Оценить:
 Рейтинг: 0

Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Год написания книги
2016
1 2 >>
На страницу:
1 из 2
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля
Манифест. Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести
Кубан Чороев

Колу?ардагы китепте экономист Кубан Чороевдин Кыргызстандагы Улуттук банк башында турган акча системасына жана анын кыргыз элине кылып жаткан кыянаттык саясатына болгон к?з караштарын чагылдырган ММКларга жарыяланган макалалары жана интервьюлары жыйнак т?р?нд? берилген. Ошондой эле Кыргызстандагы насыя алуучулардын укугун коргоо элдик кыймылынын эки манифести те? жарыяланган. Манифест б?г?нк? к?нд? ж?з ми?деген жарандын колдоосуна ээ болду. Эми манифестти ишке ашыруу элдин колунда.

Манифест

Кыргызстандагы насыя алуучуларынын укугун коргоо элдик кыймылынын манифести

Кубан Чороев

© Кубан Чороев, 2016

ISBN 978-5-4483-2126-9

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Улуттук банк кризистен чыгармак, бирок…

Кыргызстан экономикалык депрессиядан чыгуу ?ч?н акча реформасын жасоо зарыл жана Улуттук банкты улутташтыруу керек

Б?г?нк? к?нд? Кыргызстандын экономикасы монетардык терминдер менен м?н?зд?г?нд? эки терс жагдайга кабылып турат: бир жагынан экономикабызда долларлашуу процесси ж?р?п жатса, экинчи жагынан сомдун массасы кескин т?рд? т?м?нд?п кетти. Аталган жагдайлар экономикабыздын жакынкы келечектеги ?с?ш?н? кооптуу абал жаратты. Мындай абалды биз экономикалык депрессиянын башталышы деп айтсак жа?ылбайбыз. Коомдо экономикалык б?д?м?к абалга байланыштуу экономикалык активд??л?к ?т? т?м?н де?гээлге т?ш?п кетти. Эми бул абалдын келишинин себептерин жалпак тилге салып, чечмелегенге аракет кылып к?р?й?н.

Куну кеткен сом, к?к?л?г?н доллар

Акыркы он жылда ?лк?д?г? улуттук валютабыз – сомдун массасы жылдан жылга ?с?п келаткан эле. Ал эми ?тк?н 2014-жылдын он бир айында сомдун массасы 22.7 млрд. сомго азайып кетти. Мындайча айтканда, экономикабызда болгон сомдун массасынын ?чт?н бир б?л?г? кыскарып жатат. Бирок сомдун массасынын кыскарганына карабай, инфляция 2014-жылдын акыркы он бир айында 10,2% т?зд?, салыштырмалуу мурдагы 2013-жылы инфляция 4.4% т?зг?н эле. Эмне ?ч?н мындай кызык абал т?з?л??д?? Ар бир экономист билгендей, инфляция бул акчанын к?л?м? к?б?йг?нд? боло турган экономикалык к?р?н?ш. Ал эми ?тк?н жылы акчанын – сомдун к?л?м? 30% чейин азайып жатса, бул инфляция кайдан келип чыкты деген суроо туулат.

Экинчи кызык жагдай, бардык коммерциялык банктар «сом менен биздин банкка депозит салы?ыз, пайыздар к?т?р?лд?» деген жарнактарды илип жатышат. Ал эми ошол эле убакта Улуттук банктын статистикасын карасак, банктарда сом менен салынган депозиттер акыркы жылда кескин кыскарып кетти. ?ч?нч? кызыктуу жагдай, Улуттук банк 2014-жылы сомдун курсунун туруктуулугун кармаш ?ч?н валюталык резервинен 516 миллион АКШ долларын коротту. Мындай ири сумманы Улуттук банк буга чейинки турмушунда короткон эмес, бирок буга карабай доллар 2014-жылдын башында 49 сом болсо, жылдын аягында 60 сомду т?з?п, 11 сомго же 18% кымбаттап кетти. Бул деген Кыргызстанга келген импорттук товарлар жана дары-дармектер 18% кымбаттады дегенди билдирет.

?йд?д? айтылып кеткен жагдайлардын себептерин экономиканын долларизациясы же долларлашуусу менен т?ш?нд?рс?к болот. Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2014-жылдын ноябрь айына карата экономиканын долларлашуу де?гээли 58.2% т?зг?н. Бул биздин экономикабыздагы коммерциялык банктарда депозиттерде жаткан доллардын к?л?м? жалпы акча массасынын 58.2% доллар т?з?т дегенди билдирет. Ал эми банктардан тышкары жаткан накталай долларларды кошкондо, мындан да бир кыйла доллардын пайыздык к?л?м? ?йд? болору анык. Д?йн?л?к стандарттарга таянсак, бул к?рс?тк?ч 50% ашканда ?лк?н?н улуттук акча системасы к?з?м?лд?н чыкты жана ошол ?лк?н?н Улуттук банкы ?з ж?нд?мд??л?г?н жоготуп, акча системасын к?з?м?лд?й албай калды деп бааланат. Эгерде абал ушул нукта ?н?г? бере турган болсо, анда улуттук валютанын жана Улуттук банктын мындан ары кереги жок болуп калышы ыктымал. Анткени, анын коомго болгон пайдасынан ?з?н?н жеген куну к?п болуп калышы м?мк?н.

Кайда барба доллар

Экономикабыздагы долларлашуунун т?пк? себеби биздин Улуттук банк акча системасын натыйжалуу к?зомолд?й албагандыгынан улам сомдун туруксуздашып кеткенинде жатат. Кыргызстанда жарандар жана ишканалар сомго ишенбегендиктен, бардык чогулткан аманаттарын долларга айландырып, доллар менен сактай баштаганы бардыгына белгил??. Кыргызстанда бардык [битая ссылка] рыноктук келишимдер доллар менен ж?р?т.Автоунаа сатып аласызбы, ?й аласызбы, жер аласызбы, бардыгы доллар менен ченелет жана иш ж?р?т. Демек, сом ?з?н? ж?кт?лг?н акча функцияларын аткарбай калган. Ал эми 2014-жылга чейин ?лк?н?н долларлашуу де?гээли 50% чейин эле. Бул ал кезде Улуттук банк акча саясатында таасирд??р??к болуп, абалды туруктуу кармоого ж?нд?мд?? болуп келгенин к?рс?т?т. Бирок 2014-жылы сомдун курсу кыйла т?м?нд?й баштаганда элдин жана ишканалардын Улуттук банкка болгон акыркы ишеничи такыр жоголуп, экономикада толук долларлашуу багыты к?ч алды.

Эми эмне ?ч?н б?г?нк? к?нд? сомдун куну жоголуп, доллардын курсу ?с??д?? Т?ш?нд?р?п бер??г? аракет кылайын.

Биринчиден, долларга болгон суроо-талаптын чукул ?с?п кет??с?н? кандай жагдайлар т?ртк? берерин жогоруда т?ш?нд?рд?к.

Кыргызстанда ?й сатуу-сатып алуу доллар менен гана ж?рг?з?л?т

Экинчиден, сомдун долларга карата арзандашы экономикада сомдун массасынын ?с?ш? менен тыгыз байланышта. Эми кандай учурларда сомдун массасы экономикабызда ?с?п кетет? Биринчи, эгерде Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунан доллар сатып алса, сомдун массасы ?с?т. 2014-жылы Улуттук банк биздин валюталык рыноктон доллар сатып алган жок, тескерисинче 516 млн. АКШ долларын сатты.

Экинчи жол, Кыргызстандын ?км?т?н?н Улуттук банктагы акча эсебине башка ?лк?л?рд?н жана д?йн?л?к донордук-кредиттик уюмдардан акча келгенде. Ал акчалар доллар менен келет, ал эми ?км?т сом менен бюджет аркылуу сарпташ керек да. Мисалы, Орусия федерациясы 500 млн. доллар которду дейли кыргыз ?км?т?н?н эсебине. Аны Улуттук банк ?з?н?н резервине салат дагы, бир доллар 60 сом деген курс менен жа?ыдан басылган 30 млрд. сомду кыргыз ?км?т?н?н казынасына которуп берет. ?км?т бул акчаны бюджет аркылуу коротот. ?км?тт?н чыгашасы кимдир бир??н?н кирешеси болот эмеспи. Андыктан бул 30 млрд. сом акырындап биздин экономикабызга агылып кирет. Бирок эл жана ишканалар «кирешелерди долларга которуп коёлук, сом арзандап кетет» дешип, доллар ала баштаганда суроо-талаптын к?б?й?ш?н?н улам доллар сомго карата кымбаттай баштайт. Мына б?г?нк? к?нд?г? доллардын кымбатташы ушундан келип чыгат. Анан кийин кезек Улуттук банкка келип жетет. Башкача айтканда, доллар кымбаттап жатат деп эл д?рб?л??г? т?шк?нд? Улуттук банк баягы ?з? басып чыгарып, ?км?тк? берген сомдорун баягы Орусия которгон доллар менен кайра сатып ала баштайт. Бирок Улуттук банк ?км?тк? бергенде курс бир доллар 60 сом болсо, кайра ошол сомдорду сатып алгыча бир далай убакыт ?т?т, доллар кымбаттап, мисалы, бир доллар 70 сомго чыгат. Буга байланыштуу баягы 30 млрд. сомду Улуттук банк кайра 428.5 млн. долларга сатып алып, ортодо 71.5 млн. доллар пайда к?р?п, ?з?н?н резервин толуктай берет. Ортодо кордукту к?рг?н баягы эле кыргыз эли.

Ал эми Улуттук банктын т?рагасы коомчулуктун, массалык маалымат каражаттарынын, Жогорку Ке?ештин жана президенттин [битая ссылка] «сомдун куну эмне ?ч?н т?ш?п жатат?» деген суроолоруна «сезонго, Орусиянын санкцияларына байланыштуу, нефть кымбаттап кетти» деген негизсиз себептерди айтып, жайгарат. Же болбосо Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларга шылтап, ?з ишин уланта берет. Ушундай алдоо жолдору менен Улуттук банк мындайча айтканда, эбегейсиз байыган. 2002-жылы Улуттук банктын резерви 285 млн. доллардын тегерегинде болсо, азыркы к?н? Улуттук банктын резервине 1 миллиард 970 миллион доллар акча жыйналган. ?з???р ойлоп к?рг?л?ч?, Улуттук банк эч нерсе ?нд?р?п чыгарбаса, же сатпаса, бул резерв кайдан к?б?йг?н? Ошол эле убакта бул резервдердин к?пч?л?к б?л?г? чет элдик компаниялардын акцияларына айландырылып, чет ?лк?л?к уюмдардын кызыкчылыгына иштеп жатат.

Улуттук банкты реформалоо экономикалык ?н?г??г? жол ачат

Эми сомдун курсун коё туруп, Улуттук банктын реформасы тууралуу с?з кылалы. Жыйырма бир жылдан бери кыргыз элин кордоп келе жаткан Улуттук банкты канткенде кыргыз элинин кызыкчылыгына иштетебиз деген маселени к?т?р?п, 2014-жылдын 24-апрелинде президентке, Жогорку Ке?ешке, ?км?тк? 14 барактан турган Кыргызстанга «алтын сом» деген жа?ы акча бирдигин киргиз?? ж?н?нд? сунушумду киргиздим эле. Президенттин аппараты Улуттук банкка, Каржы министрлигине, Экономика министрлигине «бул сунуш боюнча экономист Чороев мырзага жооп бергиле» дегенден башка эч нерсе жасаган жок. Ал эми Улуттук банк эки жолу мени менен жолугуу ?тк?р?п, «талкуу ?тк?рс???з биз ага катышабыз, бирок биз ?з?б?з бул маселени к?т?р?п чыга албайбыз» деп тим болду. Бул маселе боюнча б?г?нк? к?нд? Улуттук банк ?з?н?н ачык позициясын к?рс?т? алган жок.

«Улуттук банк ж?н?нд?г?» мыйзамда ал кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына, анын ?с?ш?н? иштейт деген бир да с?з жок, ал мыйзамда сомдун туруктуулугун кармайт деген эле жобо бар. «Улуттук банктын активдери мамлекетке карабайт, Кыргыз Республикасына тиешеси жок жана Улуттук банк мамлекеттин милдеттенмелерин б?л?шп?йт» деп, ташка тамга баскандай кылып, бизге Д?йн?л?к валюта корунун юристтери жазып берген. Ошондой эле Улуттук банктын ишмерд??л?г?н? эч ким кийлигише албайт, анын резервдерин Эсепт?? палатасы текшере албайт, Башкы прокуратура эч бир кылмыш ишин козгой албайт. Сиздер массалык маалымат каражаттарынан Улуттук банктын башкаруучу кызматкери туура эмес валюталык интервенция кылып коюп, Башкы прокуратура тарабынан иш козголду дегенди укту?уздар беле? Бул жагынан караганда Улуттук банк ?з?нч? мамлекеттин ичиндеги мамлекет, булар ?з «т?ш?н?кт?р?» менен жашашат. Бул орган бир гана Д?йн?л?к банктын, Эл аралык валюта корунун директиваларын так жана ийкемд?? аткарат, анткени мыйзамдар менен ?з?л?р?н ошондой бекемдеп алган. Улуттук банк алардын колундагы «куурчак» десек жа?ылбайбыз. Анткени, ?з???р байкагандай, Улуттук банктын акча системасы канчалык мамлекетке с[битая ссылка] ырттан акчалай жардам которулган сайын эл ошончолук кыйналгыдай системада т?з?лг?н. Кыргызстанда инфляция жана девальвация болуш ?ч?н кыргыз ?км?т?н?н эсебине акча которуп коюу эле жетишт??, калган ишти Улуттук банк ?з? б?т?р?т.

Кыргызстандагы э? биринчи бийлик бутагы бул – президент эмес, ?км?т эмес, Жогорку Ке?еш эмес, Жогорку Сот эмес, биринчи э? таасирд?? жана эч кимге к?з каранды эмес бийлик бутагы бул – Улуттук банк. Ал ар бирибиздин ч?нт?г?б?зд? жаткан сомдун кунун аныктаган бийлик бутагы, бирок анын кунун жоготсо да жоопко тартылбайт. Бир?? ми? сому?уздун ж?з сомун уурдап алса, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, туурабы? Улуттук банк сомдун кунун каалагандай калчап, элдин мээнетин жеп жатса да, ал жоопко тартылбайт. Ага андай «укук» мыйзам менен бекитилген. Айты?ызчы, президент же ?км?т башчысы, эч ким менен ке?ешпей, сурабай, талкуулабай туруп, 516 млн. долларды бир жылда корото алабы? Ал эми Улуттук банк аны кылат жана эмне ?ч?н кылганын, кайсы банктарга, кайсы курста, эмне ?ч?н дал ошол банкка сатканы ж?н?нд? отчет бер??г? милдетт?? эмес жана ал ?ч?н жоопко да тартылбайт.

Араб мамлекеттеринин мисалы Кыргызстанда ишке ашабы?

Б?г?нк? к?нд? кыргыз бийлигинде жана коомчулугунда эки маселе турат. Биринчиси – бул Улуттук банкты жана анын активдерин улутташтыруу, мыйзамдарга ?зг?рт?? киргиз??. Экинчиден, Улуттук банк кыргыз экономикасынын кызыкчылыгына иштей тургандай акча системасын т?з??.

Биринчи маселени бийлик чечсин, мен экинчи маселени кантип ишке ашырабыз деген суроого сунуштарды берейин.

Бизге жа?ы эч нерсенин ойлоп табуунун кажети жок. ?н?кк?н Араб ?лк?л?р?нд?, бул маселени ?тк?н кылымдын 70-жылдардын башында эле чечип коюшкан. Катар, Араб Эмираты жана Сауд Арабиясында валюталык башкаруу системасы т?з?лг?н. Бул ?лк?л?р ?з акча бирдигин АКШ долларына бир курс менен байлап койгон. Мисалы, Катардын акча бирдиги риал бир долларга 3.64 курс менен, Араб Эмиратынын дирхамы 3.66 жана Сауд Арабия акча бирдиги риал 3.74 курсу менен 1971-жылы т?з?лг?н валюталык башкаруу мыйзамдары менен бекитилген. Ошол к?нд?н ушул к?нг? чейин кырк жылдан ашуун убакыт ?тс? да алардын валюталарынын курсу долларга карата ?зг?рб?й келет.

Биз дагы Улуттук банкты реформалап, айтылган валюталык башкаруу системасын т?з?ш?б?з керек. Б?г?нк? к?нд? буга биздин толук м?мк?нч?л?кт?р?б?з бар. Анын кыскача арифметикасы мындайча болуусу керек:

Улуттук банктын б?г?нк? к?нд? 1 млрд. 970.56 млн. АКШ доллар валюталык резерви бар. Ошол эле убакта, экономикабызда тегеренип ж?рг?н сомдун массасы 65 млрд. 340.5 млн. сомду т?з?т. Эгерде бул сумманы б?г?нк? доллардын курсу – бир доллар/60 сом деп б?лс?к, 1 млрд. 89 млн. доллар деген сумма чыгат.

Демек, бизге ушул тапта сомду бир доллар 60 сом деген кур менен т?б?л?кт?? фиксация кылып коюу ?ч?н 1 млрд. 89 млн. доллар гана жетишт??. Ал эми резервдеги калган 881 млн. АКШ долларын Улуттук банк биздин коммерциялык банктар аркылуу б?г?нк? убакта насыясы бар жарандарга кредиттерин кайра жа?ыртып, пайыздарын т?м?н кылып берсе, б?тк?л кыргыз элин оор насыяларынан куткарып, Кудайга жагаар иш жасамак эле. Бизде, ?зг?ч? айыл жерлеринде, кредиттеринен кутула албай, ?й-жайынан айрылган атуулдарыбыз аз эмес, кээ бир учурларда оор жагдайга туш келип, ?з?н ?ртт?г?нд?рд? да массалык маалымат каражаттарынан угуп, к?р?п жатабыз.

Эми мен бул жерде, бул системанын деталдарын жазып ж?рб?й?н, бул ж?н?нд? Америкадагы э? мыкты делген 10 экономисттин бири Жон Хопкинс университетинин профессору Стив Ханке мырза докторлук диссертация жактап, ондогон том материалдарды жазган. Ал киши убагында Америка президенти Рейгандын экономика боюнча башкы консультанты да болуп иштеген. Э? негизгиси, ал киши Кыргызстанга келип, акылы менен жардам бергенге даяр экенин мага электрондук почта аркылуу жазды.

Эми бул жерде мен бул валюталык башкаруу системасы кандай натыйжаларга алып келерин кыскача атап ?т?й?н:

– Кыргызстан ?з валюталык резервдерин ?з? башкарып калат жана тышкы башкаруудан толугу менен чыгат;

– Сомдун долларга болгон курсу аталган Араб ?лк?л?рд?к?нд?й т?б?л?кт?? болот;

– Кыргызстанда баалардын ?с?ш? жылына 1—3% гана т?з?п калат да финансылык стабилд??л?к орнойт;

– Банктарда насыялар арзандайт жана проценттер т?м?нд?п, ишкерлерге жана айыл чарбасына жакшы жагдайлар т?з?л?т;

– Финансалык туруктуулук ?лк?д? экономикалык активд??л?кт?, инвестициялардын келишине жана экономикалык ?с?шк? алып келет;

– Сом Евразиялык экономикалык биримдикке м?ч? ?лк?л?рд?н арасында э? стабилд?? валютага айланып, кадыр-баркы ?с?т;

– Кыргыз экономикасы долларлашуу процессинен толугу менен арылат, эл сом менен иштеп, кирешесин сом менен гана сактап калат, анткени анын курсу доллардыкы менен т?б?л?кт?? бир курс болуп калат;

– Валюталык башкаруу системасына ?тк?нд?н кийин «алтын сом» валютасын киргиз?? о?ой болуп калат, ал ?ч?н кийин жакшы кырдаал т?з?лг?нд?, валюталык резервдеги долларды алтынга алмаштырып, сомду алтынга байлап койсо болот.

С?з?мд?н акырында байыркы кытай акылмандарынын айтканын мисал келтиргим келет: «Дарак тиккенге э? жакшы убакыт жыйырма жыл мурун болчу, ал эми андан кийинки э? жакшы убакыт б?г?н». Эгерде б?г?нк? к?н? бийлик башындагылар жакшылап ойлонуп, Улуттук банкты реформалап жана акча реформасын жасабаса, ал эми Улуттук банк азыр элге жасап жаткан кыянаттыгын уланта берсе, Кыргыз мамлекети абдан кооптуу экономикалык депрессияга туш болоору айкын. Карап, байкап к?рг?л?ч?, б?г?н банктар ипотека насыяларын токтотуп коюшту, курулуш секторунда каатчылык башталды, ишкерлерг е насыялар кымбаттап кетти, фермерлерге кредиттер кымбат, кийим тиг??ч?л?р рублдин девальвациясынан жабыркады, соода-сатык жана экономикалык активд??л??к т?м?нд?п баратат…

«Акча системабызды Улуттук банкты реформалоо менен гана б?г?нк? оор кырдаалдан чыгып кете алабыз»

Бишкек, 23-ноябрь, 2015 /Дайырбек Мейманов-Кабар/. «Б?г?нк? к?нд? доллардын кымбаттоосу экономикабызда ?т? оор кырдаалды т?зд?. Ал эми экономикалык кризис ?лк?д? баардык социалдык ооруларды ырбатып, жумушсуздукту, жакырчылыкты, улуттун саламаттыгынын начарлашын, кылмыштуулуктун, ички жана тышкы миграциянын, каралбаган балдар жана жалгыз калган карылардын к?б?й?ш?н шарттайт. Мына ушул социалдык дарттардын баардыгы экономикалык системабыздын иштешинен к?з каранды» -деди «Кабар» агенттигине экономист Кубан Чороев.

Анын айтымында, экономиканын тамырын акча системасы т?з?т. Биз 24 жыл мурун эле ?з?б?зд?н экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын тандап алганбыз. Биздин ?н?кп?й келе жатканыбыздын негизги себеби ушул тандап алган туура эмес акча системасы. «Биз акча системабызды, тагыраак айтканда Улуттук банкыбызды реформалоо менен гана б?г?нк? оор кырдаалдан чыгып кете алабыз, башка жол жок. Ошол себептен, бул маселе мамлекеттик саясаттын номур биринчи маселеси болуш керек. Анткени, акча системасы ?лк?б?зд? жашап жаткан миллиондогон адамдардын жашоо-турмушун, тагдырын аныктоочу негизги фактор болуп эсептелет. Тилекке каршы 24 жылдан бери мамлекет тарабынан бул маселе бир дагы жолу к?т?р?лг?н эмес. Биз саясий жана укуктук реформаларга к???л бура берип, акча системаны ойлоп да койгон жокпуз, ошондуктан б?г?н мындай экономикалык тунгуюк абалда отурабыз. Б?г?нк? к?н? менимче Улуттук банкты реформалоо, Конституциялык реформадан он эсе маанил?? маселе» -деди ал.

«Кыргызстандагы б?г?нк? валюталык курсубуздун режими Д?йн?л?к валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча „башкарылуучу режим“ болуп эсептелет. Улуттук банк ишендиргендей, бул „эркин с?з??ч? валюталык режимге“ да кирбейт. Мындай валюталык режимдердин 10дой т?р? бар, ошолордун бири „валюталык башкаруу“ режими, англисче „currency board“ деп аталат. Биз б?г?нк? к?нд?г? экономикалык кризистен чыгып, финансалык системабызды стабилдештир?? ?ч?н мына ушул „валюталык башкаруу“ режимине ?т?ш?б?з керек. „Валюталык башкаруу“ режиминде сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам менен бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон, мисалы импорттун, экспорттун к?л?м?н?н, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын те?гесинин девальвациясынан эч кандай к?з карандысыз болуп калат дегенди билдирет. Кандай гана экономикабызда проблемалар болбосун сомдун курсу туруктуу тура берет, анткени сомду каалаган убакта мыйзамда бектилген курс менен долларга, же тескерисинче долларды сомго айландыруу процессии мыйзамга ылайык Улуттук банк тарабынан токтолбостон иштей берет» -деп кошумчалады К.. Чороев.

Эскерте кетсек, Улуттук валютабыз сомдун курсун кармап туруу максатында Улуттук банк 12-ноябрда 14,2 миллион долларды сатыкка чыгарганы, буга чейин акыркы жолу 6-ноябрда 21,7 миллион доллар интервенцияланганы, бир жума мурда 69 сомдон сатылып жаткан доллардын курсу ушу тапта 73 сомго жакындап калганы, доллардын кымбаттоосу токтобой жатканы ЖМКларга жарыяланган.
1 2 >>
На страницу:
1 из 2