Кыргыз байбичелеринен Зулум, Зуркай, Зултай, Шыгай, Лакай, Калдык деген уулдары болгон экен.
Ошол Зулумдан таркагандардан Каба баатыр болуптур. Кабанын Атакан, Акман, Дашман деген балдары болгон экен. Акман биздин чоң атабыз болот. Анын сөөгү Арстанбапка коюлуптур.
Акмандын тун уулу Абакан, экинчиси Алдозбай, үчүнчүсү Абышка деген аталарыбыз болгон экен. Абакан чоң атабыздын чоң байбичеси Шайдабүдөн Абык, Шыдыр, Кыйра, Дүрбөл, Көкайдар деген беш уулу болгон, алардын жылкылары көп болгондуктан бээлерин сааганда бээлерди байлабастан саашкандыктан «бээ байлабастын беш уулу» деген атка кондурушкан экен. Орунбү деген токолунан Көкчөгөз, Ожурай, Карагул деген уулдары болгон.
Биз аксакалдардын айтып жаткандарын анча түшүнчү эмеспиз. Бирок алардын айткандары эсте сакталаып калат экен. Калдарбек да биздин эмне сүйлөшүп жатканыбызды түшүнгөн жок. Бир кезде биздин айткандарыбызды эстейт. Ата-тегине көңүл бурса керек.
– Мен түшүндүм, – деди Калдарбек аларды карап.
– Сен минени түшүндүң? – деди чоң энеси аны кызыга карап.
– Баатырлардын тукумунанмын. Чон аталарым баатыр болгон. Мен да баатыр болом!
– Ой айланайын сөзүңдөн. Кудайым тилегиңе жеткизсин. Туура айтасыз, кудагый. Кыргызда заадине тартат деген сөз бар го. Алманын уругун эксең, өрүк өспөйт да.
– Сүйлөшүп отуруп, түн да бир оокум болуп кетиптир. Жылдыздардын жаадырап чыкканын карап жатып, Калдарбегиме жомоктордон айтып берип, анан уйкуга кетели, ээ кудагый, – деп тайэнеси Жумагүл кудагыйын карады.
– Дасторконго бата кылалы, – деди Айтолкун байбиче алакандарын жайып. —Оомийин кудайым! Дасторкондорубузду берекелүү кыл. Тапкан-туткандарыбызды адал эмгектен кыл. Бүгүн ата-бабаларыбыздын арбактары тууралуу сөз кылдык, алардын жаткан жерлерин жумшак жана жарык кыл. Аларга бейиштен орун бер. Ушул Калдарбегибизди калган бардык неберелерибиздин өмүрлөрүн берекелүү кыл. Тилеген тилектерине жеткире көр! Оомийин.
Жумагүл байбиче дасторконду жыйыштырып, арыктын жээгиндеги дарактын түбүнө дасторконду какты.
– Курт-кумурскалардын напсилери да кошулуп, алардын кылган дубалары да элге, эл ичинде бизге да кабыл болсун. Ал шыбак шыпыргы менен супанын үстүн шыпыра баштады. Шыбактын жыты мурундарды өрдөп кетти.
– Шыбактын жыты укмуш да, кудагый, – деди Айтолкун байбиче. Жайында шыбак бышкан кезде шыбакты аралап бассаңыз жыты буркурап, мурундардын ичи ачылып, таза аба туура эле өпкөгө барат.
– Азыр төшөк салам Калдарбек, тайэнең мен, чоң энең экөөбүздүн ортобузда жатасың. Биз сага жомокторду айтып беребиз.
– Жомокторуңар коркунучтуу эмеспи?
– Жок, баатырлар тууралуу. Насирдин апанди жөнүндө. Сен сураган жомокторду айтып беребиз, аа кудагый.
– Сага Манастын төрөлүшү тууралуу айтып беребиз. Манастын ким болгонун билесиңби? – деди Айтолкун энеси.
– Жок.
– Анда, көңүл коюп угуп тур. Балким кулагыңда калып калар, – деди чоң энеси. Илгери биздин ата-бабаларыбыздын тиричилиги мал менен болгон экен. Азыр деле мал менен. Жылкы, уй, кой, төө, эчки багышып, жаз келе баштаганда көчтөрүн айдап, алты айлык жолго айдап Алтайга барышчу экен. Ал жакта суук түшө баштаганда кайрадан азыркы биз жашап жаткан жактарга айдап келишчү. Кыргыздардын малдарынын көптүгү жапайы жаныбарлар менен кошо коңшу элдердин көздөрүн күйгүзө турган. Жолборс, аюу, илбирс, карышкырлардан баштап, калмак деген элдер кыргыздарга кол салып турган. Мал-жанын сактоо үчүн кыргыздар жоокерчиликке машыккан. Ордо оюнун билесиңби, уулум?
– Жанагы чүкө аткандардыбы? Чоң кишилер, балдар дагы ойношот. Ортосунан кесилген жарым чүкөнү коюшуп, «кан» деп коюшат. Мени ойнотушпайт, «сен кичинесиң» дешип.
– Кичине чоңойуп алгын, анан бардыгын утасың. Ошол «канды» ордонун ортосунан атып чыксаң, чоң мергенчи болосуң. Ошентип жаш балдарды жаш кезинен мергенчиликке оюн аркылуу үйрөтүшчү.
Күздүн күндөрдүн биринде кыргыздардын жигиттери малдарды айдап келе жатышкан. Токойдун четине жетишип, бардык малдарды топтошуп, кечинде тамакка отурушат. Кароолдорду мал четине коюшат. Чарчашкандыктанбы же тамактарына уйку дары кошуп коюшканбы, кароолчулардан башкалары көөшүп катуу уйкуга кетишет. Ошол маалда артынан аңдып келе жатышкан жоо кароолчуларды байкатпай мууздашып, уктап жаткандардын арасынан баатырларын издеп табышып, бардыгын өлтүрүшөт. Калгандарынын колу-буттарын байлашып, аттарга артышып, малдарды айтап кетишет. Ошондо жообашчысы берки өзүнүн шериктерине «кыргыздардын башчыларынын бардыгын жок кылдык. Башы жок эл айланбаш (көк мээ) болгон койдой алдыга баспай, бир орунда айлана беришет,» дейт.
Бир түндө элдин башына каран түн түшөт. Колго түшкөндөрдүн арасында Акбалта деген орто жаштагы палван жигит болот. Ал жылкыны ушунчалык жакшы көргөндөн, жылкыга бир да камчы чаппастан минген аттарын ышкырып же таңдайын такылдатып үн чыгарып башкарчу. Анын минген аттары да андан алыстабай жакын жерлерде отточу. Атка артылган, колу-буту катуу байланган Акбалта ичинен сүйүнүп, качып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигине сүйүнөт. Байланган колун акырын өтүгүнүн кончуна салса, эки миздүү канжары ордунда экен. Түн киришин күтөт. Күн ачык болуп, аптабы мээден өтүп кетет. Акбалта аябай чаңкайт. Суу бергиле деп калмактардан сураса, алар аны шылдыңдап күлүшөт. «Тиги булакта муздак сонун суу агып жатат. Аттан түшсөң курсагыңды жарып салабыз. Сууну көрдүңбү, суу ичкендей болосүң. Кул суу ичип эмне кылат экен. Сенин суу ичкенге укугуң жок. Биз уруксат берсек ичесиң, болбосо «жок!» Алардан эч кандай ырайым болбосун түшүнгөн Акбалта, аттын үстүндө байланган колдору менен башын салаңдатып, ат жылып оттогон сайын ичи эзилип, ооруп чыкты. Убакыт өтпөйт. Күн да батпайт. Эптеп кеч кирсе, колдору байланган аркандарды кантип кесип жиберүүнү ойлоп жатты.
Отко тойгон ат, шылдырап аккан сайга келип, суусун кандырды. Башын көтөрүп алдыңкы туяктары менен суу шапшылай баштады. Акбалтанын чаңкоосу улам күч алып, аттын шапшылоосунан чачыраган суунун тамчыларына оозун тосту. Бир-эки тамчы оозуна кирип, катып калган шилекейлерин жумшарткандай болду. Күн да акырын тоолордун арасына батып бара жатты. Атты тизеси менен акырын укуп койду. Ат ордунан козголуп, нары жакта оттоп жаткан аттарга кошулду. Акбалта өзүнүн атын карады. Ээри бир жак капталына ооп, аты чөптү тиштери менен кырча тиштеп улам Акбалта ээрге байланган атты карап коёт. Караңгы ире-шире кире баштады. Ал кончуна манжаларын сойлотуп үч манжалап, кончунан канжарын акырын сууруп алды. Канжардын мизин артына байланган колдорунун ортосуна коюп, аз-аздан ыйкалай баштады. Алы жок, бүт денесинен кара тер кетти. Аркандын «тырс» этип кесилген шыбырты угулду. «Өх!» – деди жеңилдене дем алып. Канжарды кайрадан кончуна тыгып, аркан өткөн колдорун ушалай баштады. Эми бутундагы аркандарды кесиш калды. Ээрден башын эңкейтип үзөңгүгө кошо байланган буттарын карады. Буттарын үзөңгүгө чырмай байлашыптыр. Канжарды кайрадан алып арканды кесе баштады. Мунусу жеңил болду. Эки бутун үзөңгүгө салып, аттын капталына далдалана, аты жакка бастырды. Атына жеткенде таңдайын такылдатып, атына ишаарат берди. Аты жакындап Акбалтаны жыттады. «Оо, жаныбарым, канатым. Эми Энесайыбызга аман-эсен жеткир. Кудай өзү жар болсун, – «деп атына шыбырады. Атынын ооп калган ээр-токумун оңдоп, басмайылын катуу тартып, атына минди да капталына эңкейип, жылкыларды акырын аралап, калың токойго бет алды. Караңгыдан жол көрүнбөйт. Акбалта асмандагы жылдыздарды карады. Саманчынын жолу быжырап асман бетин бербейт. Үркөр жылдызды көрдү. Андан ары Чоң жетиген жылдызы, Алтын казык жылдызы. Атынын башын түндүк тарапка бурду.
– Апа, апа дейм, – деди Калдарбек.
– Мине болду, тынччылыкпы? – деди чочуп кеткен чоң энеси.
– Жылдыз учту. Мен өз көзүм менен көрдүм.
– Тооба де. Дагы бир адамдын жаны учту да. Жанын жаннаттан берсин.
– Жылдыздар уча берет, уулум, – деди тайэнеси. Сөздү улантайын. Колу-буту байланып, аттын үстүндө жүрүп эзилип калганы эми сезилип уйкусу келе баштады. Тоолордун арасынан карышкырлардын улугандарын уккан аты эки кулагын тикчийте үн чыккан тарапты карады. Колунда жалгыз канжарынан башка куралы жок. Билектей болгон жаш карагайды караңгыда издеп келе жатты. Атынын башын бош койду. Урчуктан өтө бергенде далысы бир жаш карагайга тийип кетип, аты мүдүрүлө түштү. «Эми жыгылат окшойбуз» деген ой башына кылт эткенде чочуганынан карагайды кармай калды. Аты боюн түзөп, колундагы билектей жаш карагай түбү менен жулунуп ээрдин үстүнө артыла түштү. Карагайды такымына кысып, атка сүйрөтүп алды. Асманда жылдыздар суюлуп, чыгыштан күндүн шоолалары тоолордун беттерине тийип, айлана үлбүл көрүнө баштады. Таңга маалыкы уйку аны тартып, жерге бир аз болсо да жаткысы келип, ыңгайлуу жай караштыра баштады. «Азыр уктап калсам, жолдон калам. Нары каерде экенимди жакшылап карап албасам адашып кетишим мүмкүн» деген ой уйкусун нары карай айдагансыды. «Андан көрө, мынабу карагайдан найза менен чокмор баш жасап алайын, ат да бир аз эс алып курсагын кампайтып алсын деп» эки жагын жакшылап карай баштады. «Өзүм да токойдон бир нерсе карап, өзөк жалгап албасам, эки күндөн бери оозума эч нерсе ала элекмин» деп атын токтотуп, тоонун боорунан шылдырап аккан булакка токтоду. Аттан түшүп, басмайылын бошотуп, койдун жүнүнөн эшилген арканды чечип, ооздуругун чыгарып атты бош койду. Аты шылдыраган булактан суу ичип, аны карап турду. «Чү, жаныбарым. Менин канатым, курсагыңды кампайтып ал. Мен курал жасап алайын.» Атынын соорусуна алаканы менен чапты.