– Мейли эркелеткен аты Куржун болсун ,-деп чакыралы.
– Куржун!
– Куржун!
– Куржун!
Ошентип берекел?? карыя небересинин атын эл алдында койгон экен.
Андан башкача болбоду. Куржун атанын: Бешенбай, Ырыс, Торгой, Чолпоке, Султангазы, Т?л?с?н деген алты баласы болуп, андан башка ай чырайлуу к?н десе к?нд?й, ай десе айдай ?ч кыздуу болуп, алардан тукум уланып кете берди. Бул баян биздин ата-бабаларыбыздын уламасы экен. Ага жомок да чындык да аралашып жана санжыранын ?з? ошондой болот экен. Ошол иш ошол болду. Андан башкача болгон жок. Бирок а дей электе эле жомок-санжырабыз бат эле б?т?п калып жатпайбы. Анда айла жок Алла Тааланын жардамын к?т?п, башка жомок санжырага ?т?л?
КУРЖУН
Куржун деген атанын,
Айта кетем атагын.
Куржунга салып ташылган,
Кужулдагы чуу жарган.
Ошентип Жамангул баатыр к?чк?н?н алдында калып каза болду. Ал беш балалуу болду. Белек, Итбай, Т?р?кочкор, Кыдык жана Бооке беш эркек андан башка атанын койможуган кара к?з арасы эки жаштан т?р?лг?н ай десе айдай, к?н десе к?нд?й ?ч кызы бар эмес беле.
Бир кезде Коконд хандыгы б?т?нд?й к?лд?, Нарынды каратып, зекет садага алып кыргыздарды эзип жиберди. Хан ордого деп, канча сулуу кыздарыбыз жашын т?г?п ыйлап кетип жатты. Ошол эз??ч?л?рг? каршы ар кандай нааразычылыктар жарала берди. Кыргыздар да башка элге о?ой менен багынбаган эл эмеспи. Хандыктын камчы чабарлары колу жетип тындырбай зекет жыйноого аракет кылат. Бугу уруусунун билермандары зекет т?л?б?йб?з деген с?зд?рд? айтып жатты.
– Андай болбойт барымтага киши бергиле аны ордого кармап турабыз, зекет чогултуп келип анан адамдары?арды ала бергиле.
– Барымтага киши бере албайбыз, барымтага берген кишибиз Т?р?кочкор кана таап бергиле,– деп кокондук сарбаздарга каршы чыгып жатты.
Алар бугуларга к?п каршылык кыла албай калды.
Мезгил ?т?п бала кичне чо?оюп калды. Ай десе айга келбей, буй десе буйга келбей билинбей убакыт ?т?п жатты. Бапа дагы Белек, Бооке баардыгы а?чылыкка кызыгып, куш салышчу. Алардын ?й?н?н жаныдагы туурда с?зс?з куш байланып турчу. Талаа, суунун жээгинде илбеесинден к?п неме жок аларды куш салып кармаса э? сонун. Бир четинен к???л?н ачат, бир четинен жей турган тамагы? даяр. Т?р?кочкордун боз кушун Белек кээде салат, к?пч?л?г? байланып туурда отурат. Токтоайым эне аны ачка кылбай багып турат. Кушту бош койсо деле эч жакка кетч? эмес. Учуп а т?г?л азык кармап жеп, анан бир кезде тууруна конуп отурчу. Копч?л?г? ал Куржундун бешигин аягына барып конуп отурчу. ?йд?г?л?р буга к?н?п калган, куш кайда отурат, аны менен эч иштери болгон эмес.
Жай айы сонун болуп жаадырап тийип турат. Эне чаканы кармап аркы жактан суу алганы кеткен. Ошол кезде боз ?йг? бир кара чаар жылан жакындай берди, бала болсо бешикте уктап жаткан. Ал боз ?йд?н эшигине улам жакындады. ?йг? кирсе эмне болот бешикте магдырап уктап жаткан баланы чагып албайбы. Уулу кара чаар жылан экен. Жыланды к?р?п куш дагы чаркырап тынымсыз ?н берип жатты. Эне жыландын боз ?йг? жакындап калганын сезип, чакасын таштап кыйкырып чуркап келе жатты. Эмне окуя болуп кетер экен. Ошол кезде баланын бешигин аягындагы конуп отурган куш жыланга атырылып качырып кирди. Жылан соймо?доп кушту чагып алганга аракет кылды. Куш ага жакындабай айланып качып турду, эми куш менен жылан кармашка ?тч?д?й болду. О?тоюу келе калды окшойт, куш жыланды куйруктан тиштеп, асманга к?т?р?луп учууга аракет кылды. Жылан абада салпактап, ары-бери кыймылдап кетип баратты. Кайда кеткени белгисиз. Эне бул к?р?н?шт? баарын ?з к?з? менен к?р?п туруп та? калып, кичне эс алып:
– Ой, жаратканым, асылымы жылан чагып ала таштады эле атасынын кушу аман алып калбадыбы,– калтыраганын токтото албай кудайга жана кушка жалынып жатты.
Ко?шулар бат эле жетип келип болгон окуяны к?р?шт?.
Ошол к?н? куш кечиреек келди кайда барганы белгисиз. Келип ал баланын бешигинин аягына конду. Белек бул окуяны угуп, ?йг? келип колуна кушту кондуруп, анан тумшугунан ??п койду:
– Жарыктык акылман куш баланы жыландан куткарды, бул куштун пири буудайык болуш керек, акылдуу ыйык жаныбарым,– деп жонунан сылап койду.
Ошол к?н? бир кой союп, Т?р?кочкор атага куран окутушту.
Элдин баары бул баланын колдоочусу Боз шумкарбы, – деп ойлошту.
Эне кудайга жалынып:
– Айланайын боз шумкар баламын колдоочусу боло к?р сенден балага бир жакшылык нерсе сезилип турат,– деп кудайга улам-улам жалына берди.
Жай айы болчу. Эл жайлоого к?ч?п ?зд?р? каалаган жерине отурукташып, бээ саап кенелеп калган учур эле. Токтоайым эне бир аял менен бээ сааганы кеткен эле, ошол кезде кошуна кыз эне турган ?йд?н илегенге очогун тутантканы очоктон к?йг?н тезектен алып кетет. Ал кетип баратып, к?йг?н тезекти чийдин т?б?н? т?ш?р?п салып кете берет. Чий к?й?п бара-бара боз ?йд?н бир капталы к?й? баштайт. Ошол кезде Боз куш ай асманга атып чыгып кайра келип чаркырап ?н чыгарып айлана баштайт. Эненин ж?р?г? бир жаманчылыкты сезип, «Куш мындай кылбайт эле» деп боз ?йг? карай чуркайт. Чуркап келатса, к?з?? жаманчылыкты к?рб?с?н, боз ?йд?н кыз т?ш?р?п кеткен тезектен чий менен кереге жалбырттап к?й? баштаптыр. Эне кыйкыра ?к?р?п келип, чакадагы сууну от к?йг?н жерге жаба т?кт? ага дагы боло турган эмес, ошондо эне жерге салган к?лд?л??д? ала калып, ?ртт? басып ?ч?р?п салды. Жалын бетин, чачын аймалап кетип ма?дайкы чачы к?й?п калды. Бирок алышып жатып ?ртт? ?ч?рд?. Бешикти ачып караса, эч нерсени билей Куржун уктап жаткан экен. Курган эненин ара? дегенде ж?р?г? оордуна келди. Катуу улутунуп, ?з?н э? жаман сезип жатты. Кушту карады, канаттуу туурунда конуп тынч отурат, чаркырап жатып чарчап калган окшойт.
Эне кушту канатынан сылап:
– Жарыктыгым, сен болбосо? эмне окуя болот эле баламын коргоочусу, акылманым,– деп кушту куйругунан сылады. Куш эненин кыймылын жактырган жок окшойт, ал бешиктин аягына конуп алып тынчтанып калды. А?гыча боз ?йд?н ичине адамдар толуп кетип ?ртт?нг?н боз ?йд?н керегесин, чийин карап жатты:
– Жарыктык куш бул сенин бала?ын коргоочусу экен.
– Касиетт?? куш баланы сактап калды.
– ?рт бешикти каптап кетсе эмне болот эле.
– Атасынын кушу, атасынын арбагы наристени сактап калды.
– Куш болбосо, баланын тагдыры эмне болмок.
– Жаратканым жакшылыгы?ды бере к?р.
– Бир гана жараткан Те?ирим ыйык.
Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, кудайдан жардам тиледи. Бапа ата ак боз бээни сойдуруп Т?р?кочкор атага дагы куран окутту.
Мезгил ?т?п бала чо?оё берди.
К?нд?рд?н биринде аксакал карыялар Токтоайымдын ?й?н? кирип келишти. Эмне ?ч?н келгенин эне айтпай эле билип турду. Ошондо э? кары ак сакалчан карыя айтты:
– Айланайын Токтоайым балам, с??г?? сарбагыш уруусунан болгон менен кан-жаны? бугулук биздики болуп калды, тагдырдын буйругу ошол экен Т?р?кочкор уулубуз бизди таштап жол кетти. Жазуу буйрук ушул экен. Жеке сен эле эмес биздин ичибизден да кан ?т?п ушул кезге чейин ?з?б?зд? токтото албай жегенибиз желим, ичкенибиз ирим болуп турат. ?лг?н ?л?т экен, ?лб?г?н калат экен эмне кылабыз. Ата бабабыздын салты ушул. К?й??с? ?лг?н аялды бир??г? баш байлап коюу парз. Ал ?йг? бир?? ээ болуп, ургаачы ошону менен бир жашаш керек тура. Бул к?йг?н очок ээн калбасын дегени экен. Анын балдары атасы жок жетим калбаш керек окшойт. Ал ата-бабанын салты экен. Ошол ?ч?н сени Кыдыкка баш байлайлы,-деп чечтик.
Эне бул с?зд? угуп бышактап ыйлап жиберди. Дагы бир карыя:
– Кой, Токтоайым балам, эст?? адамсы?, эст?? адам ?з?н токтоо кармаш керек.
– Ал менден жаш го
– Эч нерсе эмес, жаш болсо жетилет жашоону к?р?т. Сенин ?й??д?н эркек танаа кирип -чыгып турсун. Балам сен дагы бир??г? жармашып т?т?н булатып, эл-журту? менен бол!
Ошентип молдо нике кыйып, ак боз бээ союулуп эл бата берди.
Мезгил ?т?п, куржун эс тартып, кайрат к?чк? чы?алып чыкты. Ал жаш чагынан эле мекенчил элин с?йг?н пенде болуп чо?оюуп келе жатты. Канча кылса да акылман баатырлардын тукумунан эмеспи аларды тартпай койбойт экен. Ал атасы Т?р?кочкорду эстегенде арманы башынан ашып т?ш?п эмне кылаарын билбей калчу. Ошол ?ч?н бала кезинен эле балдар менен к?р?шк? т?ш?п, айрыкча жаа тартып, аны т?з атканга аябай ?йр?нд?. ?з? жааны э? сонун кылып жасап алчу. Ал асманда учуп бараткан канаттууну т?з атканга аябай ?йр?нд?. Бул ?ч?н ага к?п эмгек талап кылынды. Далай жолу аракеттенип машыкты, акыры жааны к?зд?г?н жерине атып калды. Буга ал аябай с?й?нд?. Бала бой жетип, баатыр чалыш болуп чыга келди. Эл аны Т?р?кочкорго окшош, ошонун эле кичирейтип койгон т?р? деп айтышчу. Ошол ?ч?н аны энеси Токтоайым дайыма ?йр?л?п ага к?з салып аман-эсен болушун каалаган.
Андан бери кыргыз жерине эчен жолу кыш келип, эчен жолу жаз кетти. Убакыт биринин артынан бирин куушуп ?т?п жатты. Далай жолу ак кар басып кыш келип, эчен ирет жаз келип, жер т?рл?н? к?рк? чыгып жатты. Жаштар чо?оюп бой тартып, карылар аларга орун бошотуп берип жатты. Жашоонун за? закону ошондой болуп, анан адам пендеси эмне кылмак.
Кокон хандыгынын эз??ч?л?р? дале бугу уруусунан алык-салык зекеттерди жыйып алып кетип жатты. Баягыдай эле хан ордосуна кыздарды алып кете берди. Анын эсине т?м?нд?г?д?й бир окуя эстен кеткис болуп калыптыр. Анда баланын жетидеги чагы эле. Азыр мезгил ?т?п жыйырмага чукулдап калбадыбы. Ошолордун айлына жакын жерде сару уруусунун боз ?йл?р? бар эле. Алардын Кундуз деген кызы болгон. Кундуз кундуздай эле аябай сулуу экен. Куржун эк?? ар дайыма жолугуп, с?з бекитип келечекте ?йл?н?б?з деп,жакшылыкка бел байлап ж?р?шк?н. Кырдач муруну бетинин аппактыгы мойнунун узундугу, к?з? бакыракай оло? чачын беш к?к?л кылып ?р?п, татынакай ак ж?з? жаратлышынан жигиттердин эсинен кетпей ?т? сулуу кыз болгон. Ошол сулуу кыз да Куржунду жактырып, аппак ж?з аарчыга г?лд?н жана ж?р?кт?н с?р?т?н жип менен сайма кылып, белек катары берген. Жигит аны аарчынып булгабай эле анда-санда ошол ж?з аарчыны карап дайыма караса кыздын элесин к?з алдына келе берч?. Анын атасы катуу оорудан ?л?п, эки бир тууганы жана с?й?кт?? энеси бар эле. Кокондон келген сарбаздар ошол кызды алып кетебиз дешти. Кыздын энеси буга такыр к???лд?нб?д? «андан к?р? мени ?лт?р?п кеткиле» деди. Кыз да айтты: « Мен барбайм» деп болбой койду. Бирок Кокондук жигиттер кызды сордуктап арабага салды. «Мейли» деп кыз к???лд?нд?. Анан чо? шаркырап аккан сууга келгенде кыз арабадан т?ш? калып сууга денесин таштады. Эки сарбаз жигит артынан сууга кошо кирди. Катуу кирген суу ?ч??н те? таштан-ташка уруп дайынсыз агызып кетти. Кийин кыздын денесин суунун ортосундагы аралчадан таап келип жайына беришти. Куржун атасын эстеп, андан кийин бул арман анын к???л?нд? т?б?л?к каар болуп жашап калды. Ал Кокондук сарбаздардан кандайдыр бир жол менен ?ч алууга даярданып ж?рд?. Анын эсинде кетпес кек, каар жашап калбадыбы. Бирок такыр билгизбеш керек билсе чыр чыгып, сепилден кишилер келип б?тк?л айылды балакетке салат. Бой жетип калган жигит бул жагын да аныктап чыкты.
***
Ошентип мезгил ?т?п, ак булуттар тоого к?ч?п жатты. К?н ысып желеге жакын жерде башын кыймылдатып, беелер ылоолойт. Уйлар сайгактап, сууга карай качып, кара жаны менен алек болот. Ч?пк? тойгон койлор жуушаш ?ч?н к?л?к? жерге ык коёт. Тоолордун башындагы булуттар гана аскаларга байланып тургансыйт. Карыялар мындан ары к?н ачык болот деп божомолдоп жатышты. Тоо чабалакейлери тынымсыз саз ?рд?й сызып абада баратып чымын-чиркейлерди кармап жейт. Суу тарптагы к?лм?д?н биз дагы барбыз деп каз-?рд?к каркылдай ?н берип жатты. Т?рк?н-т?ст?? калдыркан к?п?л?кт?р г?лд?н г?лд? тандап, кооздук таратып учуп ж?р?ш?т.