Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 23 24 25 26 27 28 29 30 31 ... 64 >>
На страницу:
27 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Мырзакулмырза жаман кейип:

– Каап жаман болгон экен андай баатыр жок эле.

Мырзакулмырза жаш баатырга ке?еш берип жатты:

– Ата?ы тартып сен дагы баатыр болупсу?, бирок к?ч??? жылкы уурдоого жумшаба, жаман болуп мерт болуп каласы?, эгер дагы жылкыга кол салам,– деп ойлобо.

Эк?? дагы с?йл?шт?. Мырзакулмырза жаш баатырдын бутун кармалап к?рд?.

– Сынган эмес чыгып кеткен экен,-деп бутун катуу басты эле калмактын к?з?н?н от чагыла кетип, анан эс ала т?шт?.

– Баатыр экенси? чыдап берди?, башка бир?? болсо чыдабайт эле,-деп баатыр карс-карс к?лд?.

Эк?? к?пк? а?гемелешип дос болду. Ошондон кийин к?пк? жылкы уурдамай, кол самлмай токтоп, эки эл бейкут жашап калды. Мына ушуларды кыргыз баатыры жылкы кайтарып, ооруп жатып ойлоду.

Ошол иш ошол болду. Башкача болгон жок.

***

Баатырдын оорусу к?ч ала берип, акыры ал ушул оорудан жок болоорун билди. Ал Ысык К?лд?н жээгин э? жакшы к?рч?. Ата бабалары алыскы Жалал Абад жерине Арсланбап токоюунун жанына коюулбады беле. Баатыр ал жакты каалаган жок. Д?йн?д?н кайтаарында туугандарына жана балдарына керез с?з?н калтырды:

– Менин с??г?м? алыска алпарып убара болбогула, андан к?р? касиетт?? жер к?лд?н чыгышына Каркыра жайлоосуна ?з?м туулган жериме койгула, ошол касиетт?? жерде ата-бабам ?ск?н ?з?м?н балалыгым ?тк?н жерде жатайын.

Жана дагы оор дем алып туугандарын карады анын жанында баардыгы отурган эле. ?н?н алсыз чыгарып Арыкмарза жана Асанмырзага кайрылды:

– Асанмырза, Арыкмырза баары?ар менен мен коштошуп жатам, балдарым Алсейит менен Тынымсейитке к?з сала ж?рг?л?, жетим болуп желкеси к?й?п азапты тартпасын,-деп акыркы керез с?з?н калтырды.

Ошондон кийин баатырдын эки айдан кийин жаны учуп, к?з жумду. Асанмырза менен Арыкмырза баатырдын балдарын кор кылбай эл те?д?? жакшы багып ?ст?р?п жатты.

ЖАМАНГУЛ АТА

Алсейит касиетт?? М?й?зд?? энегеге ?йл?нг?нд?н кийин, эки жыл ?тк?нд? бир эркек балалуу болуп, «эл ичинде аман-эсен ж?рс?»н деп, анын атып Жамангул койду. Наристе чо?оп басып, чуркап калганда дагы эненин боюна б?т?п, эркек т?р?п анын атын Папа койду. Атанын дагы экинчи аялынан Ардам, Туумакашка деген балдары болгон дешет. Балдар аман-эсен т?р?л?п, мезгил ?т?п баардыгы чо?оюп жатты.

Жаз катаал кышты кууп ?т?п, эски окуялар унутулуп, улам жа?ы жа?ылыктар жаралып жатты. К?н айга жалгашып, ай жылга кошулуп, ошентип мезгил токтобой ?т? берет. Ата-эненин балага жакшы ?м?т? «ушул капсала?дуу заманда уландарым аман-эсен болсо» деген эле кеби. Эненин эки уулу те? с??к-саактуу баатыр чалыш ?ст?. К?пт? к?рг?н к?с?м Алсейит балдарына кылыч чаап, найза сайып, ат ?ст?нд? ты? ж?рг?нд? алда нечен жолу ?йр?тк?н. Айрыкча Жамангул боюу узун, с??к-саактуу баатыр чалыш ?ст?. Алсейит ата:

– Балдарым ?з ?й??д? к?п ойлобой элдин келечегин ойло,– деп ар дайыма ке?ешин      айткан.

Мезгил ?т?п балдар бат эле бой тарта келишти.

Кулжа айы келип, айлана жашарып, жер жашыл ыра? тартып, мал к?к ч?пк? тоюунуп, айлана к?рк?м ыры?га б?л?нг?н. Тээ арыда Элебестин коосунда, булак жанындагы жапан талга к?к?к конуп сайрап, бир кайрыгын улам-улам кайталайт. Анын бир кайрык ?н? армандуу да, жана кубанычтуу да эле. Армандуу жагы жайнаган ?м?р артта калып, кайран мезгил кайтып келбейт десе, кубанычтуу жагы, «жаз келди, жаз келди анын дагы жай келет» деп жатпайбы. Ушул жаадыраган жаздын к?н?нд? М?й?зд?? эне Алсейитке айтты:

– Биринчи баланы мен ?йл?нд?р?й?н, ал менин милдетим болсун, ал эми калган балдардын ?йл?нд?р?ш сенин милдети? болот.

Эк?? бул сунушту туура табышты. Ошентип эне жан адамга билинбей баласына келин издеп жолго чыкты. Касиетт?? эне кайда барганы белгисиз, акыры бир жума жоголуп, тал чыбыктай ийилген, келишимд?? ай десе айдай, к?н десе к?нд?й бир ч?р?кт? ээрчитип келди. Аны каяктан ээрчитип келгенин эч ким сурабады. Кыздын аты Эркеайым экен. Элдин баамында ошол кыз касиетт?? эненин жакындары имиш. Ошентип эк?? э? улуу баланы ?йл?нд?р?п, санаасы тынып, келин жумшап калышты. Эмки кезек Папага андан кийинки Ардам, Туумакашка балдарын ?йл?нд?р?? керек блду. Алсейит ата буурул атты минип кийинки балдарына алып бергенге колукту издеп сапар жолго аттанды. Ата к?п жерди кыдырып, адыр-белди сыдырып такыр жолу болбой, « Ата?ын к?р? бул эмнеси, ушинтип мага келин табылбай калабы,– деп ?й?н? келип, капалынып тамак ичпей жаткан экен. Уктап жатып т?ш к?р?т бир м?шк?л иш к?р?т. Атанын ?й?н?н жанында бир керемет сонун дарак ?с?п туруптур. Ошол даракка ?ч куш келип конуп, тузак тартат. Ойдогудай болуп, тузакка ?ч куш те? т?шк?н экен. Ойгонот да к?рг?н т?ш?н энеге айтты.

М?й?зд?? эне кубанып:

– Кокуй, тезиреек жолго чык, сага жолу?да келин даяр туруптур,– дейт.

Ошентип Алсейит ата бугу айында азыгын алып, бурул атына мине аттанып сапар жолго чыкты. Сапар жолдо: – Кайсы байдын к?й??г? бере турган ?ч кызы бар,– деп сурап ж?р?п отурат. «Куда болуп алалы, жакындашып калалы»– деп калмак байларын кыдырат, ал жактан ?ч кыздуу киши табылбайт. Анан Ч?й, Нарын, Талас жака барат. «Балким кыз табылып калаар» деп казак туугандарын аралап ж?р?п отурат, бирок к?й??г? бере турган ?ч кызы бар киши табылбайт. Ата эмне кылаарын билбей башы катат. «Ушинтип ?ч балга те? аял табылбай бойдок калабы»– деп арманданат. Ал тынбай жол келе берет. Жол келе берет. Такыр чарчабайт. А к?н айланып жыла берет. К?н менен кошо жер айлана берет. Баягы буурул атчан киши ?ч баласына аял издеп сапар келе берет. ?з? ыргайдай, аты торгойдой болуп, баягы атабыз кетип баратат, кетип эле баратат. Ал кетип баратып эле боюу бир карыш, сакалы эки карыш болгон кичинекей кишиге жолугуп калат. Ал карыя биздин чарчаган атабызды к?р?п аябай боору ооруйт.

– Сенин издегени? т?шт?к тарапта, алдыгы торгойдой чарчаган аты?ын тизгинин ошол жакка бур,– дейт. Алсейит ата акылдуу Кыдыралейсаламга чын дитинен ырахматын айтат. Акыры к?н нуру жаадырап т?г?лг?н, жер жемиши ?й?л?п б?кс?рб?г?н Ош жакты биздин касиетт?? ата кыдырып сапар ж?н?йт. Ал чарчабас буурул аты менен адамды ?з?н? тарткан жаадыраган ??? менен Жалал Абад жерин кыдырып келаткан болот. Касиетт?? Жалал Абад жерине келгенде к?п боз ?йд? к?р?п, аларга к???л б?л?п, аты жер чапчып тык токтойт. Алсейит ата «минип келаткан атым эмне ?ч?н тык токтоду» деп та? калат. Ээси ойлонду « Эст?? жаныбардын токтошунда бир шек бар, болду болбодубу, менин издеп келаткан жогум ушул жерден табылат» деп ойлонот. Ал бир койчудан сурайт: «Силердин байы?ардын канча кызы бар»,– деп кайрылат. Койчу « Бир биринен ?тк?н ай десе айдай, к?н десе к?нд?й к?й??г? чыга эле ?ч сулуу кызы бар» дейт. – Аксарбашыл кудай мага берди жогум ушул жерден табылды, санаам жа?ырды -деп, буурул атын камчылана эпе?дете желдирип, кара жерди атынын такасы менен эшип, кардай аппак алтымыш уукту боз ?йл?рд?н жанына кирип барат. Боз ?йд? жанындагы жигит сылыктык менен Алсейит атаны тосуп алып, атын алып, мамыга байлап, ?з?н боз ?йд?н эишигин ачып ?йг? киргизет. ?йд?н ичинде узун бойлуу, б?рк?т мурун, кабагы салы?кы с?рд?? карыя кемпири менен отурган экен. ?й ээси келген мейманды сылык кабыл алат. Алсейит атаны бугу уруусунун адамы экен деп, аябай сыйлайт. Ата бир кезде боз ?йд?н ичин тегерете уукту карады. Уукта жылтырак кыздар тагынчу ?ч мончок илинип турганын к?р?т. Ата ошол к?зд?н карегиндей болгон мончокторду к?р?п с?й?н?п кетет. Кыргыздар эки-?ч к?нд?й меймандын эмне жумуш менен келатканын эч убакта сурабайт. Аны эс алдырып андан кийин сураштырып кирет эмеспи. Эки ?ч к?н ?т?п конок эс алат анан негизги ишти сурап кирет.

– Жол болсун асыл жолочум эмне жумуштап, же эмнени издеп келатты?ыз эле?

– Сапарга чыкканым далай мезгил болду ошончо убакыттан бери сизди издеп келаттым эле.

– Келатканы?ыз жакшы албетте адам адамга керек.

– Сиз менен жакындашып, куда с??к болоюн десем эки к?з?м т?рт болуп жайнап, ?м?тк?-?м?т, тилекке-тилек кошсом дедим эле.

Ал уук жакты карап:

– Тигине бирине-бири жанаша ?ск?н ?ч кызым болгону анык буларды санаага жетип, ?ч бир тууганга берейин дедим эле.

Алсейит ата кубанып:

– Менин к?кт?н издегеним жерден табылды, менин т?рт балам бар эле ырас бир?? ?йл?нд? ?ч?? ?йл?н? элек, демек мен сиз менен куда болууга шартым бар ??д?н?т,– деп кара мурутун сылады.

Ошентип ал Маматкул куда менен с?з бекитип с?йл?ш?п, бекем убадалашты. Ал кубана буурул атын такымга чаап, к?кт?н издегени жерден таап сапар улап конушуна кетип баратты. Ата айлына жетип, эл тескеген карыялар менен ийри отуруп т?з ке?ешти. Карыялар ак калпак кийип, энелер ак элечекчен, жигиттер ?н сала к?т?р?т? мал айдап, ак боз бээнин к?к?л?н? кебез байлап ж?н?п калышты. Алардын кубанычтары алып уча к?рк?р?ш?п, калы?га топурата мал айдашып бат эле жетип барышты. Маматкул куда колу ачык берекел?? адам экен. Байлыгы ж?н эле ы?кып мелт-калт этип т?г?л?т. М?й?зд?? эне ?ч керилген сулуу кызды к?р?п аябай кубанды. Булардын баарын келин кылып алып жатканына аябай кубанды, жаратканга жалбарды. Ошол ?ч кыздан керилген уул-кыздар т?р?л?п бугу уруусунун атагын алыска жайылткан экен. Бугу уруусу к?лд?н башын айланасын конуштап, алардан чыккан тукумдар б?тк?л элге белгил?? болуп чыга келди. Ошентип келинд?? болгон Алсейит ата аларды отко кийрип, эл журтка к?рк?р?т? той берди. Мындан аркы баяндарда Алсейит атадан таралган тукумдар ж?н?нд? с?з болмок

***

Башын ак кар к?к муз баскан эчен ми?деген жашты арыткан улуу аскалар. Атам замандан берки аскаларга б?рк?тт?р конуп с?рд?? дабышын берип асканы аралай учуп айланат, азыгын к?кт? учуп ж?р?п жерден табат. Кыраан с?р?н?н жан-жаныбарлар б?т баардыгы коркот. Алардын ша?шыганы бир укмуш, дайыма бийиктикте сыза учуп, курч к?зд?р? менен алдын да, артында жана бир канча чакырым алыстыкты даана к?р?т. Тээ береги жылгада качып бараткан к?к серекти курч к?зд?р? менен к?рд? окшойт. Ошол жакты карай жаадай шукшурулуп, сайылды к?к серек курч с?рд?? тиштери менен айбат к?рс?т??г? аракет кылды. Кыраан ага моюн сунбай баса жыгылып, курч алгыр тырмактары менен тырыштыра кармап, бат эле тумшугу менен к?з?н чукуп, к?м-жам кылып жиберди.

Ушул к?нд?рд?н биринде калмак байы Дамдин жигиттерине айтты:

– Кыргыздардан эмне коркуп жатасы?ар жаны?ар жокпу, же алар к?чт??б?, кышкы согумга мал камдап албайсы?арбы?

К??п турган жигиттер байдын с?з?н? шерденип:

– Чапса чаап келели улугум, аларды чаппай ж?рд?к беле.

– Чабабыз.

Бай ойлонуп калды да:

– Бирок абайлагыла кыргыздардын да каары к?чт?? эл о?ой менен же?иле койбойт. Шек билбирбей жасагыла.

Калмактын Денден Бука баштаган жигиттери кыргыздарды а?дып ж?р?п, алар бир жакка кеткенде бир топ жылкыларын айдап алып к?зд?н кайым болуп жоголушту. Ошондо бугу уруусу мунун баарын калмактын байынын колу менен жасалганын билип турушту. Жамангул баатыр жигиттерин майданга такшалтып кылыч чаап, найза сайып, ат ?ст?нд? кармашты ?йр?т? баштады. Жигиттер мыкты сыноодон ?т?п, калмактардын жылкы айдап кел??г? даярданып жатты. Кыргыз жигиттери калмактарга чабуул коюп, каршылык к?рс?тк?н жигиттерин тоголото чаап келатышты.

– Бугу эненин арбагы колдосун ?з жылкыларыбызды ?з?б?з айдап келатабыз.

– Жаратканым ?з? жар болсо экен.

Артта калмак куугунчулары кууп, жебелер тартылып, мылтыктар атылат. Жамангул, Папа, Эрмек, Кичимолдо, сыяктуу жигиттер жылкылардын артында малды с?р?п айдап келатат. Жакындап келген калмактарды буйгат жерде жашынып туруп чокмор менен тартып тизеге чаап аттан оордрып ташташат. Жылкылар ашуудан ашып, ?з журтуна карай да? салып, учуп келатышты. Жамангул баатыр далай калмактарды аттан оодара чапты. Калмактар жебе тартып, Ошондо Жамангул баатырдын артына ок жа?ылды. Каарданган баатыр калмактарга с?р к?рс?т?п, чокмор баш менен далай калмакты тоголото чаап, намысты бербей келатты. Ал ж?р?ш?н ылдамдатып, « Манас», «Манас», «Кыргыз», «Кыргыз» деп ураан салып жабалактаган калмактарга намыс бербей кайраттанат. Калмактар жылкылардан айрылып, жигиттери каза болуп кайра ?йл?р?н? жол тартат. Анын аралыгында бир к?н ?т?п, Жамангул алы кетип, эс-учун жоготуп чо? таштын т?б?н? жатып калат. Жанында Куусейит менен Мендек деген жигитер бар эле ошого кайрылат:

– ?йг? кабар жеткиргиле алар келип мени алып кетсин.
<< 1 ... 23 24 25 26 27 28 29 30 31 ... 64 >>
На страницу:
27 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров