К?н ысык жигиттер жарадар менен алек болот.
Куусейит айылдын карыясы Найманга жолугат.
– Айланайын боорлорум деги амансы?арбы?
– Аманбыз ата калмактар менен кармашып, жылкыларды кайра айдап келатабыз. Бир гана кайгылуу окуя Жамангул баатыр жарадар болуп, Сорок Таштагы чо? таштын т?б?нд? жатат.
– Кагылайын кудайым, мен десе? анын жанын сактай к?р, иниме жаратканым ?м?р берсе экен. Оорулунун жанын кыйнабас ?ч?н боз ?йд? к?ч?р?п, дарыгерди дарылары менен камынтып, сойгонго анча-мынча мал алып, шашып-бушуп ж?н?п калды. Сорок Ташта Жамангулдун жанында жигиттер эмне кылаар айласын билбей жаман болуп жаткан экен. Папа айласы кетип:
– Кудай ай, бир тууганым ушунчалык кыйналгандай эмне кылды эле бир айласы болуп жаны аман- эсен калса экен,– деп кейип турду.
Дарыгер Жумагулдун жараатын жууп, кытайдын кырма дарысын сыйпап, ак ч?п?р?к менен та?ып койду. Мындан такыр айла болбоду. Ошондо дарыгер айтты:
– Калмактар аткан ок чыкчудай эмес, эми эмне кылабыз. Ошондон жаны кыйналып жатат.
– Кагылайын колу эмсек дарыгер бир айласын кылып, окту алып сала к?р!
Анан бир паска ойлонуп туруп, дарыгер айтты:
– Калмактын ханы Ко?урбай Семетейди атат. Ошондо баатырдын денесинен ок чыкпай, калганда Айч?р?к аттаганда ок чыгып кеткен экен.
Ал жерде тургандар Жамангул баатырдын ?ст?н?н кимди аттатабыз деп ойлонуп калышты.
Ошондо бир карыя:
– Эмне кылабыз болоор иш болуптур, Жамангулдун аялы Маматкулдун кызын деле алып келсек болот эле, бирок биздин касиетт?? келинибиз Олуят турбайбы ошону алып келели ал к?з? ачык олуя чалыш бизде ургаачылардын ичинен ошондон тазасы жок.
Бир?? айтып калды:
– Ошол эми келеер бекен.
– Келет келбегенде эмне кылмак эле.
Жигаттер ошону алып келгени чаап ж?н?шт?.
Олуят к?п убара кылган жок. Жамангулдун кабарын укканда кой эми барып жардамымды берейин,– деди.
Ошентип жигиттер Олуят ургаачыны алып келишти.
Олуят жаратканга жалынып туруп бир жолу аттанды. Ок чыккан жок ошондо ал ыйлап жиберди.
– Ушундай да болобу ?з?м да, жан д?йн?м да таза эмес беле, эмне болуп турам,– деди.
Карыялар:
– Касиетт?? Олуят келинибиз кудайдын ?з? к?р?п турат, ичи?ен жаратканга жалбарып дагы бир жолу атта, ойлогону? кудай алдында келип калаар,– деди.
Олуят эне буулугуп кудайга жалбара-жалынып туруп дагы бир жолу аттоого аракет кылды.
Карыялар:
– Касиетт?? Олуят ургаачы, жашы?ды т?кп?й кайраттуу бол, кудай да кайратты с?й?т. Жаратканым сенин абала?жы к?р?п турат.
Олуят эне ыйлаганын токтотуп, кайраттуу т?рд? ичинен кобуранып,жаратканга жалынды.
Жел согуп ургаачынын ак жоолугунун учу шамалга желбиреп турду. Жоолугунун астынан чыгып турган чачы чубалжып, ургаачынын ??? санаага батып, пейпайда болот. Ал кайраттанып, к?ч?н жыйнап дагы бир жолу аттаганга камынды. Жараткандан ?м?т кылып жалбарып аттады.
Аттары менен Жамангул баатыр жаны к?з?н? к?р?н?п, катуу кы?кыстап онтоп жиберди, ок кадалып турган жер жарылып, ири? аралаш кан атып чыкты, аны менен карарган коргошун ок кошо чыгып жерде жатты.
Жамангул кы?кыстап:
– Ох, жаным кудай ай, кичине эс ала т?шт?м, -деп о? колу менен чекесиндеги терин шыпыра кы?кыстаганын басты.
Ал жерде бозоруп турган адамдардын жаны денесине кирди. Олуят энеге аябай ыраазы болгон экен. Эгерде касиетт?? эне болбогондо ок чыкпай баатыр тиги д?йн?г? узап кетмек беле ким билет. Баатыр жана эл Олуят энеге батасын берип турду. Элдин бактысыбы ким билет Олуят ургаачы андан кийин бир нече эркек балалуу болуп анын бактысы ачылган дешет.
Баатыр бат ты?ып кетейин деп жаш жылкынын сорпосун ичип, кайра баягы к?ч?н? келе баштады. Булчу?у кайратка толуп ал толук басканга жараганда айтты:
– Кыргыз жигиттери барсы?арбы?
– Баарбыз жоголбойбуз жоого каршы турабыз.
– Бар болсо?ор биз калмактарга эмне кылдык эле алар эмне ?ч?н биздин жылкыбызга тийип катылат. Жигиттер чо? чабуулга к?ч топтошту. ?йл?рд?н жанында темирди эритип, алардан ар кандай куралдарды, мылтыктарга ок белендеп, жааларга саадак жасап жатышты. Баардык даярдыкты Кулкиши аткарып, ал эчен жоо капшабын башынан ?тк?рг?н эле. Кулжа айында Жамангул баатырдын жигиттери калмактарга катуу чабуул жасап, жылкыларын айдап алып, боз ?йл?р?н сындырып, адамдарын кул кылып жиберет. Антпесе калмактар кыргыздарга к?н к?рс?тп?й жатпайбы. Ушунда чабуулду к?р?п калмактардын ?р?й? учуп калды. Т?рт т?л?к малдан тогуздап, кымбат а? терилерин алып, кыргыздардын алдына т?ш?п, баш ийип беришти. Алар жыл сайын кыргыздарга алык-салык т?л?п турушчу экен. Бул кезде калмактар ич ара ынтымагы жок болуп, бийлик талашып, бири-бири менен чабышып, айласы кеткенде чек ара кыргыздар менен ынтымакта жашагысы келген. Ошентип жыл сайын калмак менен кыргыздардын ортосунда мамиле жакшырып, эки элдин ортосунда кыз беришип алышмай достук жолу башталат.
Жайдын акыркы к?нд?р?н?н бири эле ч?пт?р саргыч тартып, айлана небак к?зг? камына баштаган. Тоо тарап суук тартып, жаан-чачын жаабай булуттар сургулт тартып ката баштаган. Бат эле ыркыраган к?з к?н?н?н шамалы этек- же?ге кирип жатты. Анан дагы бир топ убакыт ?тт?. Ушул к?з айы кышка чукулдап калганда, калмак байы Дорго Жамангулду сый-сыпат к?рс?н деп конокко чакырып калды.
Жамангулдун аялы айтты:
– К?н суук болуп, айлана к???лс?з тартып турат. Бат эле кыш келет окшойт, эки жакка чыкпай эле койсо?чу.
– Дорго келгин деп к?пт?н бери чакырып ж?р?т, барбасам таарынат го,-деп болбой койду.
Аялы аны узатып жатып, улам-улам карагысы келет. Эмнегендир к?з?н?н жаш келип ирмелип турду. Ал мурун мындай болчу эмес эле эмне болуп жатканын билбей турду. Кайра ?з?н токтотуп, « Мен эмне болуп турам, ?з?мч? эле кейий беремби»,– деп ?з?н-?з? токтотуп, баардык ишти аманчылыкка жоруду. Ичинен « Барса барып келсин, калмактар менен катышпай ж?рч? белек»– деди.
Ошентип беш жигит менен Жамангул баатыр жолго аттанды. Жол кара тартып, к?з ортосу болуп калган маал эле. Эмнегендир быйыл кыш бат эле келгендей болду. Келгиндер эртелеп эле т?шт?кк? кеткен. Быйыл дарактар жалбырагын эрте к?б?д?. Бул суук эртелеп эле т?ш?т деген белги болчу. Алар бир топ убакытка жакшылап эле сый к?рд?. Бир к?н? Жамангул:
– Ардактуу байым, биз жакшы эле к???л ачтык макул болсо?уз кайталы. Сапар карыды окшойт. Аялымдын боюунда бала калган эле анын жайы эмне болду экен? Бир жерге токтоно албай, санаам санга учуп турат.
– Ардактуу досум, сенин келиши? биздин ?й-б?л? ?ч?н чо? кубаныч, бирок к?р?п турасы?, к?н суук тартып, ашуу б?г?л?п калды бекен. Капа болбой эрте эле жазда кетсе?из кандай болот.
– Ардактуу Дорго досум, мен кет??г? аракет кылайын, аялымдын боюнда бар эле анын абалы эмне болду экен? Эки к?нд?н бери тынчым кетип жатат.
Дорго Жамангулду ?йг? киргизип, эт жана кымыздан тартылган ичкилик менен сыйлайт. Атанын жан д?йн?с? тынчыбай анын кеткиси эле келе берди. Анан калмактар атага кымбат белектерди берип, кыргыздарды ?з конушуна узатат. Эрте? менен эртелей чыгып, артынчагы бар жигиттер ашууну карай ашыгышып келатышты. Улам ашууга жакындаган сайын, суук денеге жаба уруп, б?тк?н бойду ичиркентип, к???лд? уйгу-туйгу кылат. Дабандын башын ак кар, к?к муз челип, шамал булуттарды удургута айдайт. Ар биринин оюнда:
– Кантип ашаар экенбиз, же учурунда эрте ашпай, к?чк? ж?р?п кетсе чымын жаныбыз чыркырап, же ашуунун жолун таппай к?ртк? кулап чыга алгыс оюкка кептелеер бекенбиз. ?й-б?л?б?зг? аман-эсен жетсек экен,– деп ар биринин санаасы бушайманга батат. Баатыр менен кошо беш жигит сабалай келатат. Быйыл жайлата к?н тынымсыз жаап, дабанды калы? кар челип, к?чк? ылдый кулап кетч?д?й сала?дап турат. Эгер к?н ысык болсо мунун баары эрип кетмек. Азыр кайдан эримек, эримек т?г?л суу ?ст? муз болуп то?гон. Абада кичине эле ?н жа?ырса, к?р-шар этип, кар к?ч?п, ылдый карай кулап, айбаттуу ж?р?к т?ш?рг?н каардуу добуш чыкмак. Бешатчан бат эле ашууга шыкай келишти. Дабанды калы? кар каптап жол нугу такыр к?р?нб?йт. Алдыда жол баштаган жигиттер. Жакшылык менен Жамангул эк?? ээрчише бастырып келатышты. Баары ашуунун т?б?н? токтолуп, тамак аш ичип кудайга жалынышып, «жолдун пири, Жоломан ата, ашуунун пири Даван ата колдосо экен» деп бул ашууну ашкан арбактарга багыштап куран окушту. Аба салмактана дем алганга оор тартып, кан улам башты тээп чыкты.
Жакшылык камчысы менен о? колун созо к?рс?т?п:
– Жол тээ береги сала?дап турган соройгон таштын бери жагынан ?т?т окшойт.