Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 33 34 35 36 37 38 39 40 41 ... 64 >>
На страницу:
37 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Мына баары?ар арай-чарай бул жерде отурасы?ар, бизде Чолпон ата туягы ?ч короого жетет, Камбар ата саны т?рт ?й?р, топоз, уйдун саны ж?зд?н ашат. Аларды баары?ар бирдей б?л?п алгыла, колумдагы ак жоргону улуу балам Беккулу сен ал, аны менен кошо Ак шумкарды алып ке? талаада жорго салдырып ж?р? бер. Экинчи балам Майназар сага «Алааяк» к?л?г?м? анан а? улаганга кызыгасы?, сага мылтыгымы, жана б?рк?т?м? берейин.

Карыя бир азга с?йл?б?й эс алып алды. – Андан кийинки уулум Муса сен дагы бар эмеси?би, сен капкан салганга маш эле? мен сага экинчи кара мылтыгымы жана «Качырбас» деген шумкарымы берем. Буларды алып улуу тоолордо а? уулап ж?р? бер. Андан кийинки балам Бектемир сен мында турасы?. Сага Кашка жоргому, Боз ылаачынымы жана кийик кууган эки тайганымы берем. Улгайган ата балдарынын баардыгына энчисин ойлогондой кылып б?л?п берди. Ата бир азга эс алды да анан:

– Балдарым мен улгайып калдым таарынбайсы?арбы?

– Таарынбайбыз ата ыраазыбыз.

– Сиз баарыбызды нааразы кылбай ойлоду?уз.

Майназар:

– Ата калмак кулдарды эмне кылабыз?

– Баса мен аларды унутуп баратыпмын, Менде он кулум бар эмес беле. Улуу балам Беккулу Каабын кулду жана дагы ?ч кулду сен ал, Майназар балам сен дагы ?ч кулду ал, калганы? т?рт??? эки экиден б?л?п алгыла,-деди.

Кулдарга ?т? этият болгула, бир балакет кылып, калмактарга карай качып кетпесин. Тынымсейит туугандардын Алжанбайын билеси?ерби аны ?лт?р?п калмак кулу калмакка карай качып таптырбай кетпедиби. Беккулу сен Каабынга ?т? сак боло к?р,– деди ата катуу эскертип.

Ал демигип калды окшойт азга эс алып, алдындагы турган кымыздан кылкылдата жутту.

Анан карыя эс алып, бир топко с?йл?б?й отурду. Сырттан бир келин сорпо алып келип суна баштады. Карыя такыр с?йл?г?н жок. Ал эмнегендир ?тк?н ?м?р?н эстеп жаткандай туюулду.

Бир азга эс алып анан асыл карыя с?з с?йл?й баштады:

– Балдарым силерге айта турган осуят с?з?м бар баягы Торгойдун балдары ынтымагы жок деген с?з айтылбасын. Жана дагы к?зд?н ортосунда биринчи кар т?шк?нд? эл калы? кийинип калгада тиги д?йн?г? кетет окшойм. Мага жаратканым ошондой аян таратты. С??г?мд? Нарындагы Ала Мышык тоосундагы Кара ??к?рд?н ма?дайына койгула. Денем Бугу энем баскан тоонун аймагында турсун. Кары адам осуят –керезин к?пк? с?йл?п койду окшойт демигип алы кетип калгансыды.

– Ата эс алчы, баары силер айткандай болот,– деп аны балдары тынчытты.

Баардыгы жай-жайына кетти. Торгой атанын башына жаздык коюп ?ст?н? карышкыр ичикти жапты. Карыя бат эле ко?урук тартып уйкуга к?ш?лд?.

ТОРГОЙ АТАНЫН КАЙТЫШ БОЛУШУ

Анжиянга кеткен соодагерлер ишин жакшы б?тк?р?п, кайра аман-эсен кайтып келишти. Бала бакырага мейиз, набат, кант, шайы кийимдер, маасы, к?л?ч деги койчу баарын алып келишти. Баарынын ?ст?-башы жа?ырып эле жатып калды. Айрыкча аялдардын кийми жашыл, кызыл, сары т?ск? б?л?н?п, тулку боюу жа?ырып жыргап калышты. Беккулу атанын с?йг?н жары Ак келин, Сулуу келин, Наз келин деп аттарынан айтпай эркелетип айтышчу эмес беле. Бул келиндердин ?ст?-башы жа?ырып, ого бетер сулуу тартышты. Ишмер энелер ?й-б?л?с?н? т?рк?н кийимдерди тигип киришти. Ак келин менен Наз келин кийимди келиштирип тиккен ишмерлер эле алар Торгой атага кымбат терилерден келиштирип тебетей жасап беришти.

– Асыл ата муну кийип алы?ыз,– деди атасына сылык т?рд?.

Ооруп жаткан касиетт? ата тебетейди кийип к?л?п шаттана:

– Кагылайын келиним, мени он жылга жашартты? го, сени Бугу эненин арбагы колдосун,-деп эки алаканын жайып сонун батасын берди.

Бирок Торгой атанын ал-абалы к?н ?тк?н сайын начарлай берди. Кыраакы адам алдыны даана билген пенде эмеспи, кайтаар к?н? баягы ?з? айткан к?нг? туш келип баратты. Муну сезген Беккулу туугандарына айтты:

– Атабыздын абалы начарлоодо, ?з?н?н кереези боюнча, Ала Мышык тоосунун ма?дайындагы Алсейит, Тынымсейит аталар коюулган Арчалуу Булакка коёлу дешти. «Кокус карыя кайтыш болсо, с??кт? унаага ж?кт?п, убара болобуз». Ошондуктан атаны жоош к?л?к жоргого мингизип, к?ч?п ж?р?п отурушту. Малды балдар айдап, к?чк? Майназар, Муса, Жолчоролор к?з салып келатты. Алар Ала Мышык тоосуна жетип, шамалы жок ыктоо жерге к?чт? кондурушту. Кыраакы Торгой ата мунун баарын билип турду. «Баягы менин айткан кереезим боюнча к?ч?п келди» деди.

К?ч?п келген к?н? бийик д?б?г? чыгып, карыя эки жакты ойго батып телмирип карап турду. Жарыктык бул жерде ?тк?рг?н ата-бабаларынын ?м?р?н, ?з?н?н мурунку жаш чагын, дагы кайтып келбес убагын эстеп жаткандыр. Алсыз карыянын бети колу ызгаар суукка ?ш?п, денесине кан ж?г?рб?й калгандай сыяктанды. Ал эки колун же?ине катып, ?ш?г?н кулагын колу менен мыжыга кармалады. Анан ал Ала Мышык тоосун карап кобуранып койду, анын к?з?н? бир нерселер ?р?л-б?р?л к??г?мд?н? к?р?нг?нс?д?. Он алты айры м?й?зд?? бугу эненин элеси тартылды. Бирде бугу бирде элечекчен эненин элеси к?з алдына даана к?р?нг?нс?д?. Касиетт?? баатыр карыянын к?з алдына ошондой элес к?р?нс? к?р?нг?нд?р. Же бугу эне ?з тукумун «чарчады? эми биз менен бол» деп ээрчитип кетип жаткан элестир. Ал Алсейит, Тынымсейит аталары жаткан жерге барып куран т?ш?рд?. «Карганымда балдарымы кыйнабай кете берсем» деп ойлонду

«Элге журтка жыгылып калып уят болбойлу» деп Майназар атасын карап жатты. Жоош ак боз жоргону минип, ата ?й?н карай келаткан экен. Баласы карыяны аттан т?ш?р?п, боз ?йд?н эшигин ачып ?йг? киргизди.

– Бабаларыбыз жаткан жерге куран т?ш?р?п келдим,– деди карыя.

Ошол к?нд?н баштап атанын ден соолугу болбой баратты. Туруп-туруп эле демигет. Бир ж?т?лс? бир далайга ж?т?л?п, тынчы кетет. Балдары ага кайнак жылуу суу ууртатып турду. К?з? ?рг?л?п кетет да, «Куржун, Кыдык, Белек, Бооке» деген с?зд?рд? элес-булас с?йл?п жатты. Анан эле к?з?н бакырайта ачып, « Кайрандарым мени чакырып жатпайбы» дейт. Угуп тургандар жакасын кармап та? калышты. Анан бир кезде к?з?н чо? ачты да:

– Балдарым, менин с?з?м? уккулачы, менин кетеер к?н?м жакындады айтаар кебим ынтымактуу болгула! М?й?зд?? эненин арбагын сыйлап, жер ?ст?нд? жакшы ?м?р с?рг?л?, бирге болбосо?ор ырыскы?ар кетет. Башка эл силерди бат эле каратып алат. Айлана?арда кара кытайлар, уйгурлар, ?збектер жана башка элдер турат. Карыя с?йл?п жатып, алы кетип демикти. К?з? анан илинип уктап кетти. Ошентип бейшембинин к?н?нд?, жуманын т?н?нд? белд?? карыя жалган д?н?д?н чын д?н?г? узап кете берди. Санжырачы карыялар к?н санатын с?р?п келсе, бугу эненин узаган к?н? менен тушма- туш келгенин баамдап чыгышты. Ошонун эле т?н?нд? кыламык кар жаады. Бугу эне да кетеерде ушундай кыламык кар жааган эле. Ошол т?н? наристе балдар т?ш?нд? бугу энени к?р?ш?п анын ?н?н угушуптур. Адамдар шашып-бушуп Торгой атаны чо? боз ?й?н тигишти. Карыяны майрам сууга алып, кыбыланы баштантып жаткырышып, балдар боз ?йд?н тегерегинде «атакелеп» ?к?р?п жатышты. Чабагандар, чар тарапка чапкылап, «белд?? адам ?тт?» деп кабар таратып ж?р?шт?. Кемеге оюулуп, чо? тулга коюулуп, келиндер боорсок бышырып, бата кылып, мал союулуп жатты. Атанын узатуу ариетин кылып алыс жакын тараптан тааныш адамдар, с??к жакындары, кудалар баардыгы келип жатышты. ?ч?л?к, жетилик, кырк ашын берип, сакалын ак баскан молдо дайыма куран окуп турду. Анан башка жылуу жактарга к?ч?п кетишти. Кийинки жылы к?зг? жуук тартканда, мыйзамдын г?л? учуп турганда, мал семирип нык тартканда арбакты эскерип бир жылдык ариетин ?тк?р?шт?. Баардык ариетти ?тк?р??д? Торгойдун баласы Беккулу тикеси менен тик турду. Эл ага аябай ыраазы болду. Ошондон мындай деген ыр калыптыр:

Торгой чалдын ашында,

Беккулу турду башында.

Толгон к?л?к чабылды,

Далай аттар байге алды.

Жарды жалчы этке тоюп,

?й?н? кайтты топоюп,

Ашты жакшы ?тк?рг?н,

Балдарына ырахмат.

?к?м болуп токтобой,

?т??р мезгил ыраактап.

Ошондо ат ?ст?нд? жар чакырган ырчылар жамактап ушул ырды ырдаган экен. Бул ошол узун ырдын бир ?з?м? гана экен. Ырдын калган б?л?г?н карт тарых унуттуруп салыптыр.

БЕККУЛУ АТА

Беккулу деген атадан,

?ч шумкар ?с?п жаралган.

?м?т жанып алдыга,

?ч??н?н ?ч жол тараган.

Беккулу деген атанын,

?ч уулу чыгарды атагын.

?ч??н?н ?ч жол таралып,

Алыска кетти жол алып.

Касиетт?? Торгой ата Беккулудай уулду болоордо бир т?ш к?р?пт?р. Ал кезде Торгой ата Кичи Нарын жерин жердеп турган экен. Ата талаадагы малын к?р?п, келип аялына кайрылат:

– Мал деп ж?р?п, чарчадым го, балдарым болсо ошолор карабайт беле,– кейиди.

- Сен эмнеге кейийси?, кулдары? бар эмеспи, ошолор деле карап жатпайбы.
<< 1 ... 33 34 35 36 37 38 39 40 41 ... 64 >>
На страницу:
37 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров