
Алакандагы жүрөк. Залкар инсандын өмүр баяны
Булактын муздак суусунан кокучтап ууртап, булактын суусу менен бетин, мойнун жууп, сергий түштү. Уйкусу качып, кончундагы канжарды алып, карагайды ары бери карап, үч кулачтай ченеп, кыркы баштады. Карагайдын түбү жагын караса, тамырында муштумдай болгон бурчук бар экен. «Чокморго ылайык экен» деп ичинен сүйүнүп кетти. Канжары менен бутактарын тазалай баштады. Карагайдын башынан аягына чейин бутактардан тазалап болуп, төрт карыш өлчөп кести да салмактап көрдү. Сабынан кармап, чокмордун башы менен өзүнүн санын акырын чаап көрдү. «Аха, анча-мынча душман менен салышканга болот экен» деп кылган ишине ичинен корстон болуп койду. Карагайдын калган жагын тегиздеп бутактардан тазалап чыгып, үч кулачтай кыркып алып, уч жагын учтап кирди.
Аңгыча атынын бир нерсенин көргөндөй кошкурганын угуп, аты жакты карады. Аты эки кулагын тикчийтип токой тарапты карап туруптур. Акбалта ташка бекине калып, ат караган тарапка көз салды. Килейген боз карышкыр анын аты жакка карап акырын жортуп келе жатканын көрдү. «Карышкырдын сырттаны экен, оңойлук менен моюн бербейт» деп ойлоп, шырп алдырбай атына жакындай берди. Жанындагы кыл арканды сол билегине катуу ороп, канжарын кончуна салып, колуна чокморун кармап аты жакка жыла баштады. Аты кулагын жапырып, карышкырга капталын салып, анын кыймыл аракетин тиктеп турду. Акбалта жакындаганда аны байкап калган карышкыр атка эмес, Акбалтага карай бурулду. Акбалта карышкырдын көзүнө тике карады. Экөө көз ирмебей тиктешип калышты. Карышкырдын көздөрүнөн от жангансыйт. Токтогон бойдон кыйлага ордуларынан жылбай туруп калышты. Чыдамы кеттиби, карышкыр аны көздөй секирди. Акбалта колундагы чокмору менен аны как маңдайга урду. Карышкыр аны сезбегендей артка бир аз кетенчиктеп, кайрадан ага карай секирди. Акбалта аркан оролгон сол колун карышкырдын араандай ачылган оозуна сала берди. Дагы бир жолу чокмору менен башка салды. Колундагы чокморду таштап жиберип, кончундагы канжарды алып, карышкырдын колтугуна матырып, канжарды бир ирет толгоп жиберди. Карышкыр анын аркан менен байланган колун катуу тиштеген бойдон ары-бери жулкулдатып жатты. Акбалта канжарын сууруп алып анын оозун тилип жибергенде сол колу бошой түштү. Сол колу менен карышкырды муунтуп, анын кекиртегин кесип жиберди. Кекиртегинен шаркырап аккан кан саргая баштаган чөптөрдү заматта кызылга боёп салды. Акбалта ордунан туруп жылганда карышкыр андан он кадамча ары сүйрөлүп барып кыймылдабай калды.
Акбалта бир аз дем алган соң карышкырдын жанына барып анын денесин буту менен тээп көрдү. Денеси кыймылдабайт. Канжарын алып кекиртегинен чандырына чейин тилип, башын терисинен бөлбөй сыйрып бүттү. Терини боюна теңеп көрдү, тери анын боюнан узун болуп, куйругу жерге чубалып калды. «Кыргыздын катындары карышкырдын сырттаны менен жолборстун жүрөктөрүнө талгак болушчу эле. Акыркы учурларда сырттандардын жүрөгүнө талгак болдум деген аялдарды уга элекмин. Баатырларды тууй турган кыргыздын аялдары да чыгып калар. Мунун жүрөгүн алып, бака жалбыракка ороп сактап койойун» деп карышкырдын ичин жарып, жүрөгүн сууруп чыкты. Жүрөктүн жаны чыкпай, дагы эле согуп турган экен. «Жүрөгүн кара, дагы эле согуп турганын. Ошон үчүн сырттан да,» – деп өзүнчө сүйлөнүп, жүрөктү кош колдоп, алаканына салып карап турду. Булактын жээгинде булайып өскөн бака жалбырактын жалбырактарынан көп кылып терип алды да жүрөктү кабаттап ороп, белиндеги байланган чарчысына катуу байлап, белине тагып алды. Карышкырдын союлган денесин асканын боорунда турган таштар менен корумдап койду. «Бул карышкыр тарп жебеген таза жаныбар. Үйүрүн туура башкарат. Мунун денесин карга-кузгундар талап жебесин. Карышкырдын жытын алган башка жапайылар бул жерге келбейт,» – деди ичинен.
Курсагы кулдурай баштаганда, курсагынын ачканын эстеди. Булактын боюнда шиңгилдеп кыпкызыл болуп турган бүлдүркөндөрдү алаканына толтуруп, оозуна салды. Бүлдүркөндүн кычкыл даамы оозунун ичин дүүлүктүрүп жиберди. Кайрадан бүлдүркөндү терип оозуна салып жуткандан кийин, оозунан кара суу келе баштады. Бүлдүркөн курсагын ансайын ачырып, курсагына илине турган жей турган бир нерсе издеди. Аскага жогорулап чыга баштаганда кедр жаңгагы көрүнүп, анын алдынан тобурчактарды издеди. Жалбырактардын алдынан тобурчактарды таап, алакандары менен ушалап, данын оозуна салып чайнай баштады. Майлуу данектер ушунчалык таттуу болуп, жан дүйнөсү жай алып, курсагына тамак баргандан кийин, көздөрү бири-бирине жабышып, отурган жеринде уйку алып кетти.
Аттын кишинегени, жапайы жаныбардын күрүлдөгөн үнү чыкты. Уйкусунан чочуп ойгонуп, колундагы найзасын эки колдоп, башынан ойдо көтөрө бергенде чаар ала жолборс аны көздөй секирди. Найзасын жолборстун колтук тушуна тозо берди. Күү менен келген жолборстун салмагын көтөрө албай найза ортосунан тең бөлүнүп сынып калды. Найзанын учу жолборстун колтугуна сайылган бойдон калыптыр. Оң колу менен кончундагы канжарын сууруп алып, жолборс жакка акырын кадам шилтеди. Жолборс башын көтөрүп, ырылдады. Бирок ордунан козголбоду.
– Тайэне, жанагы киши жолборстон коркпойбу? Жолборс аны жеп койсо мине болот?! – деди Калдарбек көздөрүн бакырайтып.
– Баатырлар эч нерседен коркушпайт. Сен да чоңойгондо эч кимден коркпогон баатыр болосуң. Коркподуңбу, уулум, – деди тайэнеси анын төшөгүн кымтылап.
– Жок, мен эч нерседен коркпойм. Мен да ошол кишидей баатыр болом. Менин чоң аталарым, атам баатыр кишилер болушкан, – деп үнүн бийик көтөрө сүйлөдү.
– Оо, ананайыным десе. Чоң аталарыңды, атаңды тартып баатыр болосуң, – деди чоң энеси.
– Анан, Акбалта акырын жолборско жакындай баштады. Жолборс арткы аяктарына туруп аны көздөй секирди. Анын секириги мурдагыдай болбой Акбалтанын бутуна жакын келип түштү. Акбалта анын эки кулагынан кармап, жонуна шап минди да оң колундагы канжары менен жолборстун кекиртегинен мууздап жиберди.
Сол колу жолборстун кулагына жабышып, жолборсту минген бойдон анын жаны чыкканча ордунан козголо албай турду. Асканын боорунда агып жаткан жолборстун канын карап туруп, карышып калган сол колун оң колу менен укалап жазды.
Ордунан туруп, бир керилип алды да, жолборстун башын терисине чыгарып, мал союп жүргөндөгүдөй ыкмага салып терисин шыла баштады. Терисин муштумдап жиреп, башынан ылдыйга тартты, бирок күчү жетпеди. Колундагы арканды муздоодон өткөрүп, жогору жактагы даракка асып байлады да болгон күчү менен ылдыйга тартты. Тери жолборстун куйругуна келип токтоду. Куйругун бузбай бүтүн чыгарууга аракет кылып бир топко аны менен алпурушту. Терисин сыйрып бүтүп, ичин жарып жүрөктү бузбай кесип алды. Жүрөгү дагы эле согуп турган экен.
Булактын боюндагы бака жалбырактардан жулуп келип, кабат-кабат кылып жүрөктү алардын ичине салды да жеңишке жеткендей жеңилдей түштү. «Кудай кааласа, карышкырдын да жолборстун да жүрөгү бар. Оо, Кудай! Бир күндө эки сырттан олжо болуп берди. Элдин башын бириктире турган наристелериңен бере көр! Кимиси жолборстун жүрөгүнө же карышкырдын жүрөгүнө талгак болуптур десе берем. Кудай кааласа сырттан балдар төрөлөт. Бул бекеринен берилбеди мага». Ал өзүнчө кубанып, белгисиз жакшылыктан үмүт кыла кудайга ичинен жалынып, «бере көр» деп суранып жатты.
Акбалта сынган найзанын жарымын алып, карышкырдын терисин ээрге арта салды да жолборстун терисин үстүнө жамынып алды. Денеси жылый түштү. Аттын оозун бош коё берип, атына «үйдү көздөй кеттик» деди. Ат үстүндө термелип, жылуулук уйкуга алып баратты. Улам ойгонуп, айланага кулак төшөп коёт. Токойдогу куштардын анча-мынча кыйкыргандары гана угулуп, айлана мемиреп тыптынч. Ат акырын кадам таштап, таштардан этияттык менен өтүп жатты. Асманды карады. Жылдыздар суюлуп, асмандын бети көгөрө баштады. Өзүнө тааныш жайык көрүндү. «Оо, кудай! жериме жеттимби?!»– деп ичинен кудайга жалынып жиберди.
– Апа-а! Апа-а! Калдарбектин бакырып чыккан үнү эки кудагыйды ордунан чочутуп тургузду.
– Калдарбек! Мине болду уулум?! – деп чоң энеси аны чекесинен сылап, жыттып койду.
Жолборсту минип алган бала
– Апа! Мен, мен жанагы жолборсту минип алдым! Ал мага карай секиргенде, кулагынан кармадым да минип алдым! Үстүнөн түшпөй койдум! Силер ойготуп ийдиңер да. Болбосо, аны минип алып аябай чабат элем.
– Көрдүңбү уулум, – деди тайэнеси, – жолборс минген адам эл керегине жараган адам болот. – Жолборс ар кимдин эле түшүнө кире бербейт! Кел эми уктайлы. Жакшы түштөрдөн көрүп жат, уулум, – деп тайэнеси анын төшөгүн кымтылап койду. —Түн да бир оокум болуп калыптыр, кудагый. Калганын кийинки бир келгениңерде айтып берем. Жакшы түш көрүп жатыңыз.
– Аябай жакшы айтасыз да өткөн-кеткендерди. Сиздин сөздөрүңүздү угуп эле отура бергиң келет. Калдарбегим экөөбүз дагы бир күн мейман болуп кетебиз. Азыркы айткандарыңызды улантып айтып бересиз, аа, кудагый, кызык жерине келдиңиз, – деди чоң энеси.
Саратандын чырылдаган үнүн угуп жатышып бардыгы уйкуга кетишти. Эртең мененки короздун кыйкырганы айлананы жаңыртып, жаңы күндүн башталганынан кабар берип, эки байбиче ордунан турушуп, даараттарын алышып, багымдат намазын окууга киришти. Жумагүл байбиче кара чөөгүнгө арыктан суу сузуп келип, очокко тезек калап, анын астына майда кургак бутактарды сындырып, күкүрт тамызды. Кургак бутактар чатырап күйүп, тезектер көктү карай түтүн булатты.
– Мен Калдарбекти ойготойун. Күн ысый электе жолго чыкпасак, бул саратандын ысыгында жол узатыш кыйын болуп калат, – деп Айтолкун байбиче супа тарапка басты. Калдарбек төшөктөн башын чыгарып, «апа, биз чоң тайатамдыкына барабызбы?» – деп сурады.
– Ооба, айланайын. Сен качан ойгондуң? Сени уктап жатат экен деп ойготкону келаттым эле.
– Мен, силер очокко от жага баштаганда эле ойгонгом.
– Оо, айнанайыным, сак кулагым. Тур, турагой. Бетиңди, колунду жуу. Чай ичип, жолго чыгабыз.
Чай ичип болушуп, алар жолго чыгышты. Каналды бойлой кеткен чаңы тизеге жеткен жолдо бала ээрчиткен байбиче менен күнгө күйгөн кичинекей кара тору келген бала чаңды буртулдата басышып, бала улам артын карап баскан издерине карап коёт.
– Апа, сенин буттарың меникине караганда чоң экен. Аа, балам. Сен да чоңойгондо буттарың чоң болот.
– Качан чоңойом?
– Аны өзүң да билбей каласың. Бир кезде биз да жаш кыздар элек.
– Силерби?! Жаш кыз болгонсуңарбы? Анан кантип чоңойуп кеттиңер?
– Сага окшоп чаң кечип, уй-кой кайтарып, топ таш ойночу элек.
– Жанагы, кыздар ойногон топ ташпы?
– Ооба. Аны бардык кыздар ойношчу. Азыр деле кыздар ойноп жүрүшөт. Апаларыбызга жүн тытып, отун терип келип жардам берчүбүз. Тандырга от коюп берчүбүз. Апаларыбыз кызарган сонун нандарды жабышчу. Нандын жыты ушундай жыттуу болчу! Алыстан эле буркурап, токчулук жыттанып турчу. Анан жыгач кесеге сары майдан куюп, жаңы жабылган нандан туурап, мыкчымай кылып берчү. Ушундай таттуу эле. Аны жеп алып кечке курсагыбыз ток жүрчү.
– Апа, мен мыкчымай жей элекмин. Качан мыкчымай кылып бересиң?
– Таятаңдыкынан келели. Үйгө келгенде жасап берем. Талканды каймакка көөлөп берчү. Аны жегенден кийин суу ичип жүрө берчүбүз. Кечке курсагыбыз аччуу эмес.
– Талкан жегим келип кетти! Мыкчы май да жегим келип жатат.
– Үйгө келели. Сен айткандын бардыгын жасап берем. Андан көрө тез-тез басалы, күн ысып кетсе, басышыбыз кыйындап калат. Чоң жолго аз калды. Сен эстүү баласың го.
Апа, чаңкадым. Суу ичким келип жатат.
– Тайэнең суу салып жаткандай болду эле. Карап көрөйүнчү. Чоң энеси түйүнчөгүн аңтарып жатып суу куюлган бөтөлкөнү алып чыкты. Бөтөлкөнүн оозуна тыгылган кагаздан жасалган тыгынды алып чыгып, – ме, тамагыңды суулап ал. Көп ичпе, – деп бөтөлкөнү ага сунду. Калдарбектин бөтөлкөдөгу сууну аптыгып жутканын көрүп, чоң энеси, – акырын ич, какап каласың. Автобуста дагы чаңкайсың, автобус токтогуча суу табыш кыйын болот. Шоопурга айтып түшүндүрө албайсың, орусча билгендер жок.
– Болуптур апа, мен аз эле ичем, – деди ал, бөтөлкөнү чоң энесине сунуп.
– Өх, жеттикпи?! Чоң энеси асфальт жолго чыгып, галошунун чаңдарын кетириш үчүн асфальтты буттары менен тээп койду. Аны көргөн Калдарбек да энесин кылгандарын туурап койду. Асфальтта калган издерин карап, чоң энесинин колунан кармап, жолдун аркы бетине өтүштү. Базар-Коргон тараптан келе турган автобустун жолун карап беш-алты адам турушуптур.
– Анаке, «маңка автобус» келе жатат, – деди чоң энеси. Бардыгы келе жаткан автобусту карап калышты. Бул автобус келгенге чейин мурдагы автобустар кичине болуп, моторлору алдында болчу. Алгач келгенде эле бул автобуска элдер «маңка автобус» деген атты коюп алышты. Алдында берки кичине автобустардай мотору алдында болбостон, анысы айдоочунун жанында болчу. Автобустун терезесинен адамдардын толтура экендиги көрүнүп турду.
Автобус аялдамага келип «быш» этип үн чыгарып токтоду. Шарактап ачылган эшиктеринен терлери маңдайларынан куюлуп, көйнөктөрү сыгып алма суу болгон адамдар түшө баштады. Ар бир түшкөн адам, «өх!» деп үшкүрүнө базардан алган коон-дарыбыздарын колтуктарына кысып түшүп жатса, аялдар алган помидорлорун баштарынан бийик көтөрүп алышкан.
– Бас бери Калдарбек! Автобуска батпай калбайлык. Энеси автобустун эшигинин алдында туруп аны алдына салып алды. Калдарбектин мурдуна автобустун ичиндеги адамдардын тер жыттанган жыты келди.
– Апа, автобус сасык экен. Көөнүм айланып кетти.
– Мындан калсак Ак-Башка жетпей калабыз. Терезенин жанына туруп аласың. Шамал киргенде көөнүң ачылат. Бол эми тезирээк. Адамдар күтүп калды, – деп чоң энеси анын колтугунан сүйөмөлөп автобуска алып кирди.
– Эне, бул жакка келиң. Небереңиз бар турбайбы. Оо, палван, айнекке жакын кел. Азыр автобус жүргөндө көңүлүң ачылып калат, – деп бир жигит аларга орун бошотту. Чоң энеси отургучтан жай алып, небересин алдына алып отурду.
– Апа, мен терезеге турайынчы. Чымчыктарды көргүм келип жатат. Чымчык-Жарга чейин бир топ бар. Буттарың чарчайт. Кел тиземе отуруп ал.
– Жок. Мен туруп барам. Чымчыктарды көргүм келип атат.
Автобус Турпак-Белге жармашып, мотордун күчүркөнө тартканы автобустун ичиндеги адамдардын сөздөрүн угузбай басып кетти.
– Апа, апа, анакей Чымчык-Жар көрүндү. Көк каргалар ооздоруна бирдемелерди тиштеп алыптыр. Уясына кирип кетти. Балапандарын багып жатат да.
– Ата-энелер да балдарын ушинтип багышат. Бардык жаныбарлар, куштар ооздоруна жемдерин тиштеп келишип балдарына беришет.
– Түшүндүм, апа. Аябай чырылдашат экен аа, чымчыктар.
– Ошон үчүн Чымчык-Жар деп аташат да бул жерди.
Калдарбек Чымчык-Жардан өткүчө чымчыктардын чырылдаганына таң кала карады. Автобус Турпак-Белден түшүп Созок4 тарапка бурулду. Созокко бурулганда сол тарапта калың камыш баскан талаа, жалпак тамдар көрүндү. Алар Жалал-Абадга кире бериштен түшүп калышты.
– Эми жөө кетебиз, уулум. Жолду баскан арбытат дейт элде. Кудайым бизге күч-кубат берсин. Сен палвандардын тукумунансың. Чарчабайсың! Мен сага жолдо жомокторду айтып берем. Сүйлөшсөк жолдун арбыганы билинбей калат.
– Чоң тайатамдыкына барабыз, аа, апа. Мен теректердеги чымчыктарды чозмо5 менен атам. Балапандарды балдар менен кармайбыз.
– Балапандар силер сыяктуу кичинекей да. Аларды кармабаш керек. Убал болот.
– Убал деген мине болот, апа?
– Силер чымчыктардын балапандарын алып, аларды өлтүрсөңөр алардын ата— энелери ыйлайт. Силер, бул кылыктарыңар менен аларды кыйнап жатасыңар. Балапандарга да алардын ата-энелерине убал кылып жатасыңар. Балапандарын кыйнап, алардын кыйналгандарын көргөн ата-энелери канаттарын каккылап, балапандарын бошотуп алгысы келгендерин көрүп жатсаңар керек. Экинчи балапандарына тийбегиле. • – Балапандардын апалары ыйлайбы?• Ыйлайт да. Балдарын жоготкон бардык апалар ыйлайт.
– Апа, мен балапандарга тийбейм! Балапандарын алсам апалары ыйлайт. Мен балапандарга тийбейм.
– Азаматсың, уулум. Сен акылдуу баласың. Экинчи балапандарга тийбей жүр. Экөө үнсүз бир топ жол басышты.
– Апа, суу ичким келип жатат.
– Ме. Бөтөлкөдөгү сууну ага берди.
– Апа, суу аз экен.
– Иче бер. Арыктагы суу тунук экен. Чаңкооң канбай калса арыктагы суудан ичип аласың. Калдарбек бөтөлкөдөгү сууну ичип бүтүп, арыкты карап койду.
– Чаңкооң канбай калдыбы? Азыр суу алып берем. Чоң энеси арыктагы суу менен колдорун чайкап, жоолугун түшүрө, чачтарына суу жүгүрттү. Алаканына кокучтап суудан алып, сууну акырын жутту. – Суу муздак экен. Азыр сага суу алып берем. Чоң энеси кокучуна суу алып анын оозуна тосту. Сууну шимире ичип дагы чоң энесине карады. Чоң энеси суудан дагы кокучуна толтуруп анын оозуна алып келди. Апа, сенин колуңдан бирөө мени карап турат. Ким экен ал, ботом? Чоң энеси кокучундагы сууну карады. —Бул сенин көлөкөң турбайбы?! Сууга чагылышып сенин жүзүң көрүнүп жатыптыр. – Өх, эмне болду деп чочуп кеткенимчи!
– Апа, ошол менби?! Калдарбек чоң энесинин алаканына кайрадан үңүлүп карады. Суудан чачы такыр алынган, топучан бала карап турду.
– Апа, машинанын гүрүлдөгөн үнү чыгып жатат. Каяктан чыгып жатат? Оногу айрипландын6 үнү окшойт. Тээтиги айрипландарды көрдүңбү? Асманга учат, адамдарды ташыйт экен. Мен көргөн эмесмин, элдер ошентип айтышканын укканмын. Асманга кантип учушат? Жерде чуркап барып учуп кетишет. Эки-үч жолу ошентип учканын көргөмүн. Жакшылап карап тургун. Жерде күүлөнүп жүгүрөт да анан асманга көтөрүлөт.
– Апа-а, апа, карасаң, айриплан жүгүрүп келе жатат. Катуу жүгүрөт экен. Учту-у, учту-у! Канаттары бар экен.
Калдарбек самолёттун учкан жагын карап көпкө турду.
– Апа, айриплан каякка учуп барат?
– Алыс жактарга.
– Айрипланды адам айдайбы? Ал адам кантип учат?
– Адам айдайт. Адамдын колунан бардыгы келет. Сенин атаң да учкуч болом деп окуганы жатканда мен ыйлап, окууга жөнөтпөй койгом. Согуш жаңы бүткөн, көптөгөн эр жигиттерди согушка алып кеткен. Көбү согуштан кайтпай калышты. Кээ биринин жалгыз баласын да алып кетип, согуштан келбей калган. Ата-энелердин көз жаштары агып, тез эле кайгынын айынан көптөгөн адамдар да кайтыш болуп кетишкен. Ошол согуштан жүрөктөрүбүз түшүп калбадыбы. Атаңды да аскерге алып кетеби деп жүрөгүм түшчү. Бир күнү келиптир, учкуч болом, дакүмүнттөрүмдү7 тапшырдым деп. Саратуп8 деген жерде окуйт экенбиз деп сүйүнүп алыптыр. Аскерге алып кетсе, жыйырма беш жыл кызмат кылса. Орус катын алып алса уругубуз бузулат. Же мен ал орус келиндин сөздөрүн түшүнсөм, же ал мени түшүнсө деп ойлоп коркуп кеттим. Атаңа катуу айттым, эгер ал жакка барып окусаң топурагымды түйүп берем дедим. Ошентип атаң окууга барбай калды. Атаңдын учкуч болуучу тилеги ишке ашпай калды. Эмдиги жылы сен мектепке барасың. Жакшы окусаң асманда учасың. Бардыгын үстүнөн көрөсүн. Асмандан бардыгы көрүнүп турат.
– Топурагымды түйүп берем деген мине?
– Мен өлүп калсам, атаң мага топурак сала албаса, өлгөнүмдү укса ошол жактан болсо да топурак салып коёт деген сөз да, уулум.
– Апа, сен өлбө. Мен жакшы окуйм. Мен учкуч болом! Жердин бардыгын көрөм! Апа, мен учкуч болом, аа?! – Калдарбек улам самолёттор турган жакты карап коёт.
– Оо, тилегиңден айланайын. Учкуч болосуң. Атаңдын тилегине сен жетесиң! Азаматым менин! Келчи бери! Маңдайыңдан өөп койойун. Маңдайың дайыма жарык болуп, элге кызмат кылган азаматтардан бол, ананайыным десе!
Күн ысып чыкты. Кемпир менен жаш бала тердеп-тепчип жолун улантты.
– Кел, эми жолду кыскарталы, уулум.
– Кантип кыскартабыз?
– Тээтиги үйлөрдү көрдүңбү? Чоң энеси дүпүйгөн бак оронгон жалпак тамдарды көрсөттү.
– Ооба.
– Ошол Жаллабад9 шаары. Бул жерлерде илгери камыш баскан жер болуп, камыштардын арасында жолборстор, арыстандар жашап, адамдардын малдарына кол салып турчу экен.
– Жолборстор азыр деле барбы?
– Адамдар бул жерлерге отурукташа баштаганда жолборстор тоо тарапка кетишкен дешчү илгерки аксакалдар. Илгери Жалалидин деген канзаада болгон экен. Күзгө маал жан-жөкөрлөрү, ашпозчулары менен аңчылыкка келишчү дешет. Камыштын ичинде чилдер, кыргоолдор, каз-өрдөктөр көп болчу экен. Жалалидин жан-жөкөрлөрү менен аларды атып келишсе, ашпоздор алардын атып келген илбээсиндеринен сонун тамактарды жасашып, кеч күзгө чейин ойношуп, аңчылыктан кылып чарчаганда үйлөрүнө кетишчү экен. Ошондо да кээ бир жан-жөкөрлөрүн «силер, ашка жүк, башка жүк болбой ушул жерде каласыңар» деп калтырып коюшкан экен. Ал кезде биерде эч ким жашаган эмес. Айланасы бүт камыш болуп, жапайы жаныбарлар жана камыштын ичи илбээсинге толо болчу экен. Кыш тез эле келип, кар жаап суук боло баштаганда калып калган адамдар жертөлөлөрдү казышып, кыштап чыгышат. Тамактарын болсо чилдерге, кыргоолдорго, каз-өрдөктөргө аңчылык кылышып, эттеринен сонун тамактарды жасашып жашап калышат. «Кой деген кожосу, айдаган эшени жок» эркин жашап, туулган жерлерине баргысы келбей ушул жерде жашай башташат.
– Жертөлө деген эмне?
– Жертөлө деген, ал кезде бул жерлерде тамдар болгон эмес. Кар жаап, айлана суук. Жашоо керек да. Жерди казышып, ичине камыштардан оруп келип, астыларына төшөп, анын үстүнө кургак жумшак чөптөрдөн салышып жашап калышат. Жертөлө аларды сууктан жана жолборстордон, карышкырлардан, арыстандардан коргогон.
– Арыстандар менен жолборстордон коркушчу эмеспи?
– Адамдардан бардык жаныбарлар коркушат. Илгери кудай бардык жаныбарларга айла-амалдарды бөлүштүрүп берет экен. Ташбака жолдо келе жатса алдынан сагызган жолугат. Ташбака сагызгандан сурайт, «илени10 кимге берди?» – деп. Сагызган шакылыктап, «илени адамга берди» —дейт. Анда ташбака, «адам асмандагы бүркүттү колго түшүргөн, суудагы балыкты кармап ала турган илеге ээ болуптур да. Адамдан эч нерсе качып кутулгус болуптур да деп үшкүрүнүптүр.» Ошондуктан бардык жаныбарлар, чоң-кичине дебей адамдардан коркушат.
– Жаныбарлар менден да коркушабы?
– Ооба, сен адамдын баласысың да. Азыр баласың, жашсың. Убагы келет, адамдардын керегине жараган азаматтардан болосуң.
– Апа-а, баскым келбей жатат. Бир аз дем алалы.
– Кел анда. Белиме көтөрүп алайын. Тээтиги дарактардын көлөкөсүнө барып эс алабыз. Күн да ысып кетти. Курсагың ачтыбы?
Азирети Айып булагы
– Ооба. Нан жегим келип жатат. Чоң энеси түйүнчөгүн ачып нандан сындырып берди. Көлөкөгө жеткиче чыдап барабыз аа, уулум. Аз эле калды. Оногу шаардын үстүндөгү адырларды көрдүңбү? Ошол жердеги жашыл болуп турган дарактарды көрдүңбү? Ошол жердин астынан булак чыгат. Булактын суусу ысык. Бардык кеселдерге дары экен суусу. Ошол жер Азирети Айып деп аталат. Илгери, илгери бир Айып деген пайгамбар жуунуп жатса, үстүнө алтын чегирткелер түшүптүр. Ошондо Азирети Айып аларды кармап, кийиминин ичине уучтап сала баштайт. Аны көргөн кудай, «эй, Айып! Сага жетишерлик байлык бердим го. Мал-мүлккө тойбодуңбу?» – деп сурайт. «Оо, жараткан кудуреттүү Кудайым! Сен мени мал-мүлккө, байлыкка тойгуздуң. Бирок сенин берип жаткан берекелериңе пенделериң эч тоё албайбыз», – дейт Азирети Айып. Кудай ага сыноолорду жөнөтүп, мал-мүлктөрүнөн, бала-чакасынан ажырайт. Жүрөгү менен тилинен башка бүт денесин жара басат. Денеси сасып кеткендиктен анын жанында адамдар чыдап тура албайт. Жаралары ириңдеп, курттап кетет. Даба болчу жер издеп ушул адырларга аялы экөө келип туруп калат. Жарасындагы курттар анын этин жеп тойгондо денесинен түшүп кетсе, ал курттарды жерден алып кайрадан мурдагы ордуна салып койчу экен. Ошондой күндөрдүн биринде Азирети Айып ошол жердеги булактын жылуу суусуна жуунуп жатса, денесиндеги курттардын бардыгы тоголонуп түшүп жаралары карттанып, бир аздан кийин жаралары «сен көр, мен көр» болуп жок болуп кетет. Булактан бир уурттам суу ичет. Денеси мурдагы калыбына келип, эч качан оорубагандай болуп калат. Ал кайрадан бала-чакалуу, мал-мүлктүү болот. Ошол булак чыккан жер Азирети Айып деп аталат. Аердин атын уккан кеселмандар туш тараптан келишип, булактын суусуна ичип, жуунуп кеселдеринен айыгып кетишет.
– Мен ошол булакты көргүм келип жатат. Ошол жакка барбайлыбы?
– Биринчи тайатаңдардыкына баралы. Алар менен учурашып, аман-эсендигин билгенден кийин, ошол жакка жол болуп калса барып калабыз, уулум.
– Арыбаңыз эже. Алыс жолдон келе жатат окшойсуңар? Чарчаган түрүңөр бар. Каерге барасыңар?
Экөө аңгемеге алаксышып, атчан адамдын жанына келип калганын байкабай калышыптыр. Жадегенде аттын дүбүртүн да укпаптыр. Калпак кийген, муруту шаптай болгон жигит аларды күлүмсүрөп аттын үстүндө эңкейип карап туруптур.
– Ак-Башка, Таштак айылына айланайын. Акмандан келе жатабыз, – деди таенеси. Төркүндөрүмө баратам. Байжигит ажынын уулу Сайранбай акамдикина. Туугандар менен учурашып келели деп уулум экөөбүз эртең менен чыкканбыз. Жалал-Абаддан бери жөө келатабыз.
– Сайранбай акани тааныйм. Аябай кыйналганыңыздар жүзүңуздөрдөн көрүнүп турат. Эже, сиз атты миниңиз да бул азаматты учкаштырып алыңыз. Атым жоош, басыгы жакшы. Төркүндөрүңүзгө жеткенде ошол жерге байлап койсоңуз, мен барып андан ары минип кетем.
– Атыңды бизге берип, өзүң жөө кетесиңби? Андай болбойт, үка.
– Эже, мен жашмын. Бул жолдорду күндө басып жүрүп көнүп болуп калгам. Сиздер алыстан келе жатыпсыздар. Нары балаңыздын аябай чарчаганы көрүнүп турат. Сиздердин ушул абалыңызды көрүп туруп, мен кантип бастырып кетем? Көпчүктү оңдоп берейин. Эгэрге11 сиз миниңиз, балаңызды учкаштырып аласыз. Мен чылбырды чечип, балаңыздын белинен сизге байлап койойун. Чарчаган неме ат үстүндө уктап калбасын. Ал байбичени колтугунан сүйөп атка мингизди. Калдарбекти эки колтугунан көтөрүп учкаштырып койду да чылбырды Калдарбектин белинен байлап, чылбырдын эки учун байбичеге берди.