Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын Урпагы. 3 китеп

Жанр
Год написания книги
2018
На страницу:
291 из 296
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Кыргызда Орустарда

1.Жалган куран Январь Куран деп эликтин текесин айтат.

2. Чын куран Февраль

3. Бугу Март

4. Кулжа Апрель

5. Теке Май

6. Башоона Июнь

7. Аяк оона Июль

8. Тогуздун айы Августь

9. Жетинин айы Сентябрь

10. Бештин айы Октябрь

11.?чт?н айы Ноябрь

12. Бирдин айы Декабрь

БАЙЫРКЫ ЗАМАНДАРДА

(УЛАМЫШ)

Касиетт?? ата-бабабыз ?ск?н Тешик К?л жайлоосу. Батыштагы тоолордон т?з??д? карай жайлоонун тентек жели закымдап согуп турат. Бул жерге токумдай эле булут пайда болсо, жаан жаап анан ачылып кетмейи бар. Ылдыйда соккон желге бетин чыбырчыктатып кош к?л жатат. К?лд?н айланасында суу куштары ак чардактар кайкып учуп, суучулдуктар жээк мене закымдап канат сабайт. Эки к?л жер алды аркылуу биригип, э?кейиштей агып Ийри Сууга, Ийри Суу Балгартка келип куят. Анан айтылуу буркан-шаркан т?шк?н Нарын дарыясы.

Биз топ балдар с?зм?р карыяны тегеректеп отурабыз. Аксакал биздин ата-бабабыздын санжырасын жакшы билет эмеспи. Анын оозунан чыккан алтын с?зд? ты?шап эле угуп тургу? келет. Узак жашка барган карыя далаты таяп калса да, ары демд??, ары акылдуу айтканы эби менен китептин с?зд?р?нд?й ширел?? чыгып, уккан жанды эргитет. Биз чачыбызды тасырайта алдырган чыт курсак балдар анын оозунан чыккан кереметт?? баянды ты?шайбыз. Карыя бизди б?рк?тт?к?нд?й к?зд?р? менен бир карап алды да:– Ой, жумарымбектер, шымы?ар шыпырылып калмай болду, мен ?тк?н бабалардын санжырасын айтып берейин. Бул уламаны жигит курагымда уккан элем,-деди ?н?н бир аз жайлата. Биз анын оозунан чыккан с?зд?рд? ты?шоодобуз. Карыя санжырасын баштады: – Адыр менен т?з??д?рд? шамал ойноп, жылгаларда т?лк? жойлоп, к?н токтобой айланып, пендеге билинбей замандан заман оошту. Ошол байыркы-байыркы мурунку ?тк?н кылымдарда кыргыз элине, жерине кыжылдаган калмактар сес к?рс?т?п ?ст?мд?г?н салып турду. Ошентип Алсейит ата М?й?зд?? энеге ?йл?нд?. М?й?зд?? эне Жамангул, Бапа деген уулдарды т?р?д?. Ошол заманда Жамангул атанын Б?р? деген досу болгон. Элдин биримдигин каалаган Б?р? чечен ары ?л?мд?н коркпос баатыр эле деп айтылат. Ал колго т?ш?п кетип он жылдай калмактарга к?з каранды болгон аны менен кошо башка кыргыздар да к?з каранды болуп турду. Ошол учурда калмактардын тайшысы Б?р?н?н айлына келет. Анын урматына айылда чо? той жана к?р?ш ойну башталды. К?р?ш ойнун калмактар жогору баалашчу. Мелдешке кыргыздар тараптан Б?р? баатыр т?ш?п калат. Элди башкарган тайшы Б?р?г?: – Б?р? балбан, сен баатыр болсо? биздин калмак баатырын жыгып бер, жыкпаса? ?м?р боюу бизде к?з каранды болуп ж?р?с??, эгерде жыкса? бобул кыргыздар менен ?з ата-конушу?а кете бер,– дейт.

– Акылман тайшы айткан с?з??? турасы?бы?– дейт Б?р? баатыр.

–Турам, оозуман чыккан с?з ант,– дейт тайшы к???лд?н?.

Ошол мелдеште Б?р? баатыр же?ишке жетишет. Калмак тайшысынын убадасы боюнча Б?р? же ал жердеги кыргыздар баары эркиндик алып бошонот. Б?р? кыргыздар менен к?лг? карай к?ч?п ж?н?йт. К?лг? келсе эч ким жок, калмактардын да алы кетип ?з жерине к?ч? качып жаткан экен. Ансыз деле калмактардын к?ч? кетип, алар чыгышка карй с?р?л?т. Бул кезде бийлик талашып, ич ара согушуп жаткан болчу. Т?шт?кк? кеткен кыргыздар кайра ?з жерине келип отурукташа баштайт. Алсыз кыргыздар кокондук ханга к?з каранды болуп калды. Ошондо кокондуктар ак ?йг? ?й-б?л?с? менен билимд?? киши жибергиле, бул жерден силер менен болгон карым-катнаш алаканы ж?нг? салып турсун дешет. Анан бугу уруусу Жамангулдун баласы Т?р?кочкорду аялы менен Кокондук хандын ак эшигине кызматчы кылып жиберилет. Т?р?к?чкор ишке берилген, ?з элин с?йг?н, баатыр сымал мусулман дининин ж?р?лг?с?н жакшы билген адам эле. Ошол сапатын туугандары туура баалап аны аялы менен алыска жибер??н? ыйлайык табышты. Анын аялы белсемд?? баатырдын кызы болуп, ??д??-т?ст?? ма?дайы жарык жаркылдаган ургаачы болчу. Т?р?к?чкор менен жан д?йн?с? бир болуп, булар башынан туура табышкан ынак курбулардан эле. Аты Токтоайым болчу. Бирок жыл айланбай ак ?рг??д? ж?рг?н Т?р?кочкор атага уу берилип жок кылынды. Токтоайымды ак сарайдагы бир?? алмак болуп жаман алаамат башталат. Токтоайым эненин боюнда бала калган эле. Эне аман-эесн т?р?йт. Атанын керези боюнча балага Сейит деген ат коюлат. Анткени атанын Сейит деген досу болгон экен. Эне «Тулпардын туягын аман-эсен туулган жерине жеткирсем»– деп кудайдан аябай тилеп санаага батат. Бугу уруусундагы адамдар да Кокон хандыгына барып, баатырдын жарын жана баласын алып кел??н? басса-турса ойлонушат. Белектин тукуму Ак?ч? деген атка чак, тайга же?ил баатыр атактуу дубанга белгил?? Желжетпес деген к?л?кт? минип атадан калган жалгыз тукумду куржуна салып Те?ир Тоого алып келиптир. Баланын Сейит аты ?ч?п куржунда келгендиктен эл аны Куржун деп атап калыптыр. Куржун ата алты балалуу болгон. Анын улуу баласы Торгой эле. Ал беш эркек ?ч кыздуу болот. Торгой атанын улуу баласы Беккулу болчу. Санжыраны айтып жаткан кары ж?т?л?п, бир азга тыным алып анан алтын с?з?н улантып кирди. Беккулу жаш чагында суукка урунуп оорулуу болуп анан о?олуп кетти. Ал ?ч аял алып, бирок балалуу болбой ж?рд?. Улуусу Ак келин, ортончусу Сулуу келин, ал эми кич??с? Наз келин деп аташкан. Аларды ошол ??? т?с?н? карап аташкан. Баарысы те? акыл эст?? болуп, сырткы кебете- кешпири жагынан жаратканым эчтекени аяган эмес экен. Бирок аларга кудай этегинен айтпай бир дагы тукум бербей койбодубу. Ургаачынын тукумсуз болушу ?з?нч? эле кордук эмеспи. Беккуулу Белек баатырдын тукумдары менен алыш-бериш алакка т?з?п ж?рд?. Таалайга жараша аларды Белек тукуму да жакшы к?рч?.

Уланып к?нд?р ?т?п жатты. Тукум жоктугу атанын да капалантты. Ал ?з?н?н капасын бир к?н? кич?? иниси Майназарга айтты: – Иним, канча кылса да бир жатындан чыкпадыкпы. Короомд? толгон кой, адырда ?й?р-?й?р жылкым бар. Бирок аларга ким ээлик кылат. Аны багаар балам жок, жоо алка-жакадан алып турганда душманга, тууганга сес к?рс?т?п, камчы ?йр??р тукумум жок кор болот экенси?,– деп арманы т?т?п турду. Ошондо агасынын айтканын Майназар иниси угуп арманданды. Беккулу кайраттанып чы?алды. Бирок Майназар ары ойлонду, бери ойлонуп:-?ч аялы бар агам «Атаке» деп айтаар тукумсуз калабы, кой алдынан бак айткан ылайыктуу ургаачы издейин деп, эки жактан акмалап, айылдан айыл аралап, агасына т?п келген жар издей баштады. Ошентип Беккулунун иниси Майназар тапкан Жумгалдык саяк уруусунан чыккан Кургакч?к?нд?н ак жуумал бетинен нур ойногон татынакай кызы Кутб?б?г? ?йл?н?т. Ал ары акылман, адамдын жан д?йн?с?н тере? байкаган ургаачы эле. Беккулу ата дагы бир ургаачыга ?йл?нг?н?н? кубанбай ушул алган жарымдан балалуу болсом экен деп, ?м?т? астыга умтулуп, жылдыз болуп жанып учуп турду.

Анын мингенге басыгы же?ил чабдар аты бар эле. Ошол жаныбарды минип Чалкашка айгырынын ?йр?н к?р?п келейин деп, Ак Кыяны аралап, К?к Кыяга сапар кетип баратты. Анын санаасы алдыга учуп, жылкы издебей эле балалуу болсом экен деп жараткандан бала издеп бараткандай болду. Тоодон ылдый т?ш?п, т?з??д?г? байтак жол менен кетип баратты. Ички д?йн?с? э?ги-де?ги болуп кетип баратты. К?п ?тп?й айланасынан ыйлаган баланын ?н? чыккандай болду. «Бул эмне мага угулган жа?ырыкпы» деп эки жакты карады. К?н т?б?д? тийип, айланада жайдак жер. Бала к?р?нб?йт. Тараптан шы?гыр добуш чыгып анан кулундун ичке доошу созула берип жа?ырды. Ал эки жакты суктана карады, Анан дагы кулагына бир эне ко?ур ?н менен бешик ырын ырдап жаткандай туюлду. Атчан адам жанаарак:– «Баланын ?н? чыкты эле, эми кулундун ?н? жа?ырып, кайра бешик ыры ырдалды» деди. Жакын жерде эч кандай кыймыл байкалбайт. Атчан бараткан адам та? калды. К?п ?тп?й абада ша?шыган куштун с?рд?? ?н? жа?ырды. Адам К?к? Те?ирди та? кала карап калды. Ободо эч кандай куш карааны жок эле. Бирин-экин чымын чиркейлер, к?п?л?кт?р калкылдап учуп ж?р?т. Кетип бараткан чабдар атчан «айланадан баланын, кулундун жана куштун с?рд?? ?н? кулагыма угулду» деди. Ал алды жакты карады. Тээ береги алда кайдан т?т?кт?н каза болгон Жыргалбайдын к?мб?з?н?н бери бир ак боз атчан киши келатканын к?рд?. Чабдар атчан киши аны карап ойлонуп калды. Издеп ж?рг?н жылкылары эстен чыгып кетти. К?п ?тп?й ак боз атчан алды жагынан чыга келди. «Мага кандайча ылдам эле жете келди жана эле тиги кырда эмес беле» деп та?данды. Ак боз атчан киши жакындап келатты. Ат ?ст?нд?г? адам улгайган карыя экен. Далай жашка барса да, ты? к??л? элести берет. Алдында мингени бул жердин жылкыларына окшободу. Чабдар атчан Камбар ата тукумуна ?т? сынчы аяр адам эле. Канча кылса да к?нуп-к?ч?п ж?рг?н тоолуктун баласы эмеспи. Жылкы жаныбарга ынак малсаак болуп ?ст?. Буттарынын с??г? жазы келип, алты ай басса арыбас, он к?нд?к жолго чыкса чарчабас сыяктанып, жамбаш жагы кенен келип, жарыктыктын жал куйругу к?нг? к?м?шт?н?п т?г?л?п турат. Анан дагы бир укмушу ак боз аттын чекесинде карарган тагы к?р?н?п турат. Жаныбарды к?пк? карап калды. «Бул мал кайсы жердики. Биздин ч?лк?мд? мындай тулпар жок эле го, калмактар тараптан мындай малды к?рг?н эмесмин. Кебетеси т?шт?к тараптан оошуп келсе керек. Адамдын к???л?н ?з?н? тартып турган тулпар экен,-деди. Бул жаныбар тоо кайып менен суу кайыптан жалгашкан мал экен. Араптардын таза кандуу аргымактары ушундай болчу эле го» деп ойлонду. «?тк?н жылы ко?гуроолуу кербенчилерди коргоп келген сакалчан кара баатырдын аты ушундай ыргыштап турчу эмес беле». Ак боз атты минген карыя жакындай берди. Беккулу карыяны берил?? менен карап калды. Абышканын сакалы куудай ак бирок ???нд? т?г?нб?г?н кайраттын элеси т?г?л?п турат. Сыйды акылман экени сезилип турат. Карыя биздин адамга жакындады. Биздин адам атынын тизгинин тартып ?з? биринчи салам узатты:

– Атсаламалекум ата, келаткан жолу?уз байсалдуу болсун!

– Алекума салам балам, сени менен бир болсун!– Карыя бир азга Беккулунун жан д?йн?с?н теше тиктеп калды да,– Балам жок издегени? ????д?н билинип турат. Буюрса сенин ?й??д? да шаттыктын ?н? жа?ырат,– деп жан ч?нт?г?н?н ?ч саканы алып берди. Беккулу ыраазы болуп:

– Ырахмат ата жакшылыгы?ды ?м?р боюу унутпаймын,– деп аны алкай ичинен жакшы карыя экен,– деди.

Беккулу атынан т?ш?п канжыгасындагы улактын терисинен жасалган кол чаначтагы кымызды ат ?ст?нд?г? карыяга сунду. Карыя чаначты же?ил гана алып кымызды кылкылдата жутуп, кол чаначты кайра ээсине берди.

– Балам ?м?р?? болсо баары болот «Оомийин каалаганы?ы ыйык те?ирим берсин» деп бата жолдоду да,– Кой, мен жолдон калбай кетейин – деп акбозду камчыланып закымдай ж?н?й баратты.

Биздин киши «мага бул карыя эмне ?ч?н ?ч сака берди бешти же онду деле бербейт беле»– деп ойлонду. Ошондо анын кулагына «Ушунчага эле ыраазы бол!» деген жа?ырык жа?ырды. Ал артына бурулуп карыяны карады. Атчан адам ашып-шашып кетип бараткансыйт. Токтой турган т?р? жок. Жердин шарын айланып чыкчудай. Ч?нт?г?нд?г? сакаларын к?рг?с? келип турду. Алып к?рд?. «Тоодо ж?рг?н кайберендин чо? ч?к?л?р? экен. Жакшы сака болот балалуу болум калсам ошолор ойносун»– деп кайра ч?нт?г?н? салып койду. Анын эсине ч?к? ойногон балалыгы келди. «Бирок кайсы балам ойнойт»– деп санаага батты. Ошондо кулагына ?н жа?ырды. «Капаланып келечеги?ен ?м?т ?зб?!»– деген доош келип турду. Ал бурулуп азыркы атчанды карагысы келди. Артын акмаласа алиги карыядан дайын жок. Артында ?з? кеткен талаа созулуп жатат. Талаа бетинде агарып жалгыз аяк жол созулуп жатат. Ак боз атчан мейкин талаанын четине чыга калгандай болгон жок эле го, кайда си?ип кетти,-деп биздин адам та? калды.

Чабдар атчан кетип баратат. Келечеги б?д?м?кт?н?п, к???л? ч?г??к? болду. «?ч аял алдым, Бала жок, уям тунжурайбы».

Акыры ал кайтып ?й?н? келди. Ал улуу байбичеси Ак келиндин ?рг??с?н? бурулуп, к???лс?з чабдар аттан т?ш?п, жол ж?р?п чарчаган окшойт чепкенин айкарасынан жамынып жата кетти. Анын башына « Жаш курагым да ?р таянып баратат баласыз ?т?мб?» деген ой калкылдап туруп алды.

Аба салкындап, к?нд?зг? жылуулук качып, алыскы тарап тынчтыкка даярданат. К?н батканга камынып, улуу тоолор к?л?к? жамынып, жайлоого кеч келатты. Жайытка кеткен мал т?н?г?н? кайтып жаткан. Ак келин бир абысыны менен бээни саап б?тк?н. Жылкылар д?б?рт таштап оттогуна кетип жаткан. ?йг? кирип ак келин Беккулуга кайрылды:

– К??г?и кирип келатат, байым, кечинде т?ш?к жамынып жатчу эмес. Баса б?г?н кайда барып келди??

– Чалкашканын ?йр?н к?р?п келдим. Андан башка жок издеп келатам. Жогум табылган жок,– Ак келин с?зд?н маанисине т?ш?нг?н жок.

– Жолдон бир??н? жолуктум.

– Ал ким экен. Эмне деди?

– Эчтеке деген деле жок. ?ч сака берди,– Беккулу ч?к?л?рд? аялына сунду. Ак келин та? кала сакаларды алды: – Кебетеси тоо кийигинин ч?к?л?р? окшойт, чо?дугуна караганда,– деди Беккулу.

– Жакшы аппак ч?к?л?р экен. Улгайган киши сага жаш баладай ч?к? бергенин караса?,– деп Ак келин каткырып к?л?п калды. – Илгери ?м?т менен балалуу болсок ошолор ойносун,– дегени го. Тактанын астындагы ч?к? салынган тулупту алып, сакаларды ошого кошуп койду.

Ошентип жылдыздар чыгып акырындык менен т?н к?ш?л?т. Ошол т?н? Буккулу ата т?ш к?рд?. Т?ш?нд? ?й?н? карай ?ч кыраан куш канат кагып учуп келатты. Аны ээрчип жайнаган топ куштар Беккулунун б?з ?й?н?н ?ст?н? уя салып мекендеп киришти. Куштарга Беккулу ата ?з колу менен жем берип жатат. Эртеси бул т?шт? «к?з тиеби» деп эч кимге айткан жок. Жакшы аян берген т?шт? к?пк? чейин эстеп ж?р?шт?. Ошондон к?п ?тп?й акыркы алган жары жаратканымдын буйругу менен ыйык эне Кутб?б?: Курумшу, Б?т?б?й, Шо?ко деген ?ч бала т?р?д?.

Ошол ?ч бала бой керип чо?ойду. Анын уландары к?лд?н айланасын мекендеп кыргыздын кыйрын аралады. Бир адамдын тукумунан к?пт?г?н т?т?н булап укум-тукуму уланып жатты. Атанын урпактары То? Районундагы Темир Канат жана Большевик айлындагы калкты т?з?п турат. Андан башка к?пт?г?н жерлерде бар. Темир Канат айлы б?т?нд?й Беккулу атанын тукумдары. Бул элдин айлы Курумшу, Ураалы, Б?т?бай, Шо?ко деген тукумдарынан таралган. Касиетт?? Темир Канатты Беккулу айлы деп койсо да болот.

Баятан бери санжыра айтып жаткан карыя чарчап калган окшойт бир азга эс алып, анан с?з?н улады:

– Баягы Беккулу атага жолдон жолуккан Боз атчан киши бакыт даарыган Кыдыралейсалам эле. Ал баардык эле кишиге жолуга барбайт. Сейрек гана адамдарга жолугат. Ага кезиккен адамдын бактысы ачылып, тукуму уланып кетет. Атага Кыдыралейсалам жолукпаса туяксыз болуп калат беле ким билет. Анда биздин бул д?йн?г? келишибиз арсар болот болчу. Ырас ал атабыз Кыдыр алесаламга жолугуп жаратканым жалгап анын тукумдары к?б?йб?д?б?. Ал эми тарыхта тукумсуз ?т?п унутулган пенделер ааламда арбын эле эмеспи. Атанын боз ?й?н? келип конгон ?ч куш: Курумшу, Б?т?бай, Шо?ко уландары эле. Бул баян улама болсо дагы турмуш менен айкалышкан чындыгы бар болуп жатат. Ушу а?ыз санжыраны мен атамдан уккам. Атам ?з атасынан уккан экен. Биздин жети атабыз ушул улама санжырада унутулбай айтылып келатат. Ушул баян кеп биздин т?пк? атабыздын санжырасынын бир б?рк?м? гана. Ал эми кийинки жолукканда калган уламаны айтып берем деп асыл карыя с?з?н аяктады. Санжырачы баянын б?тс? да биз тунжурап ойго батып калдык. Байыркы аталарызбыздын санжырасын угуу биз ?ч?н канчалык кубаныч, канчалык таалай. Алар биздин к?з алдыбызга тирилип келгендей болду.

К?н ачык. Алыстан аба термелип закым жасайт. Ыйык к?н ?з сапарын улап кетип баратат. Айланада чыккан суурдун ?н? болбосо тарап тынч. Ободо бир б?рк?т ?н салып чыгышка карай канат сермеп токтобой учуп баратат. Кыраан учуп канат сермеп, баатырдыкты к?рс?тп?с?, ал жашай албай калат. Ата бабабыз ?ск?н касиетт?? Тешик К?л акырын к?б?к чачып жайкалат. Жел менен жаралган тармал толкундар жээкке карай тынымсыз келип- кетип турат. Бул жер ошол санжырада айтылган биздин бабаларыбыздын ыйык турагы

***

Асмандап учкан ылаачын,

Жет?? экен к?з салсам.

Жете албай келген ?м?рд?,

Жети атам тура санасам.

К?кт? учкан шумкардын,

Жет?? те? чыкты карасам.

Жеткис жылдыз ??д?нг?н,
На страницу:
291 из 296

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров